Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52-САБАК

Жахабанын оттой жалындаган аскери

Жахабанын оттой жалындаган аскери

Сириянын падышасы Бенадат Ысрайылга согуш ачкан. Бирок Элиша пайгамбар дайыма эскертип тургандыктан, Ысрайыл падышасы душмандын колуна түшкөн эмес. Ошондуктан Бенадат Элишаны кармагысы келген. Анын Дотан шаарында жүргөнүн билгенде ал кишилерин аны кармап келүүгө жөнөткөн.

Сириялыктар Дотанга түн ичинде келишкен. Эртеси эртең менен Элишанын кызматчысы сыртка чыгып, шаардын сансыз жоокерлердин курчоосунда калганын көргөн. Ал коркконунан: «Мырзам, эми эмне кылабыз?» — деп кыйкырып жиберген. Элиша аны: «Алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп»,— деп тынчтандырган. Жахаба ошол замат Элишанын кызматчысынын көзүн ачкан. Ошондо ал шаарды курчап турган тоолордун оттой жалындаган майдан арабалар менен аттарга толуп калганын көргөн.

Сириялык жоокерлер Элишага жакындап келатканда, ал Жахабадан: «Буларды сокур кылып койчу»,— деп тиленген. Кызыктуусу, алар көзү көрүп турса да, кайсы жерде турганын билбей калышкан. Элиша аларга: «Силер башка шаарга келип алыптырсыңар. Менин артыман жүргүлө, издеп жүргөн кишиңерге алып барайын»,— деген. Анан аларды Ысрайыл падышасы жашаган Самарияга ээрчитип жөнөгөн.

Акыры, сириялыктар Самарияга келип калганын түшүнүшкөн. Бирок алар эчтеке кыла алышмак эмес. Аларды көрүп, Ысрайыл падышасы Элишадан: «Буларды өлтүрөйүнбү?» — деп сураган. Элиша мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнө жамандык ойлогондордон өч алганбы? Жок. Ал падышага: «Өлтүрбө. Буларга тамак бер да, кайра үйүнө жөнөт»,— деген. Ошондо падыша алар үчүн чоң той өткөрүп, анан үйлөрүнө коё берген.

«Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз» (1 Жакан 5:14)