Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жарык чачкан кальмар

Жарык чачкан кальмар

ТҮНКҮСҮН аңчылык кылган Гавайиде байырлаган кальмар (Euprymna scolopes) жарыкты башкаларга көрүнүш үчүн эмес, тескерисинче, ай менен ай, жылдыз менен жылдыз болуп, көрүнбөй калыш үчүн чыгарат. Анын ошондой жөндөмдүүлүгүнүн сыры жарык чыгарган бактериялар менен шериктеш болгонунда. Алардын шериктештигинде адамдар өз пайдасына колдоно ала турган нерселер бар. Алар биздин ден соолугубузга пайдалуу болушу ыктымал.

Көңүл бурсаңар: Ал кальмар Гавайи аралдарынын жээгиндеги таза сууларда жашайт. Ай менен жылдыздардын жарыгынан улам көлөкөсү түшкөндүктөн, ал жандык суунун ылдыйкы катмарындагы жырткычтарга дароо эле байкалып, жем болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ал ич көңдөйүнөн жарык толкунунун узундугу да, интенсивдүүлүгү да ай менен жылдыздардыкына окшогон жарык чыгарат. Натыйжада анын карааны да көрүнбөйт, көлөкөсү да түшпөйт. Кальмардын андай «алдыңкы технологиялык» аппаратында, тактап айтканда, жарык чыгарган органында керектүү жарык чыгарып, кожоюнун коркунучтан коргоп турган биолюминесценттүү бактериялар жашайт.

Ал бактериялар кальмардын уйку менен сергек абалда болуу режимин да жөнгө салып турушу ыктымал. Бул окумуштууларды аябагандай кызыктырып келет, анткени алар бактериялар менен суткалык ритмдердин (организмдин чөйрөнүн циклдуу өзгөрүшүнө жараша ыңгайлашуусу) ортосундагы байланыш кальмардан башка жандыктарда да бар деген ойдо. Мисалы, сүт эмүүчүлөрдүн сиңирүү процессинде маанилүү ролду ойногон бактериялар алардын суткалык ритмдерине да таасир этиши ыктымал. Ошол ритмдердин бузулушу депрессияга, кант диабетине, ашыкча салмактуулукка жана уйкунун бузулушуна себеп болот. Мына ошондуктан Гавайиде байырлаган кальмардын ичинде жашаган бактерияларды изилдөө адамдардын ден соолугун жакшыртууга жардам бериши ыктымал.

Кандай деп ойлойсуңар? Бул кальмардын жарык чыгарган органы эволюциянын аркасында пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?