2 Падышалар 5:1—27

5  Нааман+ Сирия падышасынын улуу, кадыр-барктуу аскер башчысы эле, анткени Жахаба ал аркылуу сириялыктарды душмандарынан куткарган болчу+. Ал күчтүү, эр жүрөк киши эле, бирок пес оорулуу болчу.  Сириялыктардын Ысрайыл жерине жасаган жортуулдарынын+ биринде бир кичинекей кыз да туткундалып келген+ эле. Ал Наамандын аялына кызмат кылып жүргөн.  Бир күнү ал мырзайымына+: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барса+, ал аны пес оорусунан айыктырмак!» — деди+.  Ысрайылдык кыздын айткандарын падышага айтышты+.  Сирия падышасы Нааманга: «Тезинен жөнө! Мен Ысрайыл падышасына кат берип жиберем»,— деди. Нааман он талант* күмүш, алты миң шекел* алтын+, он сыйра кийим+ алып+, жөнөп кетти.  Ал Ысрайыл падышасына барып, катты берди+. Катта: «Пес оорусунан айыктырышың үчүн, мен сага бул кат менен бирге кызматчым Нааманды жиберип жатам»,— деп жазылган эле.  Катты окуур замат Ысрайыл падышасы үстүндөгү кийимин айрып жиберип+: «Бирөөнү өлтүргүдөй же тирилткидей+ мен, эмне, Кудай белем?+ Бул кишини мага пес оорусунан айыктыр деп жибергени кандай?! Көрдүңөрбү, ал бир балээни баштаганы жатат!» — деди+.  Ысрайыл падышасынын үстүндөгү кийимин айрып жибергенин+ укканда чыныгы Кудайдын кишиси Элиша ага: «Эмнеге кийимиңди айрыдың? Ал кишини мага жибер, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин»+,— деп айттырып жиберди.  Нааман аттары, майдан арабалары менен Элишанын үйүнүн алдына келип токтоду. 10  Элиша ага бир кишиси аркылуу: «Айыгып, таза болушуң үчүн+ Иорданга барып, жети жолу+ чумкуп чык»+,— деп айтты. 11  Муну укканда Нааман ачууланып+, артты көздөй бурулду да: «Муну өзү чыгып, Жахаба Кудайынын ысмын чакырып, ооруган жериме колун тийгизип пес оорумдан айыктырат экен десе+... 12  Дамасктагы+ Абана менен Парпар дарыялары Ысрайылдын бардык сууларынан+ артык эмес бекен?! Аларга деле чумкуп тазаланып албайт белем?»+ — деп сүйлөнүп, ачууланган бойдон жөнөп кетти+. 13  Ошондо кызматчылары жанына барып: «Ата+, эгер пайгамбар сизге чоң бир нерсени аткар десе, аны деле аткармаксыз да. Анан анын: „Чумкуп чык, айыгасың“,— деген сөздөрүн аткарбай коёсузбу?» — дешти. 14  Нааман, чыныгы Кудайдын кишиси айткандай, Иорданга барып, жети жолу чумкуду+. Ошондо ал тазаланып+, денеси жаш баланыкындай болуп калды+. 15  Ал өзүн коштоп жүргөн кишилери менен кайра артка кайтып келип+, чыныгы Кудайдын кишисинин алдына барып турду да: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин эми билдим+. Суранам, кулуңдун тартуусун алып кой»,— деди+. 16  Элиша: «Мен кызмат кылган Жахаба тирүү+, тартууңду албайм»,— деди+. Нааман кайра-кайра суранды, бирок Элиша макул болбой койду. 17  Акыры, Нааман: «Андай болсо, кулуңа эки качыр көтөрө алгыдай топурак беришсин+. Анткени кулуң мындан ары Жахабадан башка кудайларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктарды чалбайт+. 18  Болгону, Жахаба кулуңду бир иши үчүн кечирсин: мырзам Римондун үйүнө барып табынганда+ менин колума сүйөнөт+, ошондо Римондун үйүндө мен да таазим кылууга аргасыз болом+. Жахаба кулуңду Римондун үйүндө таазим кылганы үчүн кечирсин»,— деди+. 19  Элиша ага: «Тынчтык менен бара бер»,— деди+. Ал жолго аттанып, бир топ узап кетти. 20  Чыныгы Кудайдын кишиси+ Элишанын кызматчысы Гехази+ ичинен: «Мырзам сириялык Наамандын+ алып келгендерин албай, аны кетирип жиберди. Жахаба тирүү+, артынан чуркап барайын да, өзүмө бир нерсе алып калайын»,— деп ойлоду да+, 21  Наамандын артынан жөнөдү. Нааман артынан бирөө чуркап келатканын көрүп, арабасынан түштү да, алдынан тосуп чыгып: «Баары жайындабы?» — деп сурады+. 22  Тиги: «Баары жайында эле. Мырзам+: „Эпрайымдын тоолуу аймагынан пайгамбар уулдарынан болгон эки жигит келип калыптыр+. Аларга бир талант күмүш, эки сыйра кийим берип койчу“+,— деп жатат»,— деди+. 23  Нааман: «Кааласаң, эки талант ал»,— деди. Анан аны көндүрүп+, эки капка эки талант күмүш, эки сыйра кийим салды да, эки кызматчысына берди. Алар Гехазинин алдына түшүп, каптарды көтөрүп жөнөштү. 24  Опелге жетери менен Гехази алардын колунан каптарды алып, үйүнө койду да+, өзүлөрүн коё берди. Алар жөнөп кетишти. 25  Анан Гехази ичкери кирип, мырзасынын жанына барып турду+. Элиша андан: «Гехази, каякка барып келдиң?» — деп сурады. Ал: «Кулуң эч жакка барган жок»,— деди+. 26  Элиша ага: «Тиги кишинин сенин алдыңан тосуп чыгыш үчүн арабасынан түшкөнүн мени билген жок дейсиңби? Азыр күмүш же кийим, же зайтун багын, же жүзүмзар, же кой, же бодо мал, же кул, же күң алчу убак бекен?+ 27  Наамандын пес оорусу+ сенден жана сенин тукумуңдан түбөлүккө кетпесин»,— деди+. Гехази ошол замат Элишаныкынан чыгып кетти. Ал пес оорусуна чалдыгып, кардай аппак болуп калган эле+.

Шилтемелер

1 талант = 34,2 кг.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.