Мас болуунун эмнеси жаман?
Ыйык Китептин көзкарашы
Мас болуунун эмнеси жаман?
ЖАЙДАРЫ көңүл, жоруктары менен элди кыраан-каткы күлдүргөн мас киши — көптөгөн кинотасмалардын жана театр оюндарынын «азилкеч» каарманы. Алардагы ролдорду тек гана актёрлор аткарганы менен, мастардын антип шылдыңга алынышы ал адатка ар ким ар башкача караарын айгинелейт. Көптөр мас болуу терс адаттардан экенин түшүнгөнү менен, негизинен, кесепеттүү деп эсептешпейт.
Бирок, чынында, ал күлөрлүк адат эмес. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, ичкилик — дүйнө жүзү боюнча адамдардын денсоолугуна зыян келтирген башкы себептердин бири. БДССУнун билдирүүсүндө, чылымды эсепке албаганда, кынык алдыруучу касиети бар башка каражаттардын баарына салыштырмалуу ичкилик көп сандаган адамдардын өлүмүнө, ар кыл оору-сыркоолорго себеп болууда. Алсак, спирт ичимдиктеринин кыянат колдонулушу Американын экономикасына эле жылына 184 миллиарддан ашуун долларлык зыян келтирет.
Ошого карабастан ичкиликтин залалын олуттуу деп эсептебегендер көп. Алар, балким, такай ичүүнүн арты жакшы болбосун билишеттир, бирок кез-кез ашыра ичип коюуга кечиримдүүлүк менен карашат. Айрым өлкөлөрдө жаштар арасында алгачкы мас болууну эр жеткендиктин белгисиндей көрүшөт. Саламаттык сактоо уюмдарынын олуттуу эскертүүлөрүнө карабастан, учурда ичкиликти жаш-кары дебей ченемсиз — бир ичкенде күнүмдүк өлчөмдөн беш эсе же андан да көп — ичүү кадимки көрүнүшкө айланып барат. Ошондуктан көптөрдө: «Мас болуу чынында эле жаманбы?» — деген суроо пайда болушу мүмкүн. Эмесе, бул тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын карап көрөлү.
Шарап жана башка ичимдиктер — Кудайдын берген насиптери
Ыйык Китепте шарап жана башка ичкиликтер бир нече ирет кеп кылынат. Сулайман падыша: «Кудай сенин иштериңе ийгилик берип турганда, бар, наныңды кубаныч менен же, жүрөгүңдөгү кубаныч менен шарабыңды ич»,— деп жазган (Насаатчы 9:7). Забурчу «адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты» Жахаба Кудай бергенин билген (Забур 103:14, 15). Демек, шарап — Жахабанын адамзатка берген насиптеринин бири.
Ыйса Машайак шарап ичүүнү айып көргөн эмес. Мисалы, ал үйлөнүү тоюнда сууну жогорку сапаттагы шарапка айландырган; бул анын көрсөткөн алгачкы керемети эле (Жакан 2:3—10). Эскерүү кечесин негиздегенде да шарапты өз канына салыштырган (Матай 26:27—29). Ыйык Китепте шараптын дарылык максатта да колдонулары айтылат. Мисалы, элчи Пабыл Тиметейге «ашказаны менен тез-тез кармаган оорулары үчүн аз-аздан шарап да ичип турууну» кеңеш кылган (1 Тиметейге 5:23; Лука 10:34).
Негизгиси — ченемин билүү
Бул жерде Пабылдын шарапты «аз-аздан» гана ичүүнү кеңеш кылганын белгилей кетүү керек. Ыйык Китепте спирт ичимдиктерин ашыкча ичүүнүн натууралыгы так-таасын белгиленет. Ысрайылдагы ыйык кызмат кылуучуларга да шарапты ченеми менен ичүүгө жол берилген. Бирок ыйык кызмат кылуучулук милдеттерин аткарарда ичүүгө тыюу салынган (Лебилер 10:8—11). Ал эми андан көп жылдар өткөн соң, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына «аракечтер... Кудайдын Падышачылыгын мурасташпаары» эскертилген (1 Корунттуктарга 6:9, 10).
Андан тышкары, Пабыл Тиметейге берген көрсөтмөлөрүндө жыйналышта жетекчилик кылгандар «шарапка ышкылуу болуп» чатак чыгаруудан же ченемсиз көп ичүүдөн сактаныш керектигин баса көрсөткөн * (1 Тиметейге 3:3, 8). Ошондой эле Ыйык Китепте өкүнүп, оңолбогон аракечтерди жыйналыштан чыгаруу керектиги белгиленген (1 Корунттуктарга 5:11—13). «Шарап адамды шылдың кылат»,— деп Жазмада кандай гана таасын айтылат (Накыл сөздөр 20:1). Спирт ичимдиктерин ашкере ичкен адам, акыл-эси тумандап, өзүн башкара албай калат.
Эмнеликтен мас болуу Кудайдын Сөзүндө туура көрүлбөйт?
Бизди «пайдалуу нерсеге үйрөткөн» Жахаба кандайдыр бир нерсени кыянат колдоно баштаганыбызда өзүбүзгө да, өзгөлөргө да залал келтирерибизди билет (Ышайа 48:17, 18). Спирт ичимдиктерине карата да ошону айтууга болот. Кудай Сөзүндө төмөнкүдөй таамай суроолор камтылган: «Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким?» Анан мындай жооп берилет: «Алар — керээли кечке шарап ичип отургандар, алар — татымал кошулган шарап издеп тапканы келгендер» (Накыл сөздөр 23:29, 30).
Көп ичкен адам алды-артын көп ойлобойт, ал эмес кооптуу иштерди кылгандан кайра тарпайт: мас бойдон машине айдап, өзүнүн да, башкалардын да жашоосун тобокелге салат; башканын аялына же күйөөсүнө тийишет; жакындары менен мамилесин бузат; «ойду-тоону» сүйлөп шылдыңга калат; ал тургай адепсиздикке барат (Накыл сөздөр 23:33). Аракечтик азыркы коомдун эң коркунучтуу оорусу деп бекеринен аталбаган. Андыктан Кудайдын эмне үчүн: «Шарап ичип мас болгондордун... арасында болбо»,— деп эскертери түшүнүктүү (Накыл сөздөр 23:20).
Галаттыктарга 5:19—21-аяттарда Пабыл «аракечтикти, шапар тебүүнү» Кудайдын рухунун жемишине каршылаш келген «күнөөкөр табияттын иштери» деп атайт. Ичкиликти ченемсиз ичүү Кудай менен болгон мамилебизди бузат. Ошон үчүн Кудайдын кызматчылары спирт ичимдиктерин ченеми менен колдонот.
[Шилтеме]
^ 11-абз. Жыйналыштын аксакалдары менен кызмат жардамчылары Жахабанын бийик жол-жоболорун карманууга аракеттенип, эстүүлүк жана жүрүм-турум жагынан үлгү көрсөтүүгө тийиш болсо да, бул талап Ыйсанын бардык жолдоочуларына тиешелүү.

