Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Эль-Сальвадорго саякат

Эль-Сальвадорго саякат

МЫНДАН 500 жыл мурун, Эль-Сальвадорду испаниялыктар басып алганга чейин, ошол жерлик калкты бийлеген бир уруу ал жерди Кускатлан деп атачу. Бул «асыл таштардын жери» дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө Эль-Сальвадордо ошол жерлик байыркы уруулар менен европалыктардын ортосунан чыккандар жашашат.

Сальвадорлуктар абдан эмгекчил болушат жана киши менен тез эле жуурулушуп кетишет. Алар абдан сылык келишет, ошондой эле башкаларды урматтап-сыйлап турушат. Сальвадорлуктар буэнос диас (кутмандуу таңыңар менен) же буэнос тардес (кутмандуу күнүңөр менен) деп учурашмайын сөз башташпайт. Айыл жергесинде жана чакан шаарларда саламдашпай өтүп кетүүнү өөн көрүшөт.

Эль-Сальвадордун тарыхына чоң таасир эткен кофе

Сальвадордун элинин эң жакшы көргөн тамагы — пупуса — жүгөрү же болбосо күрүч ундан жасалган тортильяга, каламага, сыр менен төө бурчакты, чочконун этин же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди ороп жасаган тамак. Аны көбүнчө томаттан жасалган соус жана куртидо менен — капуста, сабиз, пияз жана ар кандай татымалдар кошулган уксустун аралашмасы менен — жешет. Айрымдар пупусаны бычак-вилка менен жешет, бирок жергиликтүү калк адатта аны кол менен жейт.

Сальвадорлуктардын жакшы көргөн пупусасы

Лос Терсуос шаркыратмасы, Сучитото

 БИЛЕСИҢЕРБИ? Эль-Сальвадорду жанар тоолордун мекени деп коюшат. Ал жакта айрымдары азыр да аракетте болгон 20дан ашуун жанар тоо бар. Эль-Сальвадордо жанар тоонун атылышынын натыйжасында пайда болгон алты бурчтуу устун сымал таштардан турган тектирлүү аска бар. Ал аскадан Лос Терсуос деп аталган шаркыратма агып турат.

Эль-Сальвадордо 700дөй жыйналышты түзгөн 38 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Алар испан, англис жана сальвадор жаңдоо тилинде сүйлөгөн 43 000дей кишиге Ыйык Китепти изилдеп, Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берип жатышат.