кыргыз
JW Library тиркемесинин AndroidTM электрондук каражаттарында иштеши
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/802013031/univ/art/802013031_univ_sqr_xl.jpg

JW Library тиркемесинин AndroidTM электрондук каражаттарында иштеши

JW Library тиркемесинин AndroidTM электрондук каражаттарында иштеши

JW Library тиркемесиндеги функцияларды кантип колдонсо болорун үйрөткөн кыска сабактар жана жакшы кеңештер бар. Алардын силерге пайдалуу болору шексиз. Бул тиркеме жөнүндө көптөр берген суроолордун да жоопторун окуп көрсөңөр болот.

 

 

Эмне жаңыртылды?

2026-жыл, март (15.7 версиясы)

  • Ыйык Китеп ачылган беттеги изилдөө тилкесинен «Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген драманын үзүндүлөрүн көрүүгө болот.

  • Айрым көйгөйлөр, анын ичинде тиркеменин жабылып калышына алып келген көйгөйлөр чечилди.

2025-жыл, декабрь (15.6 версиясы)

  • Адабияттарды, видеолорду же аудиолорду аталышы боюнча табыш үчүн китепканадагы «Издөө» деген функцияны колдонгула.

  • Айрым көйгөйлөр, анын ичинде тиркеменин жабылып калышына алып келген көйгөйлөр чечилди.

  • Тиркеме иштеши үчүн, оперативдик системалар, бери дегенде, төмөнкүдөй болушу керек: Android 8.0, iOS 15, macOS M1 же жаңыраак чип, Windows 10 версиясы 2004 же андан кийинкиси.

2025-жыл, октябрь (15.5 версиясы)

  • Аудио менен видеону ойнотуш үчүн кандай ылдамдык тандалган болсо, тиркемени өчүрүп, кайра күйгүзгөндөн кийин деле ошол ылдамдык турган болот.

  • Видео ойнотулуп жатканда экрандын жогору жагы жашырылган болот. Аны көрүш үчүн экранды басыш керек.

  • Айрым көйгөйлөр, анын ичинде тиркеменин жабылып калышына алып келген көйгөйлөр чечилди.

  • Андроид үчүн операциондук система, бери дегенде, 7.0, iOS үчүн 15, macOS үчүн M1 же андан жаңы болушу керек. Ал эми Windows 10 версиясы үчүн 2004 же андан кийинкиси болушу керек.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

JW Library программасын колдонуу (Android)

JW Library программасын иштетүү системи Android болгон каражаттарда кантип колдонсо болорун окуп көрүңүз.

Ыйык Китептерди жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Android)

Иштетүү системи Android болгон электрондук каражаттардагы JW Library программасына Ыйык Китептерди кантип жүктөп алса жана өзүбүзгө ылайыкташтырса болорун окуп көргүлө.

Адабияттарды жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Android)

Иштетүү системи Android болгон электрондук каражаттардагы JW Library программасына адабияттарды кантип жүктөп алса жана өзүңөргө ылайыкташтырса болорун окуп көргүлө.

Чөпкаттарды коюу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Android)

Android электрондук каражатындагы JW Library программасындагы чөпкаттарды кантип койсо жана өзүбүзгө ылайыкташтырса болорун окуп көргүлө.

Буга чейин ачылгандар деген функцияны колдонуу (Android)

Android электрондук каражатынан JW Library программасындагы буга чейин ачылгандар деген функцияны кантип колдонсо болорун окуп көргүлө.

Программаны окуганга ыңгайлуу кылып жөндөө (Android)

Android электрондук каражаттардагы JW Library программасына андагы маалыматты окуганга ыңгайлуу кылып кантип жөндөп алса болорун окуп көргүлө.

Ыйык Китептен жана адабияттан издөө (Android)

Android электрондук каражаттарындагы JW Library программасындагы издөө функциясын кантип колдонсо болорун окуп көргүлө.

Текстти чийип белгилөө (Android)

Android электрондук каражаттардагы JW Library программасынан текстти кантип чийип белгилесе болорун окуп көргүлө.

App Store дүкөнүнө кирүүгө мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо, JW Library тиркемесин орнотуп алгыла (Android)

JW Library тиркемесин тиркемелердин расмий дүкөнүнөн жүктөй албай жатсаңар, JW Library (Android) пакетин (APK) жүктөп, орнотоуп алсаңар болот.

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW Library тиркемеси (Android)

Көптөрдү кызыктырган суроолордун жообун окуп көргүлө.