ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР
Лихтенштейнге саякат
ДҮЙНӨ жүзүндөгү эң кичинекей өлкөлөрдүн бири болуп саналган бул өлкө Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын ортосунда жайгашкан. Кылымдар бою бул аймакта кельттер, реторомандар, римдиктер жана алеманндар жашап өткөн. Учурда жергиликтүү калктын үчтөн эки бөлүгүн 1 500дөй жыл мурун ушул жерге отурукташкан алеманн уруусунун урпактары түзөт.
Лихтенштейндин расмий тили — немис тили, бирок ар кайсы айылдарда ар кандай диалекттер бар. Улуттук тамактары — жүгөрү унунан жасалган ботко (Tüarka-rebel) жана сыр кошулуп жасалган камыр тамак (Käsknöpfle).
Өлкөнүн жаратылышын көргөнү келгендер чокусун кар баскан тоолорго, көк шиберлүү өрөөндөргө, жүзүмзарларга жана түркүн өсүмдүктөргө суктана алышат. Мисалы, бул кичинекей Альп өлкөсүндө жапайы орхидейлердин 50гө жакын түрү өсөт. Ошондой эле музейлер, театрлар жана шарап чыгарган заводдор бар. Ошондуктан жайы-кышы туристтер үзүлбөйт.
Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялоодо.
Лихтенштейнде Жахабанын Күбөлөрү 1920-жылдардан тартып эле бар. Азыр алардын 90го жакыны жергиликтүү калкка жана келгиндерге