Жакан 12:1—50
12 Куткарылуу майрамына алты күн калганда, Иса Бетанияга, Лазарды+ тирилткен айылга, барды.
2 Ал жерде аны кечки тамакка чакырышты. Лазар башкаларга кошулуп, Иса менен бирге дасторконго отурду. Марта болсо конокторду тейлеп жүрдү.+
3 Ошол убакта Мариям 300 граммдай жыпар жыттуу май — абдан кымбат таза нард* — алып келди да, Исанын бутуна куюп, чачы менен сүртө баштады. Бүт үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып чыкты.+
4 Ошондо шакирттердин бири, Исага чыккынчылык кылууну ойлонуштуруп жүргөн Жүйүт Искариот:+
5 «Бул жыпар жыттуу майды 300 динарга* сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болбойт беле?» — деди.
6 Бирок ал муну жакырлардын камын ойлогон үчүн эмес, ууру болгондуктан айтты. Анткени акча салынган куту анда болгондуктан, ал түшкөн акчадан уурдап жүрчү.
7 Иса ага: «Муну жайына кой, ушул кааданы аткарып, денемди көргө коюла турган күнгө даярдасын.+
8 Анткени жакырлар дайыма жаныңарда болот,+ мен болсо дайыма эле жаныңарда боло бербейм»,+— деди.
9 Исанын ошол жерде экенин билгенде көптөгөн жүйүттөр аны эле эмес, ал тирилткен Лазарды да көргөнү келишти.+
10 Ошондо жогорку дин кызматчылар Лазарды да өлтүрөбүз деп сүйлөшүштү,
11 анткени ал жерге келген жүйүттөрдүн көптөрү Лазарды көрүп Исага ишенип калышкан эле.+
12 Майрамга келген эл кийинки күнү Исанын Иерусалимге келатканын укканда
13 колдоруна курма дарагынын бутактарын алып, алдынан тосуп чыгышты. Алар: «Оо, Кудай, суранабыз, муну сактай көр! Жахабанын атынан келатканга, Ысрайылдын Падышасына+ анын батасы тийсин!»+ — деп кыйкырып жатышты.
14 Иса болсо бир кодик таап, ага минип келаткан эле.+ Бул жөнүндө Ыйык Жазмада:
15 «Коркпо, Сион кызы*. Мына, падышаң кодик минип келатат»,— деп жазылган.+
16 Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Иса даңкка бөлөнгөндөн кийин,+ алар Ыйык Жазмада Иса тууралуу кандай жазылса, элдин ошондо так ошондой кылганын эстешти.+
17 Исанын Лазарды мүрзөдөн чакырып,+ тирилткенин көргөндөр ошол жөнүндө айтып жүрүшкөн.+
18 Бул керемет жөнүндө уккан эл ошон үчүн да Исаны тосуп чыккан эле.
19 Фарисейлер болсо өз ара: «Көрдүңөрбү, колубуздан эч нерсе келбей калды. Бүт дүйнө аны ээрчип кетти!»+ — деп жатышты.
20 Кудайга сыйыныш үчүн майрамга келгендердин арасында гректер да бар эле.
21 Алар Галилеянын Бетсаида шаарынан болгон Филипке+ келип: «Биз Исаны көрөлү дедик эле»,— дешти.
22 Филип барып, бул жөнүндө Андреске айтты. Анан экөө Исага барып айтышты.
23 Бирок Иса: «Адам Уулунун даңкталар убагы келди.+
24 Силерге чындыкты айтып коёюн, эгер буудайдын даны жерге түшүп, чирибесе*, бир эле дан бойдон калат. Эгер чирисе*,+ көп түшүм берет.
25 Ким өз жанын жакшы көрсө, андан айрылат. Ал эми ким бул дүйнөдө жанынан айрылганга даяр болсо*,+ аны сактап калат жана түбөлүк өмүр алат.+
26 Ким мага кызмат кылгысы келсе, мени ээрчисин. Мен каерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот.+ Ким мага кызмат кылса, Атам ага урмат көрсөтөт.
27 Жаным кыйналып турат.+ Эмне дейин? „Ата, мени ушул кыйын учурдан куткара көр.+ Бирок мен жерге ушул үчүн келгем.
28 Ата, өз ысмыңды даңкта”»,— деди. Ошондо асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,+— деген үн+ угулду.
29 Муну укканда ошол жерде тургандардын айрымдары: «Күн күркүрөдү»,— десе, башкалары: «Ага периште сүйлөдү»,— дешти.
30 Иса аларга: «Бул үн мен үчүн эмес, силер үчүн угулду.
31 Кудай бул дүйнөнү соттой турган убак келди. Эми ал бул дүйнөнүн башкаруучусун+ кууп жиберет.+
32 Мен болсо устунга кадалгандан кийин*+ ар кандай адамдарды өзүмө тартам»,— деди.
33 Ал өзүнүн кантип өлөрүн билдириш үчүн ошентип айтты.+
34 Ошондо чогулгандар андан: «Биз Мыйзамда Машаяктын түбөлүк жашай турганы жөнүндө айтылганын укканбыз.+ Анда адам Уулу устунга кадалышы керек дегениңди кандай түшүнсө болот?+ Адам Уулу деген ким?» — деп сурашты.
35 Иса: «Жарык араңарда дагы бир аз убакыт болот. Силерди караңгылык каптап калбашы үчүн, жарык барда, жарыкта жүргүлө. Караңгылыкта жүргөн киши кайда баратканын билбейт.+
36 Араңарда жарык барда, ага ишенгиле. Ошондо жарыктын уулдары болосуңар»,+— деди.
Ушуларды айткандан кийин ал жерден кетип, жашынып калды.
37 Иса алардын көз алдында аябай көп керемет жасаса да, алар ага ишенишкен жок.
38 Ошентип, Ышая пайгамбардын: «Жахаба, бизден уккан нерсеге ким ишенди?+ Жахабанын күчү* кимге көрсөтүлдү?» — деген сөздөрү аткарылды.+
39 Алардын эмне себептен ишенбегени жөнүндө Ышая:
40 «Ал алардын көздөрү сокур, жүрөктөрү катуу болуп калышына жол берип койгон. Ошондуктан көрүшпөйт, айтылгандардын мааниси жүрөгүнө жетпейт. Алар жаман жолунан кайтышпайт, ал да аларды айыктырбайт»,— деп да айткан.+
41 Ышая Машаяктын даңкка* бөлөнгөнүн көргөндүктөн ал жөнүндө ушинтип айткан.+
42 Атүгүл башкаруучулардын арасынан да көптөр Исага ишенип калышты.+ Бирок фарисейлерден улам бул жөнүндө ачык билдиришкен жок, анткени сыйынуу жайынан чыгарылып* калгандан коркушту.+
43 Алар Кудайга жакканга караганда адамдарга жакканды артык көрүштү.+
44 Иса үнүн бийик чыгарып: «Ким мага ишенсе, мага эле эмес, мени жибергенге да ишенген болот.+
45 Ким мени көрсө, мени жибергенди да көргөн болот.+
46 Мага ишенгендердин бири да караңгылыкта калбашы үчүн,+ мен дүйнөгө жарык сыяктуу келдим.+
47 Бирок менин сөздөрүмдү угуп, аткарбагандарды соттобойм, анткени мен дүйнөнү соттош үчүн эмес, куткарыш үчүн келгем.+
48 Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албагандарды соттой турган сот бар. Аларды мен айткан сөз акыркы күнү соттойт.
49 Анткени мен өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени окутушум керектигин мага мени жиберген Атам осуят кылган.+
50 Ал эми анын осуятын аткаруу түбөлүк өмүргө жеткирерин билем.+ Ошондуктан Атам эмне десе, ошону айтып жатам»,+— деди.
Шилтемелер
^ Сыягы, Гималай тоолорунда өскөн жыпар жыттуу өсүмдүктөн жасалган май.
^ Римдиктердин күмүш тыйыны. 1 динар жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон. Б14 тиркемесин кара.
^ Бул поэтикалык сөз айкашы Сион тоосунда жайгашкан Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдириши мүмкүн.
^ Сөзмө-сөз: «өлбөсө».
^ Сөзмө-сөз: «өлсө».
^ Сөзмө-сөз: «жанын жек көрсө».
^ Же: «мени жерден көтөрүшкөндөн кийин».
^ Сөзмө-сөз: «билеги».
^ Б. а. Исанын жерге келгенге чейин Жахабанын жанында жүргөндө ээ болгон даңкы.
^ Бул жүйүттөрдүн жамаатынан толугу менен чыгып калууну билдирген.