JW LIBRARY
Плейлисттерди колдонуу
«Өздүк изилдөө» деген жерден видеолордун, аудиолордун, сүрөттөрдүн плейлисттин жаратып алсаңар болот. Мындай кылсаңар болот:
Жакшы көргөн ырларыңардын плейлистин түзүп алгыла
Кызматта колдоно турган видеолор менен сүрөттөрдүн плейлистин түзүп алгыла
Баяндамада колдоно турган сүрөттөрдүн плейлистин түзүп алып, аны аппаратурада отурган ага/инилерге жөнөтүп коё аласыңар
Плейлистти түзүү жана жаратуу
Плейлистти жаратуу
Өздүк изилдөө > Плейлист дегенге киргиле
Плейлист кошуу дегенди тандагыла
Плейлистти жаратуу же Плейлистти импорттоо дегенди баскыла
Плейлистти жаратуу: Плейлистти өзүңөр каалагандай атап, Жаратуу дегенди баскыла
Плейлистти импорттоо: Электрондук каражатыңардагы файлдык браузерди колдонуп жаратылган плейлистти таап, импорттогула
Плейлисте кошуу
Видео, музыка жана тиркемедеги башка аудиолор
Видеону, музыканы же аудиону тандап, оң тарабындагы үч чекитти баскыла
Плейлистке кошуу дегенди баскыла
Мурун эле жаратылган плейлистти тандагыла же Плейлистти жаратуу дегенди басып, жаңы плейлист жараткыла
Тиркемедеги сүрөттөр
Сүрөттү тандагыла
Плейлистке кошуу дегенди баскыла
Мурун эле жаратылган плейлистти тандагыла же Плейлистти жаратуу дегенди басып, жаңы плейлист жараткыла
Башка булактан алынган маалымат
Плейлистке каалаган видеону, аудиону же сүрөттү кошуп алса болот
Плейлист турган жерди ачкыла
Мурун жаратылган плейлистти ачкыла
Файлды импорттоо дегенди баскыла
Видеону, аудиону же сүрөттү таап, импорттоо үчүн электрондук каражатыңардагы файлдык браузерди колдонгула
Плейлистти жөндөө
Өзгөртүү
Плейлисттин аталышын өзгөртүү:
Плейлист турган жерди ачып, атын өзгөрткүңөр келген плейлисттин оң бурчунун жогору жагындагы үч чекитти баскыла. Анан Өзгөртүү дегенди басып, аталышын өзгөрткүлө
Же плейлисттин ичине кирип, жогору жактын оң бурчундагы калемдин сүрөтүн баскыла. Анан аталышын өзгөртсөңөр болот
Плейлисттин ичиндеги нерселердин аталышын өзгөртүү:
Атын өзгөрткүңөр келген нерсенин тандап, оң тарабындагы көп чекитти баскыла
Өзгөртүү дегенди басып, атын өзгөрткүлө
Плейлисттин ичиндеги нерселердин жайгашуусун өзгөртүү
Плейлисттин ичиндеги нерселердин жайгашкан ордун алмаштырыш үчүн ары-бери жылдырсаңар болот
Ойнотуунун башын өзгөртүү
Плейлист ачылганда тизмедеги аудиолор өзүнүн белгилүү бир тартиби боюнча ойнотула баштайт. Бирок ал тартипти Жөндөөлөр деген жерден өзгөртсө болот. Ойнотуу, Тыным деген сунуштар бар.
Ойнотуунун аягын өзгөртүү
Плейлисттеги нерселер ойнотулуп бүткөндөн кийинки иш-аракетти төмөнкүдөй кылып жөндөп койсо болот:
Ойнотуунун аягы дегенди баскыла
Ал жерден башка вариантты тандагыла
Плейлисттин белгилүү бир тартип боюнча аякташы Улантылат. Аны Жөндөөлөр деген жерден өзгөртүп койсо болот.
Ойнотуунун аягы |
Эмне болот? |
---|---|
![]() Улантуу |
Плейлисттеги кийинки нерсеге өтүү |
![]() Токтот |
Плейлисттеги нерселердин тизмесине кайра баруу |
![]() Тындыруу |
Учурда ойнотулуп жаткан нерсе аягына жеткенде тынып, кийинкиси ойнотулуп баштабайт |
![]() Кайталоо |
Ошол эле нерсе кайра башынан ойнотула баштайт |
Плейлистти кесүү
●Кесүү функциясы чоңураак видеонун же аудионун белгүлүү бир бөлүгүн ойнотууга өбөлгө түзөт
Плейлистеги аудионун же видеонун оң жагындагы үч чекитти басып анан Кесүү дегенди тандагыла
Же видео же аудио ойнотулуп жаткан болсо, Жөндөөлөр дегенди басып, Кесүү дегенди тандагыла
Тилкеден кол менен ары бери жылдырып, кесип алгыңар келген бөлүктүн башын жана аягын белгилеп алгыла
Кесип алгыңар келген бөлүктүн башталышын жана аягын так белгилегиңер келсе, бир аз басып тургула
Кесип алган бөлүктү ойнотуш үчүн Ойнтуу дегенди баскыла
Плейлистти жөнөтүү
Плейлистти башкаларга жөнөтүш үчүн Жөнөтүү функциясын колдонсоңор болот
Плейлист турган жерди ачып, жөнөткүңөр келген плейлисттин оң жагындагы көп чекитти баскыла. Анан Жөнөтүү дегенди басып, кандай жол менен жөнөтөрүңөрдү тандагыла
Ал эми плейлисттин ичин ачкан болсоңор, Жөнөтүү дегенди басып, кандай жол менен жөнөтөрүңөрдү тандагыла
Клавиатура менен башкаруу
Плейлисттеги нерселерди клавиатура менен да башкарса болот
Windows |
macOS |
|
---|---|---|
Плейлисттеги буга чейин ойнотулган нерсе |
Бир бет өйдө |
Өйдө караган жебече |
Плейлисттеги мындан кийин ойнотула турган нерсе |
Бир бет ылдый |
Ылдый караган жебече |