Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?

Ыйык Китепте камтылган принциптер менен адеп-ахлак нормалар Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга жардам берет.

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Жахаба Кудайды сүйгөндөрдүн баарын анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, жазылган чындыкка ылайык жашоого үйрөнүүгө чакырат.

1-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсү түбөлүктүү

Кудай менен болгон мамилебизди бекем сакташ үчүн күч-аракет талап кылынат. Бул жагынан бизге эмне жардам берет?

2-БӨЛҮМ

Кудайдын алдында абийирди таза сактоо

Жашоодо туура багыт алышыбыз үчүн Кудай ар бирибизге абийир берген.

3-БӨЛҮМ

Кудайды сүйгөндөр менен достошкула

Досторубуз бизге же жакшы, же жаман таасир этет. Жакшы досторду тапканга Ыйык Китептеги принциптер кандайча жардам берет?

4-БӨЛҮМ

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

Үй-бүлөдөгү, жыйналыштагы жана мамлекеттик бийликти урматтоого орчундуу себеп бар.

5-БӨЛҮМ

Канткенде дүйнөгө таандык болбойбуз?

Иса пайгамбар шакирттерине алардын бул дүйнөгө таандык эмес экенин айткан. «Дүйнө» деген эмне жана Исанын жолдоочулары эмне үчүн «дүйнөгө» таандык болбошу керек?

6-БӨЛҮМ

Кудайга кантип көңүл ачканыбыз жагат?

Көңүл ачууну жакшы жери да, чириги да бар жемишке салыштырса болот. Канткенде көңүл ачуунун туура түрүн тандап, жамандарынан оолак боло алабыз?

7-БӨЛҮМ

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңарбы?

Ыйык Китепте өмүр менен канга байланыштуу туура чечим чыгарганга жардам берген кайсы принциптер бар?

8-БӨЛҮМ

Жахаба таза болушубузду каалайт

Кудайдын тазалыкка байланыштуу нормалары тулку боюбуздун, кийимибиздин, үйүбүздүн тазалыгына эле тиешелүү эмес. Кудайдын алдында таза болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

9-БӨЛҮМ

«Бузуктуктан качкыла»

Бузуктук деген эмне жана андан кантип кача алабыз?

10-БӨЛҮМ

Нике — Кудайдын белеги

Үй-бүлө куруунун кандай жакшы жактары бар? Кантип жакшы жар тапса болот? Үй-бүлө бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керек?

11-БӨЛҮМ

Тойдун эртеси

Ар бир эле үй-бүлөдө өйдө-төмөн болот. Чоң кыйынчылыктарга туш болгон жубайлар да мамилесин оңдоп, никесин бекемдей алышкан.

12-БӨЛҮМ

«Бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»

Сөзүбүз башкаларга жакшы же жаман таасир этиши мүмкүн. Жахаба Кудай сүйлөө жөндөмүбүздү туура колдонууну үйрөтүп келет.

13-БӨЛҮМ

Майрамдардын баары эле Кудайга жагабы?

Учурда майрамдар бүт дүйнө жүзү боюнча жашоонун ажырагыс бөлүгү. Аларга Кудай кандай караарын түшүнгөнгө эмне жардам берет?

14-БӨЛҮМ

Бардык жагынан чынчыл болгула

Жашообуздун кайсы 4 тармагында чынчыл болуу кыйынга турарын жана чынчыл болуунун пайдалуу жактары жөнүндө окуп көргүлө.

15-БӨЛҮМ

Эмгегиңер кубаныч тартууласын

Кудай жумушубуздан канааттануу алышыбызды каалайт. Жумушубуз көбүрөөк жагымдуу болушу үчүн эмне кылсак болот? Исанын жолдоочулары кайсы жумуштарда иштешпейт?

16-БӨЛҮМ

Шайтанга каршы тургула

Биз Шайтан башкарган дүйнөдө жашап жатабыз. Канткенде Кудай менен болгон мамилебизди бекем сактап, анын душманына каршы тура алабыз?

17-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбагыла

Ыйык Китепти жазганга катышкан бир киши Кудайга ишенгендерди: «Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»,— деп үндөгөн. Муну кантип кылсаңар болот?

Тиркеме

«Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» деген китептеги сөздөр менен сөз айкаштарынын түшүндүрмөлөрү