Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китеп үй-бүлөмдүн бактылуу болушуна жардам береби?

Ыйык Китеп үй-бүлөмдүн бактылуу болушуна жардам береби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ооба, жардам берет. Миллиондогон үй-бүлөлөрдүн бактылуу жашашына түздөн-түз таасир эткен Ыйык Китептеги кеңештердин айрымдарына көңүл бурсаңар:

  1. Никеңерди мыйзамдуу түрдө каттаткыла. Мыйзамдуу түрдө катталган, өмүр бою күчүн жоготпогон нике келишими үй-бүлөлүк бакыттын пайдубалы болуп эсептелет (Матай 19:4—6).

  2. Бири-бириңерди сүйүп, урматтагыла. Жубайыңардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да ага ошондой мамиле кылгыла (Матай 7:12; Эфестиктер 5:25, 33).

  3. Орой сөздөрдөн качкыла. Жубайыңар жүрөктү ооруткан кандайдыр бир сөз айтса да же ошондой иш кылса да, жылуу-жумшак сүйлөгөнгө аракет кылгыла (Эфестиктер 4:31, 32). Ыйык Китепте Накыл сөздөр 15:1де: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— деп айтылган.

  4. Бири-бириңерге берилгендигиңерди сактагыла. Махабат сезимиңер жубайыңарга гана арналышы керек (Матай 5:28). Ыйык Китепте буга карата: «Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын»,— деп жазылган (Еврейлер 13:4).

  5. Балдарыңарды туура тарбиялагыла. Өтө жумшак да, өтө катаал да болбогула (Накыл сөздөр 29:15; Колосалыктар 3:21).

 

Көбүрөөк билиңиз

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨН БОЛО АЛАСЫҢАР

Бактылуу болуш үчүн Кудайдан жардам издегиле

Эки жөнөкөй эле суроонун үстүнөн ой жүгүртүү никеңерди бекемдөөгө жардам бере алат.