Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда аялдар окутабы?

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда аялдар окутабы?

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда миллиондогон аял кишилер кызмат кылат. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар тараткан Жахабанын Күбөлөрүнүн көпчүлүгүн аялзаты түзөт. Бул жөнүндө Ыйык Китепте алдын ала мындай деп айтылган: «Жахабадан сөз чыгат; жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт» (Забур 68:11).

Бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн арасындагы аялдардын аткарган кызматы башка диндердеги аялдардын кылган кызматынан кыйла айырмаланат. Эмнеси менен айырмаланат?

Алардын кызматын айырмалап турган нерсе алардын угуучулары десек болот. Христиан дининдеги аял дин кызматчылар өздөрүнүн жыйналыштарында жетекчилик кылышат жана алардын угуучуларын, негизинен, алардын жыйналыштарына келгендер түзөт. Ал эми Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмундагы аялдардын угуучуларын жыйналыштагы адамдар эмес, үйдөн үйгө же башка жакта кабар айтып жүргөндө жолуктурган адамдар түзөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн арасындагы аялдарды башка диндеги аялдардан айырмалап турган дагы бир нерсе — алардын жыйналыштагы орду. Христиан дүйнөсүндө жана башка диндерде аялдар чиркөөгө келгендерге башчылык кылып, аларга өздөрүнүн дининдеги окууларды үйрөтүшөт. Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда болсо аял киши жыйналыштарда чөмүлгөн эркектин көзүнчө окутпайт. Алардын жыйналыштарында башкаларды окутуу жоопкерчилиги эркектерге гана артылган (1 Тиметей 3:2; Жакып 3:1).

Ыйык Китепте жыйналышта көзөмөлчү болууга эркектердин гана дайындалганы айтылат. Кудайдын Пабыл деген кызматчысынын Тит деген көзөмөлчүгө жазган сөздөрүнө токтолуп көрөлү. Ал Титке: «Мен сени Критке... ар бир шаарда аксакалдарды дайындашың үчүн калтыргам»,— деп айткан. Ошондой эле дайындалган ар бир аксакал жөнүндө: «Аксакалдар башкалар айыптай албаган, бир эле аялы бар адамдардан болсун»,— деген (Тит 1:5, 6). Андан сырткары, элчи Пабыл Тиметей деген көзөмөлчүгө жазган катында: «Ким [кайсы бир эркек] көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат»,— деп айткан. Андан соң «көзөмөлчү эч ким айыптай албаган, бир эле аялы бар,.. окутууга жөндөмдүү» адамдардан болушу керектигин айткан (1 Тиметей 3:1, 2).

Эмне үчүн жыйналыштарды көзөмөлдөөгө эркектер гана дайындалат? Элчи Пабыл: «Аял кишинин окутушуна да, эркекти башкарышына да тыюу салам; ал унчукпасын. Анткени адегенде Адам, андан кийин Обо жаратылган»,— деген (1 Тиметей 2:12, 13). Демек, Кудайдын эркекти биринчи жаратканынан, анын эрки боюнча, жыйналыштарда эркек окутушу жана жетекчиликти колго алышы керектигин билүүгө болот.

Жахаба Кудайдын кызматчылары Жол башчысы Иса Машаяктан үлгү алышат. Иса Машаяктын шакирти болгон Лука анын кызматы жөнүндө: «Иса шаарларды, айылдарды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтып жүрдү»,— деп жазган. Кийинчерээк Иса Машаяк өзүнүн шакирттерин ошол эле ишти аткарууга жөнөткөн. Алар да «айыл-кыштактарды кыдырып, бардык жерде жакшы кабар жарыялашкан» (Лука 8:1; 9:2—6).

Бүгүнкү күнү Жахаба Кудайга кызмат кылган эркектер да, аялдар да Иса Машаяктын: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылып жатышат (Матай 24:14).