Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Ыйык Китептен жана адабияттан издөө (Windows)

Ыйык Китептен жана адабияттан издөө (Windows)

JW Library программасындагы издөө функциясынын жардамы менен Ыйык Китептеги же адабияттагы сөздү же сөз айкашын тапса болот.

Төмөндө ал функцияны кантип колдонсо болоруна байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Ыйык Китептен издөө

Ыйык Китепти окуп жатып кайсы бир сөздү же сөз айкашын издей аласыз.

Ал үчүн Издөө белгисин басып, талаачага издеген сөздү жазыңыз. Жазып жатканда программа сизге ар кандай сөздөрдү сунуштайт. Издөө жыйынтыктарын көрүш үчүн сунушталган сөздөрдүн бирин же клавиатурадагы Enter баскычын басыңыз.

Алар төмөнкү топторго бөлүнөт. Эң көп кездешкени дегенди бассаңыз, жыйынтыктар издеген сөзүңөрдүн эң көп кездешкени боюнча тизмеленет. Бардык аяттар дегенди бассаңыз, аяттар Ыйык Китептеги китептердин жайгашышы боюнча тизмеленет. Макалалар дегенди бассаңыз, сиз издеген сөз кездешкен кириш сөз жана тиркемелер чыгат.

Эгер көп сөз жазсаңыз, так сиз издеген сөз айкашы кездешкен жерлер гана табылышы үчүн, Так ушул сөздү табуу деген жерди белгилеп коюңуз.

 Адабияттан издөө

Адабиятты окуп жатып кайсы бир сөздү же сөз айкашын издей аласыз.

Ал үчүн Издөө белгисин басып, талаачага издеген сөздү жазыңыз. Жазып жатканда программа сизге ар кандай сөздөрдү сунуштайт. Издөө жыйынтыктарын көрүш үчүн сунушталган сөздөрдүн бирин же клавиатурадагы Enter баскычын басыңыз.

Эгер көп сөз жазсаңыз, так сиз издеген сөз айкашы кездешкен жерлер гана табылышы үчүн, Так ушул сөздү табуу деген жерди белгилеп коюңуз.

 Тема боюнча издөө

Эгер «Жазманы түшүнүү» китебин жүктөп алган болсоңуз, анда кайсы бир сөздү тема боюнча издей аласыз. Программадагы кайсы Ыйык Китепти же адабиятты окубаңыз, бул функция иштей берет.

Издөө белгисин басып, талаачага тапкыңыз келген теманы жазыңыз. Жазып жатканда программа сунуштаган сөздөрдүн тизмесинде «Жазманы түшүнүү» китебиндеги темалар да болот. Макаланы ачыш үчүн теманы басыңыз.

Бул функциялар Windows 8.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2014-жылдын октябрь айында чыккан JW Library программасынын 1.3.4 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Windows)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.