Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кечиримдүүлүк талаш-тартыштын отун өчүрөт

ЖУБАЙЛАРГА

4 Кечирүү

4 Кечирүү

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Кечирүү деген таарынычтан жана ошондон улам пайда болгон терс сезимдердин баарынан арылууну билдирет. Бирок ал катанын олуттуулугун төмөндөтүүнү же аны такыр эле болбогондой кылып көрсөтүүнү билдирбейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Колосалыктар 3:13).

«Бирөөнү жакшы көрсөң, анын кемчилик-каталарына эмес, кандай адам болууга аракет кылып жатканына көңүл топтойсуң» (Аарон).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Эгер көңүлүңөргө кир сактап жүрө берсеңер, ден соолугуңарга зыян келтиресиңер, эмоциялык жактан жабыркайсыңар, никеңерге да доо кетиресиңер.

«Бир жолу күйөөм көңүлүмдү катуу оорутуп алганы үчүн кечирим сурады. Аны кечирүү бир топ кыйын болду. Акыры, кечирдим. Бирок эртерээк ошентпегениме өкүнүп калдым. Анткени кечирбегенимдин айынан мамилебиз анча жакшы болбой жүрдү» (Жулия).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

ӨЗҮҢӨРДҮ ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ

Өмүрлүк жарыңардын сөзү же иши катуу тийгенде, мындай деп ойлонуп көргүлө:

  • Өтө эле сезимтал эмесминби?

  • Бул анын кечирим сурашын талап кылганчалык олуттуубу же көз жумуп койсом болобу?

ЖАРЫҢАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КӨРГҮЛӨ

  • Бири-бирибизди кечириш үчүн адатта канча убакыт керек?

  • Батыраак кечириш үчүн эмне кылсак болот?

КЕҢЕШ

  • Түгөйүңөр таарынтып койгондо, ал жөнүндө терс нерселерди ойлоп кирбегиле.

  • Баарыбыздын тең «көп жаңыларыбызды» эске алып, жарыңардын катасын кечиргенге аракет кылгыла (Жакып 3:2).

«Экөөң тең күнөөлүү болгондо кечирүү оңоюраак, ал эми бир эле тарап күнөөлүүдөй сезилгенде кыйыныраак болот. Кечирим сураганда, кечире билүү үчүн чындап момун болуш керек» (Кимберли).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Элдешип алганга шаш» (Матай 5:25, «Үмүт нуру» котормосу).

Эгер көңүлүңөргө кир сактап жүрө берсеңер, ден соолугуңарга зыян келтиресиңер, эмоциялык жактан жабыркайсыңар, никеңерге да доо кетиресиңер