Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Террорчулук качандыр бир убакта токтойбу?

Террорчулук качандыр бир убакта токтойбу?

 Террордук чабуулдан кийин силерде мындай суроолор туулушу мүмкүн: «Кудайга баары бирби? Эмне үчүн ушундай нерселер болуп жатат? Террорчулук a качандыр бир убакта токтойбу? Мындай коркуу сезими менен мындан ары кантип жашайм?» Ыйык Китеп бул суроолорго ынандырарлык жооп берет.

Кудай террорчулукка кандай карайт?

 Кудай зордук-зомбулук менен террорчулукту жек көрөт (Забур 11:5; Накыл сөздөр 6:16, 17). Иса Машаяк да бир жолу шакирти колуна кылыч алганда аны тыйган (Матай 26:50—52). Айрымдар Кудайдын атын жамынып алып террордук чабуул жасашат. Бирок Кудай аларга андай укук берген эмес. Керек болсо, ал алардын тилегин да кабыл кылбайт (Ышая 1:15).

 Кудай азап тарткандардын баарына, анын ичинде террордук чабуулдан жабыр тарткандарга кам көрөт (Забур 31:7; 1 Петир 5:7). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын зордук-зомбулукту түп-орду менен жок кылары айтылган (Ышая 60:18).

Террорчулуктун тамыры

 Ыйык Китептен террорчулуктун негизги себебин биле алабыз. Бул туурасында анда: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп жазылган (Насаатчы 8:9). Тарых бою атка минерлер башкаларды эзиш үчүн террордук чабуулдарды жасап келишкен. Жабыр тарткан тарап болсо ок атып жооп кайтарган (Насаатчы 7:7).

Террорчулук жок боло турган күн келет!

 Кудай зордук-зомбулукту жок кылып, жерге тынчтык орноторун убада кылган. Ошондо эч нерседен коркпой жашайбыз (Ышая 32:18; Микей 4:3, 4). Ушул ниетин ишке ашырыш үчүн Кудай эмнелерди кылат?

  •   Террорчулуктун тамырын жулат. Кудай адамдардын өкмөтүнүн ордуна өзүнүн өкмөтүн орнотот. Ал бүт дүйнө жүзүн башкарат. Анын Өкүмдары Иса Машаяк баарына адилеттүүлүк менен мамиле кылып, кысымчылыкты, зордук-зомбулукту түп-тамыры менен жоёт (Забур 72:2, 14). Ошондо эч ким террордук чабуул жасабайт. Адам баласы «мол тынчтыкка ырахаттанып» жашайт (Забур 37:10, 11).

  •   Террорчулуктун кесепеттерин жоёт. Кудай террордук чабуулдун залакасын тарткандардын жарааттарын айыктырат (Ышая 65:17; Аян 21:3, 4). Ал жадагалса өлгөндөрдү тирилтерин убада кылган. Тирилгендер тынчтык орногон жер бетинде жыргап-куунап өмүр сүрүшөт (Жакан 5:28, 29).

 Кудай ушунун баарын жакында ишке ашырат. Буга бекем ишенгенге бизде жүйөлүү себептер бар. Анткени мунун баары Ыйык Китепте жазылган. Ошентсе да силер: «Эмне үчүн Кудай ушул убакка чейин террорчулукту жок кылган жок?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Бул суроонун жообун билгиңер келсе, «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деген видеону көрсөңөр болот.

a «Террорчулук» деген сөз элди, айрыкча, тынч жашаган жарандарды коркутуп-үркүтүүнү жана аларга каршы күч колдонууну камтыган иш-аракеттерге карата колдонулат. Террорчулар максатына жетиш үчүн, тагыраак айтканда, өздөрү каалаган диний, саясий же коомдук өзгөрүүлөрдү ишке ашырыш үчүн элди коркутуп-үркүтүшөт же аларга зордук-зомбулук көрсөтүшөт. Бирок кандай иш-аракеттер террордук деп эсептелерине, кандайлары террордук деп эсептелбей турганына байланыштуу ар ким ар кандай ойдо.