Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-САБАК

Жахабага арналган ибадаткана

Жахабага арналган ибадаткана

Сулайман Ысрайылга падыша болгондон кийин, Жахаба андан: «Айт, сага эмне берейин?» — деп сураган. Сулайман: «Мен али жашмын, эмне кылышты билбейм. Элиңе кам көрүшүм үчүн, мага акылмандык бер»,— деген. Ошондо Жахаба: «Акылмандык сураганың үчүн, сен жер жүзүндөгү эң акылдуу адам болосуң. Ошондой эле сага көп байлык берем. Эгер тилимди алсаң, өмүрүңдү да узун кылам»,— деп айткан.

Сулайман ибадаткананы кура баштаган. Ал алтындын, күмүштүн, жыгачтын, таштын эң мыктысын колдонгон. Ибадатканадагы иштерге миңдеген жөндөмдүү эркек-аялдар катышкан. Ошентип, жети жылдан кийин ибадаткана курулуп бүтүп, аны Жахабага арноого убакыт келип жеткен. Ал жакта курмандык жайы бар болчу. Анын үстүндө курмандыктар турган. Сулайман курмандык жайынын жанында тизелеп: «Оо, Жахаба, бул ибадаткана сен үчүн анчалык деле чоң эмес, анчалык деле кооз эмес. Ошентсе да сыйынуубузду кабыл алып, тиленүүбүздү уга көр»,— деп тиленген. Жахаба ибадатканага жана Сулаймандын тиленүүсүнө кандай караган? Сулайман тиленип бүтөрү менен, асмандан от түшүп, курмандыктарды жалмап кеткен. Бул ибадаткананын Жахабага жакканын көрсөткөн. Ысрайылдыктар муну көргөндө абдан сүйүнүшкөн.

Сулайман падышанын акылмандыгы тууралуу Ысрайылдын булуң-бурчуна, атүгүл тээ алыскы өлкөлөргө чейин жеткен. Көптөр ага кыйынчылыктарын чечүүгө жардам беришин сурап келишчү. Ал тургай, Шебанын канышасы аны оор суроолорду берип сынаш үчүн келген. Суроолоруна жооп алгандан кийин ал: «Башкалар сен тууралуу айтканда, ишенген эмес элем. Көрсө, сен мен уккандан да акылдуу экенсиң. Сага Жахаба Кудайың батасын берип жатат»,— деген. Ал убакта ысрайыл эли жыргап-куунап жашаган. Бирок жагдай өзгөргөнү жаткан.

«Бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар» (Матай 12:42)