Башталыш 50:1—26
50 Ошондо Жусуп атасынын үстүнө жыгылып+, аны өпкүлөп, ыйлай баштады+.
2 Анан кызматчыларына, дарыгерлерге, атасын бальзамдоону* буйрук кылды+. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.
3 Буга кырк күн кетти, анткени алар ушунча күн бальзамдашчу. Мисирликтер Жакыпты жоктоп жетимиш күн ыйлашты+.
4 Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктаганда, Жусуп фараондун үйүндөгүлөрүнө мындай деди: «Эгер көз алдыңарда ырайым тапкан болсом+, фараонго менин атымдан мындай деп айткыла:
5 „Атам: “Менин көзүм өтүп баратат+. Мени Канаан жеринде+ өзүм даярдап койгон жерге кой”+ — деп, мага ант бердирткен эле+. Ошондуктан барып, атамды коюп келгенге уруксат эт, кайра кайтып келем“».
6 Фараон ага: «Барып, берген антыңа ылайык, атаңды коюп кел»,— деди+.
7 Ошондо Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун бүт кызматчылары, анын үйүндөгү аксакалдар+ менен Мисир жеринин бардык аксакалдары,
8 Жусуптун үй-бүлөсү менен бир туугандары, атасынын үйүндөгүлөрү+ да кошо жөнөштү. Гошен жеринде балдар, майда мал менен бодо мал гана калды.
9 Жусуп менен бирге арабалар+ менен атчандар да жөнөшкөндүктөн, бараткан элдин саны абдан көп болду.
10 Алар Иордандын жанындагы+ Атат кырманына+ жетип, абдан катуу өкүрүп ыйлашты. Жусуп атасын жоктоп, жети күн аза күттү+.
11 Алардын Атат кырманынын жанында аза күтүп жатканын көргөндө ал жердин тургундары, канаандыктар: «Мисирликтер катуу аза күтүп жатышат»,— дешти. Ошондуктан Иордандын жанындагы ал жерди+ Абыл-Мизрайым* деп аташты.
12 Жакыптын уулдары баарын атасы айткандай кылышты+.
13 Алар анын сөөгүн Канаан жерине алып барып, Мамренин тушундагы Махпела талаасындагы үңкүргө коюшту+. Ал талааны Ыбрайым сөөк коюш үчүн Хеттин тукумдарынан болгон Эпрондон сатып алган эле.
14 Атасын койгондон кийин Жусуп бир туугандары жана атасын көмгөнү баргандар менен бирге Мисирге кайтып келди.
15 Атасы өлгөндөн кийин, Жусуптун бир туугандары бири-бирине: «Ким билет, балким, Жусуп бизге кек сактап жүргөндүр?+ Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсе+, эмне кылабыз?» — дешти.
16 Ошол себептен ага мындай деп айттырып жиберишти: «Өлөр алдында атаң:
17 „Жусупка: “Бир туугандарыңдын айыбын, сага ушундай жамандык кылып күнөө кылышканын+ кечире көр”+,— деп айткыла“,— деген. Ошондуктан атаңдын Кудайынын кызматчыларынын айыбын кечире көр»+. Алардын бул сөздөрүн укканда Жусуп ыйлап жиберди.
18 Анан бир туугандары да келип, анын алдында чөк түшүп: «Биз сенин кулдарыңбыз!» — дешти+.
19 Жусуп аларга: «Коркпогула. Мен, эмне, Кудай белем?+
20 Силер мага жамандык кылууну ойлогонсуңар. Бирок, азыр өзүңөр көрүп тургандай, көптөрдүн өмүрүн сактап калыш үчүн Кудай аны жакшылыкка айлантты+.
21 Андыктан коркпогула. Мен силерди да, бала-бакыраңарды да тамак-аш менен камсыз кылып турам»+,— деди. Ушуларды айтып, Жусуп аларды сооротуп, тынчтандырды.
22 Жусуп да, атасынын үйүндөгүлөрү да Мисирде жашап калышты. Жусуп 110 жашка чыкты.
23 Ал Эпрайымдын уулдарынын үчүнчү тукумуна чейин+, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин+ уулдарын да көрдү. Жусуп үчүн алар өз балдарындай болду*+.
24 Акырында Жусуп бир туугандарына: «Өлөр күнүмө аз калды. Бирок Кудай силерге сөзсүз назарын салат+. Ал силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка убада кылган жерге алып барат»,— деди+.
25 Ал Ысрайыл уулдарына: «Кудай силерге сөзсүз назарын салат. Ошондо менин сөөгүмдү бул жактан алып чыккыла»,— деп айтты да, аларга ант бердиртти+.
26 Ошентип, Жусуп 110 жашында Мисирде көз жумду. Анын денесин бальзамдап+, табытка салып коюшту.
Шилтемелер
^ Өлгөн кишинин денесине, бузулуудан сакташ үчүн, жыпар жыттуу май сыяктуу заттарды сыйпоо.
^ Мааниси: «мисирликтердин аза күтүүсү».
^ Сөзмө-сөз: «Алар Жусуптун тизесине төрөлүштү».