Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

  МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Жалпыга маалымдоо каражаттарына ишенесиңерби?

Жалпыга маалымдоо каражаттарына ишенесиңерби?

КӨПТӨР гезит-журналдарда жазылгандарга, жаңылыктардан айтылгандарга ишене беришпейт. Мисалы, Кошмо Штаттардагы сурамжылоо жүргүзгөн Гэллап институту 2012-жылы коомчулуктан гезиттеги, телевизордогу, радиодогу жаңылыктардын так, калыс, баары эске алынып берилерине канчалык деңгээлде ишенерин сурашкан. 10 кишинин 6сы «көп ишене бербесин» же «такыр эле ишенбей турганын» айткан. Алардын ушундай көз карашта болгонунун жөнү барбы?

Көптөгөн журналисттер менен уюмдар так, маңыздуу маалыматтарды бергенге аракет кылышат. Ошентсе да баарына эле ишене берүүдөн сак болуу зарыл. Эмесе, келгиле, төмөндө айтылгандарга көңүл буралы.

  • МЕДИАМАГНАТТАР Кичине, бирок таасири күчтүү көптөгөн корпорациялардын өздүк жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Алардын ээлери, медиамагнаттар, кандай маалымат берилерине, анын кантип жана канчалык деңгээлде жарыяланарына зор таасир этет. Корпорациялардын көбү пайда көрүү максатында түзүлгөндүктөн жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат даярдоодо экономикалык кызыкчылыктарын көздөшөт. Алардын киреше алышына тоскоол кылышы мүмкүн болгон маалыматтар адатта айтылбайт.

  • БИЙЛИКТЕГИЛЕР Жалпыга маалымдоо каражаттарынан көбүнчө элдин жашоосу жана өкмөттүн иштери тууралуу билебиз. Бийлик төбөлдөрү жалпы элди алардын саясатын, өкүлдөрүн колдоого чакырышат. Журналисттер маалыматты бийликтегилерден алгандыктан алардын бийликтеги маалымат берген кишилер менен кызматташкан учурлары болот.

  •  ЖАРНАМАЛОО Көп жерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши акчасыз жүрбөйт жана кирешесинин көбү жарнамадан түшөт. АКШда журналдардын кирешесинин 50—60 пайызын, гезиттердин кирешесинин 80 пайызын, коммерциялык телевидениелердин жана радиолордун кирешесинин 100 пайызын жарнамадан түшкөн акча түзөт. Албетте, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарнама бергендер товарын же жүргүзгөн ишин жакшы кылып көрсөтпөгөн программалардын демөөрчүсү болгусу келбейт. Алар, эгер кайсы бир маалымдоо каражатынан айтылган маалымат жакпаса, башкасын тандап алышат. Ошондуктан материалдын чыгышына жооптуу кишилер демөөрчүлөрүнө карата терс көз карашты пайда кыла турган маалыматтарды чыгарышпайт.

  • АЛДОО Кабарчылардын баары эле чынчыл эмес. Айрымдары кайсы бир окуяны ойдон чыгарып коюшат. Алсак, бир нече жыл мурда жапониялык бир кабарчы суу түбүндө сүзүүчүлөрдүн Окинава аралдарындагы кораллдарга зыян келтирип жатканын маалымдагысы келген. Зыян тарткан бир да коралл таппай, айрымдарына өзү залал келтирип, сүрөткө тартып алган. Учурда элди алдаш үчүн сүрөттөрдү да өзгөртүп коюу оңой. Сүрөттү өзгөрткөн технологиялар аябай өнүккөндүктөн, сүрөттүн өзгөртүлгөн-өзгөртүлбөгөнүн айырмалоо кээде дээрлик мүмкүн эмес.

  • КААЛАГАНЫНДАЙ КАЛЧОО Атүгүл фактылар өзгөрүлгүс болгон күндө да, журналисттер аларды өздөрү каалагандай калчап айтып коюшат. Алар баяндаган окуяларга кандай фактыларды кошушат, эмнелерди алып салышат? Бир мисал келтирсек, футбол командасы дарбазасына эки гол өткөрүп, утулуп калат. Бул — факт. Бирок алардын эмне үчүн утулуп калганын журналисттер ар кандай кылып айтып беришет.

  • АЛЫП САЛУУ Журналисттер фактылардын негизинде элге кызыктуу материал даярдоо үчүн татаал же суроолорду жарата турган маалыматтарды көп учурда алып салышат. Натыйжада кээ бир нерселер көбүртүп-жабыртылып, айрымдарына болсо анча маани берилбей калат. Кээде дикторлор менен кабарчылар кайсы бир окуяны кыска убакыттын же бир мүнөттүн ичинде айтыш керек болгондуктан, кээ бир маанилүү нерселер айтылбай калат.

  •  АТААНДАШУУ Акыркы он жылдыктарда телестанциялар абдан көбөйгөндүктөн, адамдар бир каналды көпкө чейин көрбөй деле калды. Ошо себептен жаңылык берген телестанциялар көрүүчүлөрдү тартыш үчүн өзгөчөлөнгөн же көңүл ача турган программаларды бергенге аргасыз болушат. Бир китепте: «[Телевидениеден] дээрлик ар дайым үрөйдү учурган же бүйүрдү кызыткан маалыматтар берилет жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн кыска убакытка болсо да тартыш үчүн окуялар кыскартылып айтылат»,— деп жазылган («Media Bias»).

  • КАТАЛАР Журналисттер да пенде болгондуктан ката кетиришет. Сөздөр туура эмес жазылып, үтүрлөр туура эмес коюлуп жана жазуу эрежелери бузулуп калса, сүйлөмдүн мааниси өзгөрүп кетет. Ошондой эле фактылар кылдат текшерилбеши мүмкүн. Материалды шашылыш түрдө даярдаш керек болгон журналист сандарды, мисалы, 10 0000 дегенди 10 000 деп ката жазып алышы ыктымал.

  • ЖАҢЫЛЫШТЫК Маалыматты так жеткирүү айрымдар ойлогондой оңой-олтоң иштерден эмес. Бүгүн факты деп саналган нерсе, эртең туура эмес болуп калышы мүмкүн. Мисалы, бир кездерде Жер планетасы Күн системасынын борбору деп эсептелчү. Бүгүнкү күндө болсо Жер Күндү айланарын билебиз.

 Тең салмактуулук

Жаңылыктардан уккан-билгендерибиздин, окугандарыбыздын баарына эле ишене берүүдөн этият болушубуз керек болсо да, эч нерсеге ишенбеш керек деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Жаңы нерселерди билгенге дилгир, ошол эле учурда сак болушубуз зарыл.

Ыйык Китепте: «Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын сезген таңдай эмеспи?» — делет (Аюп 12:11). Төмөндөгү кеңештер уккан, окуган маалыматтардын так же так эмес экенин аныктаганга жардам берет.

  • МААЛЫМАТ БЕРГЕНДЕР: Бул маалыматты ишеничтүү, кадыр-барктуу адамдар же уюмдар берип жатабы? Программа же чыгарылган адабият олуттуулугу менен белгилүүбү же элди уу-дуу кылган маалыматты берүүнү көздөгөнү мененби? Бул маалымдоо каражатын ким каржылайт?

  • БУЛАГЫ: Бул маалыматтын кылдат изилденгенине далил барбы? Канча булакка негизделген? Алар ишенүүгө татыктуубу? Калыстыгы менен белгилүүбү? Бир тараптуу маалымат бербейби? Тең салмактуулукту чагылдырабы же белгилүү бир көз карашты жактайбы?

  • МАКСАТЫ: «Бул жаңылык элге маалымат берүү максатында айтылып жатабы же көңүлдү көтөрүш үчүн элеби? Бир нерсени сатуу үчүн же колдоо үчүн гана даярдалган жокпу?» — деп ойлонуп көргүлө.

  • ТОНУ: Маалыматтан жек көрүү, кастык, сын көз караш байкалып жатса, анын кимдир бирөөгө каршы болгондордун тарабынан берилгенин жана далилдерге негизделбегенин түшүнсө болот.

  • ШАЙКЕШТИГИ: Берилген маалыматтагы фактылар башка макалаларда айтылгандарга шайкеш келеби? Эгер андай болбосо, сак болуу абзел.

  • УБАГЫ: Бул жаңылык акыркы маалыматтарга негизделеби? 20 жыл мурун туура деп эсептелген нерсе бүгүнкү күндө туура эмес болуп калышы мүмкүн. Маалымат азыркы учурда болуп жаткан кайсы бир окуя жөнүндө болгон күндө да, ал бардык жагы эске алынбаган маалымат болушу мүмкүн.

Анда кандай жыйынтыкка келсе болот? Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандардын баарына ишенүү туурабы? Сулайман пайгамбар буга байланыштуу: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деген даанышман сөздөрдү айткан (Накыл сөздөр 14:15).