Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-эненин тилин алуу банкка карызды төлөгөнгө окшош. Канчалык ишеничтүү болсоң, алар сага ошончолук ишеним артат

ЖАШТАРГА

10 Ишеничтүүлүк

10 Ишеничтүүлүк

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Ишеничтүү кишиге ата-энеси, достору, жумуш берүүчүлөрү ишеним артат. Андай киши эрежелерди так аткарат, сөзүнө турат, дайыма чындыкты айтат.

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Дээрлик бардык жагдайда канчалык эркиндикке ээ болоруң кайсы бир убакыт аралыгында башкалардын ишеничин канчалык актаганыңа жараша болот.

«Ата-энеңдин ишеничине ээ болуунун эң жакшы жолу — алар барда эле эмес, жокто да жетилген, жоопкерчиликтүү экениңди иш жүзүндө көрсөтүү» (Сэрай).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун» (1 Петир 2:12).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Башкалардын сага көбүрөөк же кайрадан мурункудай ишеним артышын кааласаң, төмөнкүлөрдү кыл.

Чынчыл бол. Калп айтсаң, ишеничтен бат эле чыгып каласың. Ал эми дайыма, өзгөчө, ката кетирип алганыңда чындыкты айтып, ачык сүйлөсөң, башкалардын ишенимине ээ болосуң.

«Баары жакшы болуп турганда чынчыл болуу оңоюраак. Бирок жаман көрүнүп калышың мүмкүн болгон жагдайларда да чынчыл болсоң, башкалар көбүрөөк ишеним артат» (Кэйман).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

Ишеничтүү бол. АКШда жүргүзүлгөн бир сурамжылоого ылайык, адистердин 78 пайызы жумушка орношкусу келгендерге коюлган абдан маанилүү үч талаптын бири ишеничтүүлүк экенин айтышкан. Азыртадан ишеничтүү болууга үйрөнсөң, чоңойгондо да пайдасы тиет.

«Ата-энем жоопкерчиликтүү болгонумду, өзүмө тапшырылган үй иштерин айттырбай аткарганымды байкашат. Канчалык ушундай кылган сайын, алар мага ошончолук көбүрөөк ишеним артышат» (Сара).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Буга макул болоруңа ишенип жазып жатам, анткени мен айткандан да көптү кыларыңды билем» (Филемон 21).

Сабырдуу бол. Жаштардын денелик жактан өсүп жатканы дароо эле байкалат, ал эми эмоциялык жактан жетилип, жоопкерчиликтүү болуп калганы байкалгыча адатта убакыт керек.

«Бир эле жолу аракет кылып койсоң, ата-энеңдин, башкалардын ишеничине ээ болуп калбайсың. Эгер дайыма жоопкерчиликтүү болсоң, акырындык менен алардын ишенимине киресиң» (Брэндон).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Чыдамкайлыкты кийгиле» (Колосалыктар 3:12).