Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жусуптун биртуугандарындай болуп көрө албастык кылба

Жусуптун биртуугандарындай болуп көрө албастык кылба

Балдарыңарды үйрөткүлө

Жусуптун биртуугандарындай болуп көрө албастык кылба

КӨРӨ АЛБАСТЫК деген кандай болот? Башкалар жакшы, сулуу же акылдуу деп мактай берген кимдир бирөөнү көп жактыра бербесиңди байкадың беле? * ~ Кимдир бирөөнү көрө албаганда ошондой сезимдер пайда болот.

Ата-эне бир баласына караганда экинчисин көбүрөөк жакшы көрсө, балдардын ортосунда көрө албастык пайда болушу мүмкүн. Ыйык Китепте бир атанын балдары көрө албастыктын айынан жаман ишке барганы айтылат. Кел эмесе, алардын көрө албастыгы кандай кыйынчылыктарды туудурганын жана алар менен болгон окуядан кандай сабак ала аларыбызды карап көрөлү.

Жусуп Жакыптын 11чи баласы эле. Анын 10 биртууганы ага көрө албастык кыла баштайт. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени Жакып Жусупту өзгөчө жакшы көрчү. Ал ага кооз көйнөк тиктирип берген. Жусуп «анын карыганда көргөн уулу» жана сүйүктүү аялы Рахелден көргөн биринчи баласы эле.

Жусуп атасынын жакшы көргөн уулу болгондуктан биртуугандары аны жек көрүп калышат. Бир күнү Жусуп биртуугандары менен атасы ага келип жүгүнүп, таазим этип жатышканын түш көрөт. Ал түшүн үйүндөгүлөрүнө айтып берет. Ошондо анын биртуугандары аны «ого бетер жек көрүп калышат», атүгүл атасы Жакып аны айткан түшү үчүн урушуп коёт (Башталыш 37:1—11).

Арадан убакыт өтүп, Жусуп 17ге толот. Ошол кездерде анын биртуугандары атасынын кой-эчкилерин алыс жактарга барып жайышчу. Күндөрдүн биринде Жакып Жусупту агаларынын ал-жайын билип келүүгө жиберет. Жусуптун келатканын көргөндө, биртуугандарынын көбүндө кандай арам ой пайда болгонун билесиңби? ~ Рубейин менен Жүйүттөн башкасынын баары аны өлтүргүсү келишет.

Ал ортодо Мисирге бараткан кербенчилер өтүп калат. Ошондо Жүйүт: «Жүргүлө, аны сатып жиберели»,— дейт. Алар ошондой кылышат. Анан бир текени союп, Жусуптун кийимин канга малышат. Анын кийимин Жакыпка алып барышканда, ал: «Кайран, Жусубум ай, жырткычка жем болгон турбайсыңбы...» — деп боздоп ыйлайт (Башталыш 37:12—36).

Убакыттын өтүшү менен Жусуп Мисир жеринин падышасынын — фараондун — жактыруусуна ээ болот. Эмне үчүн дегенде, ал Кудайдын жардамы менен фараондун эки түшүн чечмелеп берет. Фараон биринчи түшүндө жети семиз уй менен жети арык уйду көрөт. Экинчисинде болсо бадырайган жети баш буудай менен кургап, чүрүшүп калган жети буудайды көрөт. Жусуп ал эки түштү чечмелеп, мол түшүмдүү жети жылдан кийин жети жыл ачарчылык болорун айтат. Фараон ачарчылык келгенге чейин токчулук маалында түшүмдү жыйноого жана сактоого Жусупту башчы кылып дайындайт.

Жети жылдан кийин, айтылгандай эле, ачарчылык болот. Жусуптун алыста жашаган үй-бүлөсүнүн да тамак-ашы түгөнөт. Жакып Жусуптун баягы он агасын Мисирге тамак-аш алып келүү үчүн жөнөтөт. Ошентип, алар Жусуптун алдына келишет, бирок аны таанышпайт. Жусуп болсо биртуугандарын таанып, өзүнүн ким экенин айтпай туруп, аларды текшерип көрөт. Анан алардын өзгөрүлгөнүн, ага кылган кыянаттыгы үчүн өкүнүп жаткандарын көргөндө өзүнүн Жусуп экенин айтат. Ошондо биртуугандары аны кайрадан көргөнүнө аябай сүйүнүшөт (Башталыш 40—45-бөлүмдөр).

Ыйык Китепте жазылган бул окуядан кандай сабак алдың? ~ Көрө албастык көптөгөн кыйынчылыктарга алып келет, бул жаман сапат атүгүл өз биртууганыңа жамандык кылууга түртөт! Кел, Элчилер 5:17, 18ди жана Элчилер 7:54—59-аяттарды окуп, Исанын жолдоочулары башкалардын көрө албастыгынын айынан кандай азап чеккенин карап көрөлү. ~ Бул аяттардан окуганыбыздай, көрө албастыктан эмне себептен сак болушубуз керек? ~

Жусуп 110 жыл жашаган. Ал балдарын чоңойтуп, балдарынын балдарын, небере-чөбүрөлөрүн көргөн. Жусуп аларды бири-бирин жакшы көрүүгө чакырып, аларга көрө албастыктан сак болууну көп жолу айтып, үйрөтсө керек (Башталыш 50:22, 23, 26).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.

Суроолор:

❍ Көрө албастык кандай болот?

❍ Көрө албастыктын айынан Жусуптун биртуугандары ага кандай жамандык кылышкан?

❍ Жусуп эмне себептен биртуугандарын кечирген?

❍ Бул окуядан кандай сабак алсак болот?