Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Үй жөргөмүшүнүн желеси

Үй жөргөмүшүнүн желеси

АМЕРИКА үй жөргөмүшү (Parasteatoda tepidariorum) дубалга бекем жабышкан же жерден оңой ажырай турган желе токуй алат. Ушундайча ал курт-кумурскаларды тузагына түшүрүп, азыгына айлантат. Ал жөргөмүш бир эле структурадагы жабышкак желесинин бир нерсеге жабышып турган жипчелерин эмненин аркасында бекем жабышып тургандай кылып жана оңой эле ажырай тургандай кылып жасай алат?

Желенин дубалга жабышкан жипчелери

Көңүл бурсаңар: Жөргөмүш дубалга, тамдын шыбына же ушу сыяктуу бийик жерлерге чымын-чиркейлер түшүп, бошоно албай кала турган өтө жабышкак желе тартат. Акрон университетинин (АКШ, Огайо штаты) окумуштуулары жөргөмүштүн желесинин жерге бириккен жериндеги жипчелеринин түзүлүшү таптакыр башкача экендигин аныкташкан. Дубалга тартылган желенин дубалга жабышкан жипчелеринен айырмаланып, жерге тартылган желенин жерге жабышкан жипчелери жерден оңой эле ажырайт. Алар олжо түшөрү менен жерден дароо ажырап, бир аз өйдө көтөрүлүп калат.

Желенин жерге жабышкан жипчелери

Акрон университетинин билдирүүсүнө ылайык, табияттагы бул кереметти ачкан окумуштуулар «учурда үй жөргөмүшүнүн желе токуу ыкмасын туурап, жасалма жабышкак заттарды жасоонун үстүнөн иштеп жатышат». Алар бинттерди жасоодо да, сынган сөөктөрдү бириктирүүдө да колдонула турган жабышкак заттарды ойлоп табууга умтулууда.

Кандай деп ойлойсуңар? Бир эле структурадагы жабышкак желесинин бир нерсеге жабышып турган жипчелерин бекем жабышып тургандай кылып жана оңой эле ажырай тургандай кылып жасай алган үй жөргөмүшү эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?