Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү патриоттук аземдерге катышпайт?

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү патриоттук аземдерге катышпайт?

 Жахабанын Күбөлөрү мамлекеттерди жана алардын улуттук символдорун сыйлашат. Биз башкалардын патриоттук аземдерге, мисалы, желекке таазим кылуу же улуттук гимнди ырдоо сыяктуу аземдерге катышууга укугу бар деп эсептейбиз жана эч кимге аларды кылууга жолтоо кылбайбыз.

 Бирок Жахабанын Күбөлөрү андай аземдерге катышпайт. Анткени биз алардын Ыйык Китептеги принциптерге каршы келерин билебиз. Биз көз карашы биздикинен айырмаланган адамдардын чечимин сыйлагандай эле, алар да биздин көз карашыбызды, чечимибизди сыйласа, абдан ыраазы болобуз.

Бул макалада:

 Биздин көз карашыбыз Ыйык Китептеги кайсы принциптерге негизделет?

 Биздин чечимибиз төмөндө келтирилген Ыйык Китептеги эки негизги принципке негизделет.

  •   Сыйынуубузга бир гана Кудай татыктуу. Ыйык Китепте: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— делет (Лука 4:8). Ал эми улуттук гимндерде жана улуттук символдорго арналган анттарда өз мекенин аздектөөгө, ага гана берилгендик сактоого үндөгөн убада камтылат. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн абийири ушундай аземдерге катышууга жол бербейт.

     Ошондой эле алар желекке таазим этүүнү Ыйык Китепте айыпталган бурканга табынуучулуктун бир түрү деп эсептешет (1 Корунттуктар 10:14). Айрым окумуштуулар улуттук желектер диний символдорго эле тете болуп калат деп айтышат. Карлтон Хейз a деген бир тарыхчы: «Желектер улутчулдуктун башкы символуна жана адамдар сыйынган негизги нерсеге айланып калган»,— деп жазган. Ал эми Дэниел Маникс деген дагы бир тарыхчы Исанын алгачкы жолдоочулары тууралуу: «Алар Рим императорунун рухуна курмандык чалуудан баш тартышчу. Бүгүнкү күндө желекке b таазим этүүдөн баш тартуу тууралуу да ушуну айтууга болот»,— деп белгилеген.

    Жахабанын Күбөлөрү желекке таазим кылбаса да, аны урматтабаарын көрсөткөн иш-аракеттерди кылбайт. Алсак, аны же улуттук символдорду өрттөбөйт, айрыбайт, тебелеп-тепсебейт же дагы башка ушу сыяктуу иштерди кылышпайт.

  •   Кудайдын алдында бардык адамдар тең (Элчилер 10:34, 35). Ыйык Китепке ылайык, Кудай «бир кишиден бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир элди же улутту башкаларынан жогору коюп, даңазалоо туура эмес деп эсептешет. Биз бардык адамдарды, алар кайсы жерде туулуп-өспөсүн же кайсы жерде жашабасын, урматтап-сыйлайбыз (1 Петир 2:17).

 Патриоттук аземдерге катышуу мыйзам тарабынан талап кылынсачы?

 Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө каршы чыкпайт. Биз бийликтегилерге каршы чыгуу Кудай бекиткен тартипке каршы чыгууга барабар экенин билебиз (Римдиктер 13:1—7). Ошондой эле Кудайдын кызматчылары бийликтегилерге баш ийиши керек деп эсептейбиз (Лука 20:25).

 Ал эми мамлекеттик мыйзамдар Кудайдын мыйзамдарына каршы келип калсачы? Кээде мыйзамга зарыл өзгөрүүлөрдү киргизүүнү суранып, мамлекетке кайрылган учурларыбыз болот c. Бул мүмкүн эмес болсо: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деген принципке ылайык иш кылабыз. Ошол эле учурда бийликтегилерге урмат көрсөтөбүз (Элчилер 5:29).

 Жахабанын Күбөлөрү патриоттук аземдерге катышпоо менен белгилүү бир социалдык же саясий көз карашка карманарын көрсөтөбү?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү социалдык жана саясий маселелерде бейтараптуу болуп, эч бир тарапты жактабайт. Биз желекке таазим кылуудан же улуттук гимн ырдоодон саясий өзгөрүүлөрдү кылгыбыз келген үчүн эмес, андай иш-чаралар Кудайдын көз карашына туура келбегенин билгендиктен баш тартабыз.

a «Essays on Nationalism», 107, 108-б.

b «The Way of the Gladiator», 212-б.