Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пайгамбарлары аркылуу Кудай өзү жөнүндө эмнелерди ачып берген?

Пайгамбарлары аркылуу Кудай өзү жөнүндө эмнелерди ачып берген?

Байыркы убакта Кудай адамзат үчүн маанилүү кабарларды пайгамбарларына айттырган. Алардын жазгандарынан Кудайдын батасын кантип алса болорун биле алабыз. Эмесе, келгиле, ишенимдүү үч пайгамбар аркылуу Кудай жөнүндө эмнелерди биле аларыбызга токтололу.

ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАР

Кудай бүт адамзатка тегиз карагандыктан баарына батасын бергиси келет.

Кудай Таала Ыбрайым пайгамбарга: «Сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»,— деп убада берген (Башталыш 12:3).

Мындан эмнени билүүгө болот? Кудай баарыбызды жакшы көрөт. Ал ага баш ийген бардык үй-бүлөлөргө, анын ичинде эркектерге, аялдарга жана балдарга батасын берүүнү каалайт.

МУСА ПАЙГАМБАР

Кудай ырайымдуу болгондуктан аны таанып-билүүгө умтулгандарга батасын берет.

Кудурети Чексиз Жаратканыбыз Муса пайгамбарга укмуштуудай кереметтерди жасоого күч берген. Ошондой кереметтерди кылса да, бир жолу Муса андан: «Сени таанып-билишим үчүн, мындан ары да ырайымыңа ээ боло беришим үчүн, мага өз жолдоруңду ачып берчи»,— деп тиленген (Чыгуу 33:13). Муса пайгамбардын өтүнүчү Кудайга жаккандыктан ал ага өзүнүн жолдорун, касиет-сапаттарын дагы тереңирээк ачып берген. Ошонун аркасында Муса анын «кайрымдуу, ырайымдуу» Кудай экенин биле алган (Чыгуу 34:6, 7).

Мындан эмнени билүүгө болот? Кудай аны жакшыраак таанып-билүүгө аракет кылгандардын баарына, эркектерге да, аялдарга да, балдарга да батасын берет. Ал Ыйык Китепке ага кантип сыйынышыбыз керектигин жана бизге жакшылык кылууну абдан каалаарын жаздырып койгон.

ИСА ПАЙГАМБАР

Иса пайгамбар оорулууларга жаны ачып, аларды дартынан сакайткан

Иса пайгамбар жана анын иштери менен насааттары жөнүндө көбүрөөк билсек, Кудайдан түбөлүктүү бата алабыз.

Ыйык Жазмада Иса пайгамбардын жашоосу, эмнелерди окутканы тууралуу көп маалымат жазылган. Кудай ага ар кандай кереметтерди жасоого, алсак, сокурларды, дүлөйлөрдү жана аксактарды сакайтууга күч берген. Ал атүгүл өлгөндөрдү да тирилткен. Ушундай кереметтер аркылуу Иса пайгамбар Кудайдын келечекте адамзатка кандай баталарды төгө турганын көрсөткөн. Ошондой баталарга ээ болуш үчүн ар бирибиз эмне кылышыбыз керектигин түшүндүрүп, ал: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деген (Жакан 17:3).

Иса пайгамбар боорукер, кайрымдуу, жумшак киши болгон. Ал адамдарды: «Менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт»,— деп жылуу-жумшак үндөгөн. Ошол себептен ага эркек-аял, жаш-кары дебей, баары агылып келе турган (Матай 11:29). Ал кездеги аялдарды басынткан адамдардан айырмаланып, Иса аялдарга сылык-сыпаа мамиле кылган, алардын кадыр-баркын көтөргөн жана урматтап-сыйлаган.

Мындан эмнени билүүгө болот? Иса пайгамбар адамдарды жан-дилден жакшы көргөн, ошондой эле башкаларга мамиле кылуу жагынан теңдешсиз үлгү калтырган.

ИСА КУДАЙ ЭМЕС

Ыйык Китепте бүт ааламды жараткан «бир эле Кудай» бар экени жана Иса пайгамбар Кудайдын момун элчиси экени айтылат (1 Корунттуктар 8:6). Иса өзү да Кудайдын андан жогору турарын, аны жерге Кудай жибергенин айткан (Жакан 11:41, 42; 14:28) *.

^ 17-абз. Иса пайгамбар тууралуу көбүрөөк билиш үчүн jw.org/ky сайтынан «Кудайга ишенгендер бактылуу» деген китепченин 89-бөлүмдөрүн карагыла.