КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА
«Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары... айкын көрүнүп турат»
Силер Кудайга ишенесиңерби? Эгер ишенсеңер, анын бар экенин далилдей аласыңарбы? Акылман, күчтүү жана мээримдүү Жараткандын бар экендигине айкын далилдер бар. Аларга эмнелер кирет жана алар канчалык жүйөлүү? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, элчи Пабылдын Иса Машаяктын Римдеги жолдоочуларына жазган катындагы сөздөрдү карап чыгалы.
Ал: «Анын [Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот. Ошондуктан ал адамдар актана алышпайт»,— деген (Римдиктер 1:20). Ооба, элчи Пабыл баса белгилегендей, Кудайдын колунан бүткөн нерселерден ал жөнүндө биле алабыз. Эмесе, анын айткандарына кеңири токтололу.
Ал Кудайдын сапаттары «дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турарын» айткан. Бул жердеги «дүйнө» деп которулган грек сөзү Жер планетасына эмес, адамзатка карата айтылган *. Демек, элчи Пабыл жаралган күндөн тартып эле адамзат Кудайдын колунан бүткөн нерселерден анын сапаттарын көрө алмактыгын айтайын деген.
Кудайдын сапаттары табияттан «айкын көрүнүп турат», аны байкабай коюу мүмкүн эмес. Чоң нерселерден тартып кичинекей нерселерге чейин Жараткандын бар экенин эле эмес, анын сонун сапаттары бар экенин далилдеп турат. Табияттын кереметтүүлүгү Кудайдын акылман экенин көрсөтүп турган жокпу? Жымыңдаган жылдыздарга толгон асман жана долуланган толкундар Кудайдын кудуреттүү күчүнөн кабар бербейби? Бизге ыракат тартуулаган даамдуу тамак-аштын ар түрдүүлүгү жана күндүн жаркырап чыгып, көздүн жоосун алып батканы Кудайдын адамзатты сүйөрүнүн далили эмеспи? (Забур 104:24; Ышая 40:26).
Жараткандын бар экени канчалык айкын көрүнүп турат? Муну айгинелеген далилдер ушунчалык айкын көрүнүп тургандыктан аларды көрбөгөндөр жана Кудайга ишенбегендер «актана алышпайт». Бир окумуштуу муну бир мисалга салыштырган. Мисалда бир шопур «Айланып өтмө — солго бурул» деген жол белгиге көңүл бурбай жол эрежесин бузат. МАИ кызматкери аны токтотуп, айып пул салат. Шопур болсо жол белгисин көрбөгөнүн айтып актана баштайт. Бирок анын актанышына негиз жок болчу, себеби жол белгиси даана көрүнгүдөй жерде турган, ошондой эле шопурдун көзү деле жакшы көрчү. Анын үстүнө, ал жол белгисин көрүп, ага көңүл бурууга милдеттүү эле. Анын сыңарындай, Кудайдын бар экени табияттан айкын көрүнүп турат. Табиятка байкоо салып ой жүгүрткөндө, айдоочу жол белгини көргөн сымал, биз Кудайдын бар экенин көрсөткөн «белгилерди», башкача айтканда, далилдерди көрөбүз. Аларга көңүл бурбаганыбыз актанууга себеп боло албайт.
Кудайдын колунан бүткөн нерселерден ал жөнүндө биле алабыз
Ырас, жаратылыштан Жараткан Кудай жөнүндө көп нерсе билебиз. Бирок Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берген бир китеп бар, ал — Ыйык Китеп. Андан «Кудай жерди жана адамдарды кандай ой-ниет менен жараткан?» деген маанилүү суроого жооп ала алабыз. Мунун аркасында бизди курчап турган табияттан «көзгө көрүнбөгөн сапаттары» «айкын көрүнүп турган» Кудайга жакындайбыз.
Августта Ыйык Китепти окуу:
^ 5-абз. Ошондой эле Ыйык Китепте «дүйнөнүн» күнөөлүү жана куткаруучуга муктаж экени айтылат. Мындан айрым учурларда ал сөз жерге эмес, адамзатка карата айтылганын көрүүгө болот (Жакан 1:29; 4:42; 12:47).