Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. «Туура көз карашта болгондорго» шакирт болууга жардам берүү

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. «Туура көз карашта болгондорго» шакирт болууга жардам берүү

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? «Түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондордун» жүрөгүнө себилген чындыктын үрөнүн Жахаба өстүрөт (Элч 13:48; 1Кр 3:7). Эгер билгендерине ылайык иш кылгандарга жардам берүүгө бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба менен кызматташкан болобуз (1Кр 9:26). Биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандар куткарылыш үчүн Кудайдын кызматчысы катары чөмүлүшү керектигин түшүнүшү зарыл (1Пт 3:21). Биз аларга жашоосунда айрым нерселерди өзгөрткөндү, кабар айтканды жана окутканды үйрөтүп, ошондой эле өмүрүн Жахабага арнаганга түрткү берип Исанын шакирти болууга жардам беребиз (Мт 28:19, 20).

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга изилдөөнүн максаты аларга Жахабаны «таанып-билүүгө» жана ага жагууга жардам берүү экенин эстетип тургула (Жн 17:3)

  • Аларга жаман адаттар же жаман чөйрө сыяктуу тоскоолдуктарды жеңгенди үйрөтүп, рухий жактан өскөнгө жардам бергиле

  • Аларды чөмүлгөнгө чейин жана андан кийин да бекемдеп, дем-күч берип тургула (Элч 14:22)

«ЖАХАБА САГА ЖАРДАМ БЕРЕТ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Кимдир бирөөлөр өмүрүн Кудайга арнагандан жана чөмүлгөндөн эмне үчүн коркушу мүмкүн?

  • Аксакалдар Ыйык Китепти изилдегендерге рухий жактан ийгилик кылууга кантип жардам бере алат?

  • Ышая 41:10дон Жахаба тууралуу эмнени биле алабыз?

  • Жеткилең эмес болсок да, Жахабага жаккандай кызмат кылууга кайсы сапаттар жардам берет?

Шакирт даярдоо ишинде канткенде Жахаба менен кызматташа алабыз?