Кудайга баш ийгендер бата алышат
Муса пайгамбар Кудайдын буйруктарын аткаргандар бата аларын айткан (Мыйзам 10:13; 11:27). Биз Кудайга жазадан корккондуктан эле баш ийгибиз келбейт. Анын кандай кереметтүү сапаттары бар экенин билгенибиз ага сүйүүбүздөн улам баш ийүүгө түрткү берет. Аны капа кыла турган иштерди кылуудан качууга да көмөк кылат. Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу»,— делет (1 Жакан 5:3).
Кудайга баш ийсек, кандай бата алабыз? Келгиле, мунун эки жолун карап көрөлү.
1. КУДАЙГА БАШ ИЙСЕК, АКЫЛМАНДЫККА ЭЭ БОЛОБУЗ
«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм» (ЫШАЯ 48:17).
Жараткан Жахаба бизди абдан жакшы билет жана бизге зарыл жетекчилик берет. Анын айткандарын аткарсак, туура иш кылабыз. Бирок ан үчүн адегенде Ыйык Жазмадан Кудайдын бизден эмнени талап кыларын билишибиз, билгендерибизди колдонушубуз зарыл.
2. КУДАЙГА БАШ ИЙСЕК, БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ
«Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» (ЛУКА 11:28).
Бүгүнкү күндө миллиондогондор Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга кулак кагып, бактылуу жашоодо. Мисалга Испанияда жашаган бир кишини алалы. Мурда ачуусу чукул болгондуктан, ал башкаларга, анын ичинде аялына катаал мамиле жасачу. Бир күнү ал Муса пайгамбардын Жакыптын уулу Жусуп жөнүндө жазгандарын окуп калган. Жусуп кулчулукка сатылып кеткени аз келгенсип, адилетсиз түрдө түрмөгө камалган. Ошентсе да ал катаалданып кетпей, кечиримдүү болгон, башкаларга жумшак мамиле кыла берген жана тынчтыкты сактаганга умтулган (Башталыш 37—45-бөлүмдөр). Испаниялык ал киши: «Жусуптун үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү жумшак, боорукер болууга жана өзүмдү кармай билүүгө түрткү берди. Азыр мен бактылуумун»,— дейт.
Ыйык Китепте башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектигине байланыштуу дагы башка сонун кеңештер бар. Ал тууралуу эмки макалада сөз жүрөт.