Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жакырчылык болбогон заман келеби?

Кудай жакырчылыкты кантип жоёт? (Матай 6:9, 10)

Жыл сайын жакырчылыктын айынан миллиондогондор чала тоют болуп, ооруга чалдыгып, өмүрүнөн айрылууда. Айрым өлкөлөр өркүндөп жатканы менен, адамзаттын басымдуу бөлүгү дагы деле жакырчылыкта жашайт. Ыйык Китепте жакырчылыктын дайыма болуп келгени айтылат. (Окугула: Жакан 12:8.)

Жакырчылыкты жоюш үчүн дүйнө ресурстарын туура бөлүштүрө ала тургандай дүйнөлүк өкмөт керек. Андан тышкары, ал өкмөт жакырчылыктын негизги себеби болгон согуштарды токто алгыдай болушу керек. Кудай так ошондой өкмөт орноторун убада кылган. (Окугула: Даниел 2:44.)

Жакырчылыкты ким жоё алат?

Кудай адамзатты башкарууга өз Уулун, Иса Машаякты, дайындаган (Забур 2:4—8). Ал жакырларды куткарат жана кысымчылыкты, зордук-зомбулукту токтотот. (Окугула: Забур 72:8, 12—14.)

«Тынчтыктын төрөсү» деп аталган Иса Машаяк жерге тынчтык жана бейкуттук орнотот. Ошол заманда ар бир кишинин өз үйү, канааттануу тартуулаган жумушу болот, тамак-аш да мол болот. (Окугула: Ышая 9:6, 7; 65:21—23.)