Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бир адамдын кадыр-баркы урматталат

Ар бир адамдын кадыр-баркы урматталат

Ар бир адамдын кадыр-баркы урматталат

«Биз ар бир адамдын кадыр-баркы дайыма урматтала турган жаңы дүйнөнү — алда канча жакшы дүйнөнү — курушубуз керек». АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ГАРРИ ТРУМЭН (САН-ФРАНЦИСКО, КАЛИФОРНИЯ, АКШ, 1945-жылдын 25-апрели)

ЭКИНЧИ дүйнөлүк согуштан кийин президент Трумэн жана башка көптөгөн инсандар адам баласынын өткөндөн сабак аларына, баарынын кадыр-баркы урматтала турган «жаңы дүйнөнү» орноторуна ишенишкен. Бирок алардын үмүтү акталбай, адамдын кадыр-баркы ушу күнгө дейре тебеленип-тепселип келет. Анткени бул көйгөйдүн башкы себепкери — адам эмес, анын эң каардуу душманы.

Көйгөйдүн башкы себепкери

Ыйык Китепте бул душман Шайтан Ибилис деп аталат. Ал — адамзат тарыхынын башталышынан бери Кудайдын бийлик жүргүзүү укугуна шек келтирип келаткан каардуу рухий жаратуу. Шайтан Эйден багында Обо менен сүйлөшкөн учурдан тартып адамдарды Жахабадан баш тарттырууга умтулуп келет (Башталыш 3:1—5). Адам менен Обо Ибилистин тилине кирип, кандай гана каргашалуу натыйжаларга дуушар болушканын ойлоп көрсөңөр! Мисалы, тыюу салынган жемиштен жеп, Жараткандын мыйзамын бузушканда, алар ошол замат «Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып... жашынып калышкан». Эмне үчүн? Адам: «Коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым»,— деп айткан (Башталыш 3:8—10). Анын асмандагы Атасы менен болгон мамилеси жана өзүнө карата болгон көзкарашы өзгөрүп калгандыктан, ал уялып, Жахабанын алдында өзүн ыңгайсыз сезген.

Эмне үчүн Шайтан Адамдын өзүн өзү сыйлоо сезимине терс таасир эткиси келген? Адамдар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган. Эгер алар өзүн өзү сыйлабай калса, Кудайдын даңкын чагылдырбай калышарын Шайтан билет. Ошондуктан ал адамдардын кемсинтип-басынтылышын каалайт (Башталыш 1:27; Римдиктерге 3:23). Бул бизге тарыхта адамдын кадыр-баркы тебеленген учурлардын эмне себептен көп болгонун түшүнүүгө жардам берет. «Бул дүйнөнүн төрөсү» Ибилис андай рухтун өкүм сүрүшүнө, «адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтиришине» өбөлгө түзүп келет (2 Корунттуктарга 4:4; Насаатчы 8:9; 1 Жакан 5:19). Анда бул инсандык кадыр-барктын таптакыр урматталбай турганын билдиреби?

Жахаба адамдардын кадыр-баркын сыйлайт

Адам менен Обонун күнөө кылганга чейин Эйден багында кандай шарттарда жашаганын элестетсеңер. Алар мол тамак-ашка, канааттандырарлык ишке жана укум-тукуму менен чың денсоолукта чексиз өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан (Башталыш 1:28). Алардын жашоосунан Кудайдын адамдарды сүйөрү жана аларды жогору баалаары айкын көрүнгөн.

Адам менен Обо жеткилеңдигинен айрылгандан кийин, Жахабанын адам баласынын кадыр-баркына болгон көзкарашы өзгөргөнбү? Жок. Кудай аларда жылаңачтыктан улам уялуу сезими пайда болгонун эске алган. Ошондуктан сүйүүсүнөн улам аларга анжыр жалбырактарынан жасалган алжапкычтарынын ордуна териден кийим жасап берген (Башталыш 3:7, 21). Жахаба биринчи түгөйдү уятсыздыкта калтырбай, алардын кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн.

Кийин Жахаба ысрайыл элинин арасында башкаларга караганда көбүрөөк запкы жеген жетим-жесирлерге, келгиндерге боор оруу менен мамиле кылган (Забур 71:13). Мисалы, Кудай ысрайылдыктарга эгиндин, зайтундун, жүзүмдүн түшүмүн жыйнаганда калып калгандарын «келгинге, жетимге, жесирге калтырууну» буйруган (Мыйзам 24:19—21). Эл бул мыйзамдарды аткарганда, эң кедей адамдар да татыктуу жумуш менен камсыз болуп, эч ким кайыр сурамак эмес.

Ыйса башкалардын кадыр-баркын сыйлаган

Кудайдын Уулу Ыйса Машайак да башкалардын кадыр-баркын сыйлаган. Маселен, бир жолу Галилеяда анын жанына пес оорусунан азап чегип жүргөн адам келген. Мусанын Мыйзамына ылайык, пес оорусу менен ооругандар илдетин башкаларга жугузбаш үчүн: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырууга тийиш болушкан (Лебилер 13:45). Бирок тиги адам Ыйсанын жанына баратканда кыйкырган эмес. Ал анын бутуна жыгылып: «Эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың»,— деп жалынган (Лука 5:12). Ыйса кандай жооп кайтарган? Ал пес оорулуу адамды Мыйзамды бузганы үчүн жемелеген эмес, андан оолактаган да эмес. Тескерисинче, анын кадыр-баркын сыйлагандыктан, ага колун тийгизип: «Каалайм, таза бол»,— деген (Лука 5:13).

Башка учурларда Ыйса адамдарды кол тийгизбей, кээде алыстан туруп эле айыктыра алган. Бирок бул жолу ал пес оорулуу адамга колун тийгизүүнү туура көргөн (Матай 15:21—28; Марк 10:51, 52; Лука 7:1—10). «Бүт денеси пес болгон» ал адамдын жанына көп жыл бою эч ким жакын басып келбегени шексиз. Денесине кайрадан кимдир бирөөнүн кол тийгизгени ал үчүн кандай гана жагымдуу болгон! Анын самаганы пес оорусунан айыгуу болчу. Бирок Ыйса андан да көптү кылган. Ал пес оорулуу адамды айыктырууда өзгөчө мамилеси менен ага кайрадан өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болууга жардам берген. Бүгүнкү күндө адамдар кантип бири-бирине ошондой урмат-сый менен мамиле кыла алышат?

«Алтын эреже»

Ыйса адамдардын ортосундагы мамилелерге карата мыкты эреже берген; көптөр аны эң атактуу насаат деп эсептешет. «Адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген Ыйса (Матай 7:12). Көп учурда «алтын эреже» деп аталган бул принцип башкаларды сыйлоого түрткү берет жана алардын да ошондой мамиле кыларына үмүттөндүрөт.

Тарыхтан көрүнүп тургандай, бул эрежени иш жүзүндө колдонуу оңой эмес. Тескерисинче, адамдар бири-бирине жаман мамиле кылууга жакын келишет. «Мен башкаларды кемсинткенди жакшы көрчүмүн»,— дейт бир киши (атын Харолд деп коёлу). Ал: «Эки ооз сөз менен эле башкаларды таарынтып, ыңгайсыз абалда калтырып, айрым учурларда ыйлаганга чейин жеткирчүмүн»,— деп эскерет. Бирок башкаларга кылган мамилесин өзгөртүүгө ага эмне түрткү берген? Анын үйүнө Жахабанын Күбөлөрү келе баштаган. «Аларга ошол убакта айткан сөздөрүмдү, кылган мамилемди эстесем, азыр уялам. Бирок алар мага келгенин токтотуп коюшкан жок. Бара-бара ыйык китептик чындыктар жүрөгүмдү козгоп, өзгөрүүгө түрткү берди»,— дейт Харолд. Ал бүгүн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында аксакал болуп кызмат кылат.

Бул мисалдан көрүнүп тургандай, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт» (Эврейлерге 4:12). Кудай Сөзү адамдын жүрөгүнө таасир этерлик күчкө ээ жана анын ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун өзгөртө алат. Демек, башкалардын кадыр-баркын сыйлоо үчүн, алардын көңүлүн оорутууну эмес, жардам берүүнү, кемсинтүүнү эмес, урмат көрсөтүүнү чын ыкластан каалаганыбыз маанилүү (Элчилер 20:35; Римдиктерге 12:10).

Ар бир адамдын кадыр-баркы урматтала турган убак

Ошол каалоо Жахабанын Күбөлөрүнө Ыйык Китепте камтылган кереметтүү үмүт жөнүндө башка адамдарга айтып берүүгө түрткү берет (Элчилер 5:42). Адамдын кадыр-баркын сыйлоонун жана урмат көрсөтүүнүн эң мыкты жолу — аны менен жакшы кабарды бөлүшүү (Ышайа 52:7). Жакшы кабарды уккан адам «жаңы табиятка» кийинип, «жаман каалоолорду... жок кылуунун» аркасында башкаларды кемсинтпөөгө түрткү алат (Колосалыктарга 3:5—10). Жакында Жахаба өзүнүн ой-ниетине ылайык адамдардын кадыр-баркы тебеленбегидей шарттарды түзүп, бул көйгөйдүн башкы себепкери болгон Шайтан Ибилисти жок кылат (Даниел 2:44; Матай 6:9, 10; Аян 20:1, 2, 10). Ошондон кийин «жер Кудайдын билимине толуп», ар бир адамдын кадыр-баркы урматтала турган заман келет (Ышайа 11:9).

Биз силерди бул кереметтүү үмүт тууралуу көбүрөөк билүүгө чакырабыз. Жахабанын Күбөлөрү менен пикирлешүүдөн силер ыйык китептик принциптерди иш жүзүндө колдонуу башкалардын кадыр-баркын урматтоого жардам берерин көрөсүңөр. Ошондой эле жакында «ар бир адамдын кадыр-баркы дайыма урматтала турган жаңы дүйнөнү — алда канча жакшы дүйнөнү» Кудайдын Падышалыгы кантип орноторун биле аласыңар.

[3-беттеги сүрөт]

Ыйса өзү айыктырган адамдардын кадыр-баркын сыйлаган