Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жахаба Кудайды жана Кудайдын Сөзүн — Ыйык Китепти — сүйгөндөргө

Иса пайгамбар: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жакан 8:32). Ыйык Китепте камтылган чындыкты эң алгачкы жолу окуганыңарда кандай сезимде болдуңар эле? Жалгандыкка толгон бул дүйнөдө чындыкты тапканыбыз жүрөк толкутарлык болгон (2 Тиметей 3:1).

Жахаба Кудай ар бир адамдын чындыкты таанып-билишин каалайт. Башкаларды сүйгөндүктөн биз чындыкты аларга да айткыбыз келет. Бирок Кудайга кызмат кылып коюу эле жетишсиз. Жахабанын принциптерин терең урматтагандыктан Исанын жолдоочулары катары жашаш үчүн биз бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Иса пайгамбар Кудайды сүйөрүбүздү далилдөөнүн маанилүү жолун түшүндүргөн. Ал мындай деген: «Мен Атамдын осуяттарын аткарып, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар, сүйүүмдөн айрылбайсыңар» (Жакан 15:10).

Иса Машаяк Атасын чындап сүйөт жана ал айткандын баарын аткарат. Андан үлгү алып жашасак, Жахаба Кудай бизди да сүйөт, өзүбүз да чындап бактылуу болобуз. Иса пайгамбар: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жакан 13:17).

Бул адабият силерге Ыйык Китептеги чындыкка ылайык жашаганга үйрөнүүгө жана Кудай менен дос болгонго жардам берет деп үмүттөнөбүз. Биз силердин Кудайга болгон сүйүүңөрдүн өсө беришин жана түбөлүк өмүрдү күтүп жатып «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып» калбашыңарды сурап Кудайдан тиленебиз (Жүйүт 21).

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши