Забур 68:1—35

Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр. 68  Кудай ордунан турсун+, душмандары туш тарапка чачырасын+,Аны жек көргөндөр качсын+.  Аларды түтүндөй кылып таратып жибер+.Ыймансыздар отко эриген момдой болуп+,Кудайдын алдынан жок болуп кетишсин+.  Ал эми адилдер сүйүнүшсүн+,Кудай алдында шаттанышсын+,Сүйүнүп, кубанычка бөлөнүшсүн+.  Кудайга ырдагыла, анын ысмын даңктап ырдагыла+,Чөлдүү талааларда Баратканга ыр ырдагыла+,Анын ысмы — Жах*, анын алдында сүйүнгүлө+.  Ыйык турагындагы Кудай+Жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу+.  Кудай жалгыздарды үйлүү-жайлуу кылат+,Ал туткундарды бошотуп, жыргалга бөлөйт+,Ал эми өжөрлөр куйкаланган жерде жашашат+.  Оо, Кудай, сен элиңди жетектеп баратканда+,Чөл кезип баратканыңда+, (Села)  Жер титиреген+.Кудайдын алдында асмандан жаан себелеген+,Бул Синай Кудайдын+, Ысрайылдын Кудайынын+, алдында солкулдаган.  Оо, Кудай, сен нөшөр төккөнсүң+,Алсырап турган мурасыңа кубат бергенсиң+. 10  Элиң кош жайып, чатырларда жашаган+,Оо, Кудай, сен жакшылыгың менен ал чатырларды бей-бечарага даярдагансың+. 11  Жахабадан сөз чыгат+;Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт+. 12  Аскерлердин башында турган падышалар да качат, алар качышат+,Ал эми үйдө отурган аял олжо бөлүшөт+. 13  Силер үйүлгөн күлдө жатсаңар да,Күмүш канаттуу,Саргыч-жашыл алтын жүндүү көгүчкөндөй болосуңар*+. 14  Кудурети Күчтүү бул жердеги падышаларды туш тарапка чачыратып жибергенде+,Салмондо кар жаай баштаган+. 15  Башан тоолуу аймагы+ — Кудайдын тоосу+,Башан тоолуу аймагы — бийик чокулуу тоо+. 16  Эмне үчүн силер, бийик чокулуу тоолор,Кудай жашагысы келген тоого көз артып карайсыңар?+Жахаба ал тоодо түбөлүк жашайт+. 17  Кудайдын майдан арабалары он миңдеп, миң-миңдеп саналат+,Жахаба өзү Синайдан ыйык жерине келди+. 18  Сен жогоруга көтөрүлдүң+,Туткундарды алып кеттиң+,Адам түрүндөгү белектерди алдың+,Өжөрлөрдү да алдың+, оо, Жах Кудай, сен алардын арасында болосуң+. 19  Жүгүбүздү күн сайын көтөрүп жүргөн Жахаба+,Бизди куткарган чыныгы Кудай даңкталсын+. (Села) 20  Чыныгы Кудай — бизди куткаруу үчүн иш-аракет кылган Кудай+,Өлүмдөн кутулуунун жолдору Жахабага, Эгедер Теңирге+, таандык+. 21  Кудай душмандарынын башын+,Күнөөгө батып жүргөндөрдүн чачтуу төбөсүн жанчыйт+. 22  Жахаба мындай деди: «Мен аларды Башандан кайра алып келем+,Деңиз тереңдиктеринен чыгарам+. 23  Сен бутуңду канга жууйсуң+,Иттериң душмандарыңдын канын жалайт»+. 24  Оо, Кудай, алар сенин салтанаттуу жүрүштөрүңдү көрүшкөн+.Кудайымдын, Падышамдын, ыйык жерине бараткан жүрүштөрүн көрүшкөн+. 25  Алдыда ырчылар, алардын артында кыл аспап черткендер+,Ортодо дап каккан кыздар баратышкан+. 26  Ысрайылдын Булагынан өмүр алгандар+,Чоң жыйындарда Жахаба Кудайды даңктагыла+. 27  Чакан Бенжемин уруусу+,Эли шаңга бөлөнгөн Жүйүт төрөлөрү,Забулун төрөлөрү, Напталы төрөлөрү далайларды баш ийдирет+. 28  Кудайыңдын буйругу боюнча, сага күч берилет+,Оо, Кудай, бизге көрсөтүп келген күчүңдү көрсөт+. 29  Иерусалимдеги ибадатканаң үчүн+Падышалар сага белек алып келишет+. 30  Камыш арасындагы жапайы айбанды+, букалардын тобун, элдердин торпокторун жоошут+.Алардын ар бири күмүштү тебелейт+.Согушту жакшы көргөн элдерди чачып жибер+. 31  Мисирден коло буюмдар келет+,Куш* белек кармаган колун дароо Кудайга созот+. 32  Жер жүзүнүн падышалыктары, Кудайга ырдагыла+,Жахабаны даңктап ырдагыла! (Села) 33  Ал байыркы асмандын асманында баратат+,Мына! Анын үнү, кубаттуу үнү угулуп жатат+. 34  Кудайдын күчтүү экенин билгиле+.Анын улуулугу Ысрайылдын үстүндө, күчү булуттардын ичинде+. 35  Кудай улуу ыйык жайынан чыкканда коркуу сезимин туудурат+,Ал — Ысрайылдын Кудайы. Ал өз элине кудурет-күч берет+.Кудайга даңк!+

Шилтемелер

«Жахаба» деген ысымдын кыскартылган түрү. Кара: 2-тирк.
Бул алардын баалуу металлдардан жасалган көгүчкөндү олжого аларын да билдириши мүмкүн.
Эфиопия.