Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн четке как

Дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн четке как

«Сак болгула, кимдир бирөө... бул дүйнө карманган... философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын» (КОЛ. 2:8).

ЫРЛАР: 38, 31

1. Элчи Пабыл ишенимдештерине кандай кеңеш берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЭЛЧИ ПАБЫЛ колосалыктарга жолдогон катын Римде биринчи жолу камакка алынып, мөөнөтү аяктап калган убакта, б.з. 60, 61-жылдары, жазса керек. Катында ал «рухий түшүнүккө» ээ болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген (Кол. 1:9). Ошондой эле мындай деп кошумчалаган: «Муну силерди эч ким ынандырарлык сөздөрү менен алдап кетпеши үчүн айтып жатам. Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын» (Кол. 2:4, 8). Ал кеңири таралган айрым ой толгоолордун эмне үчүн туура эмес экенин, дүйнөгө мүнөздүү ой жүгүртүү жеткилеңсиз адамдарга эмне себептен жагышы мүмкүн экенин да түшүндүргөн. Мисалы, андай ой жүгүртүү адамдын өзүн акылдуу эсептешине, башкалардан жогору көрүшүнө алып келиши ыктымал. Каттын максаты бир туугандарга дүйнөнүн көз карашын четке кагып, туура эмес иштерден качууга көмөк кылуу болгон (Кол. 2:16, 17, 23).

2. Эмне үчүн дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн карап чыгышыбыз керек?

2 Бул дүйнөдөгүлөр Жахабанын мыйзам-принциптерин баркка албай, баасын төмөндөтүшөт. Андыктан сак болбосок, алардын ой жүгүртүүсүнөн улам ишенимибиз солгундай башташы мүмкүн. Дүйнөнүн ой жүгүртүүсү бардык жерге таралган, андан качып кутула албайбыз. Бүгүнкү күндө ал телевизордо, Интернетте, жумушта, мектепте даңазаланууда. Ушул макалада бул дүйнөнүн ой жүгүртүүсү акылыбызды бузбашы үчүн андан канткенде оолак боло аларыбызды карап чыгабыз. Андай ой жүгүртүүнүн бешөөнө токтолуп, аларды четке кагыш үчүн эмне кылсак болорун талкуулайбыз.

КУДАЙГА ИШЕНҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

3. Көптөргө кандай ой жүгүртүү жагат жана эмне үчүн?

3 «Кудайга ишенбей эле жакшы адам боло алам». Көп өлкөлөрдө адамдардын Кудайга ишенбейм дегени кадимки эле нерсеге айланып калды. Алар өздөрүн динчил эмесмин деп эсептешет. Мындай көз карашты жактаган киши Кудайдын бар экени жөнүндө терең ойлонуп көрбөшү, тек гана эркин болуу жаккандыктан ошентиши мүмкүн. (Оку: Забур 10:4.) Дагы бирөөлөр: «Кудайга ишенбесем деле бийик адеп-ахлак нормаларга карманып жашай алам»,— деп айтышат. Алар ошентип ой жүгүрткөнү үчүн өздөрүн акылдуу эсептеши мүмкүн.

4. Кудай жок деген киши менен кантип талкуу жүргүзсөк болот?

4 Кудай жок деп ойлоо акылга сыярлыкпы? «Баары өзүнөн өзү пайда болгонбу же Кудайдын колунан бүткөнбү?» — деген суроого илимден жооп издеген киши чаташтырган маалыматтардан улам башы маң болушу ыктымал. Бирок ал суроонун жообу жөнөкөй эле. Эгер кайсы бир имарат өзүнөн өзү курулуп калбаса, тирүү организмдер кантип өзүнөн өзү пайда болуп калсын? Жер бетиндеги жөнөкөй эле тирүү клеткалардын түзүлүшү үйдүн түзүлүшүнө караганда алда канча татаал келет. Анткени алар бир да үй кыла албаган нерсени кыла алат, тагыраак айтканда, өндүрүп чыгарууга жөндөмдүү. Ал клеткалар так өзүндөй клетканын көчүрмөсүн жасоо үчүн зарыл болгон маалыматты чогултуп, аны жаңы клеткаларга өткөрүп бере алат. Демек, тирүү клеткаларды ким долбоорлогон? Ыйык Китепте: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— делет (Евр. 3:4).

5. Кудайга ишенбей эле эмне жакшы экенин аныктоого болот деген көз караш тууралуу эмне айтууга болот?

5 Кудайга ишенбей эле эмне жакшы экенин аныктай алабыз дегендер менен кантип сүйлөшсөк болот? Ыйык Китепте Кудайга ишенбегендердин деле туура принциптерге ылайык жашаары айтылат (Рим. 2:14, 15). Мисалы, алар ата-энесин жакшы көрөт, урматтап-сыйлайт. Бирок жаман-жакшыга байланыштуу нормаларды бекиткен мээримдүү Жараткандын бар экенин четке каккан кишинин адеп-ахлак нормалары канчалык бекем түптөлгөн? (Ыш. 33:22). Акыл-эстүү адамдардын көбү замандын барган сайын бузулуп баратканы Кудайдын жардамына муктаж экенибизди далилдеп турарына кошулушат. (Оку: Жеремия 10:23.) Андыктан Кудайга ишенбей, анын нормаларына карманбай эле эмне жакшы экенин аныктай алабыз деген көз карашка алданбашыбыз керек (Заб. 146:3).

ДИН ТУТУШУБУЗ КЕРЕКПИ?

6. Көптөр динге кандай карайт?

6 «Дини жок эле бактылуу боло аласың». Мындай ой жүгүртүүнү көптөр жактырат, себеби алар дин тутууну акылсыздык, эч пайдасыз деп эсептешет. Анын үстүнө, көп диндер тозок оту жөнүндө окутуп, ондук чогултуп же саясатты үгүттөп, адамдарды Кудайдан алыстатып салышкан. Ошол себептен алардын дин тутпасаң деле бактылуу боло аласың деген көз карашка карманганы таң калыштуу эмес. Андай адамдар: «Мен Кудай жөнүндө билгим келет, бирок кайсы бир диндин мүчөсү болгум келбейт»,— дешет.

7. Чыныгы дин бактылуу болууга кандайча өбөлгө түзөт?

7 Анда дини жок эле бактылуу боло алабызбы? Албетте, жалган динди тутпаган киши бактылуу боло алат. Бирок ал Ыйык Китепте «бактылуу Кудай» деп сыпатталган Жахаба менен ынак мамиле өрчүтпөсө, чындап бактылуу боло албайт (1 Тим. 1:11). Кудай кылган нерселердин баары пайда гана алып келет. Анын кызматчылары бактылуу, себеби башкаларга жардам берүүнү көздөшөт (Элч. 20:35). Мисалы, чыныгы сыйынуу үй-бүлөнүн бактылуу болушуна кандайча өбөлгө түзүп жатканы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Кудай жарыбызды урматтоого, никеге турганда берген антыбызга олуттуу кароого, ойноштук кылуудан качууга, балдарды жоопкерчиликтүү кылып тарбиялоого, сүйүү өрчүтүүгө үйрөтүп келет. Чыныгы сыйынуунун аркасында бүт дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда биримдик, сүйүү өкүм сүрүүдө. (Оку: Ышая 65:13, 14.)

8. Матай 5:3тү колдонуп: «Адамды эмне бактылуу кылат?» — деген суроого кантип жооп берсек болот?

8 Чын эле Кудайга кызмат кылбасак деле бактылуу боло алабызбы? Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: адамды эмне бактылуу кылат? Айрымдарга мансап, спорт же жакшы көргөн нерсеси канааттануу тартуулайт. Башкалар үй-бүлөсүнө, досторуна кам көрүүдөн ырахат алышат. Ырас, булардын баары кубаныч алып келет, бирок жашоодо түбөлүккө бактылуу болууга шарт түзгөн башка нерсе да бар. Жаныбарлардан айырмаланып, биз Жаратканды таанып-билип, ага ишенимдүү кызмат кыла алабыз. Кудай бизди ушундан канааттануу алгыдай кылып жараткан. (Оку: Матай 5:3.) Маселен, Жахабанын кызматчылары ага сыйынуу үчүн чогулуудан кубаныч, дем-күч алышат (Заб. 133:1). Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү болуу, Кудайга жаккандай жашоо, жаркын келечекке үмүттөнүү аларга ырахат тартуулайт.

АДЕП-АХЛАК НОРМАЛАРЫНА КАРМАНУУ ЗАРЫЛБЫ?

9. а) Бул дүйнөдө жыныстык мамилеге байланыштуу кандай көз караш кеңири тараган? б) Кудайдын Сөзүндө никеден тышкаркы жыныстык мамилеге эмне үчүн тыюу салынат?

9 «Башка бирөө менен жыныстык мамиледе болуунун жаман деле жери жок». Айрымдар бизге: «Жашоодон ырахат алыш керек. Башка бирөө менен жыныстык мамиледе болуунун эмнеси жаман экен?» — деши мүмкүн. Кудайдын кызматчысы жыныстык адеп-ахлаксыздыкка көз жумуп койсо болот деп ойлоо туура эмес. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китепте андай ишке тыюу салынат *. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 4:3—8.) Жахаба биз үчүн мыйзамдарды бекитүүгө укуктуу, анткени ал бизди жараткан. Кудайдын мыйзамына ылайык, никеде турган аял менен эркек гана жыныстык мамиледе боло алат. Анын ой-ниети боюнча нике түзүлүшү ушундай болушу керек. Кудай бизди сүйгөндүктөн мыйзамдарын берген. Алар өзүбүзгө эле пайда алып келет. Ал мыйзамдарга баш ийген үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин сүйүп, урматтап, өздөрүн коопсуз сезишет. Кудай анын мыйзамын атайлап бузгандарды жоопко тартат (Евр. 13:4).

10. Кудайдын кызматчысы жыныстык адеп-ахлаксыздыктан канткенде кача алат?

10 Ыйык Китептен жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барбаш үчүн эмне кылсак болорун биле алабыз. Андан алыс болуунун бир жолу — эмнени көрүп жатканыбызга маани берүү. Иса пайгамбар: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот. Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деген (Мт. 5:28, 29). Демек, Кудайдын кызматчысы порнография көрүүдөн, адеп-ахлаксыздык камтылган музыкаларды угуудан качышы керек. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Бузуктукка... азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деп жазган (Кол. 3:5). Андан тышкары, эмне жөнүндө ойлонуп, эмне жөнүндө сүйлөп жатканыбызга да көңүл бурушубуз кажет (Эф. 5:3—5).

МАНСАПКА УМТУЛУШУБУЗ КЕРЕКПИ?

11. Эмне үчүн мансапка жетүүгө азгырылышыбыз мүмкүн?

11 «Бактылуу болуунун сыры мансапка умтулууда». Көптөр бизди мансапты, өзгөчө, жогорку абалга, бийликке, байлыкка ээ болууга шарт түзгөн мансапты көздөөгө үндөшөт. Андай адамдар аны жашоосунда биринчи орунга койгондуктан, алардын ой жүгүртүүсү Кудайдын кызматчысына таасир эте башташы мүмкүн.

12. Бакыттын сыры мансапка жетүүдөбү?

12 Атак-даңкка, бийликке жеткирген мансап адамды чын эле түбөлүккө бактылуу кылабы? Жок. Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: бийликке, башкалардын урмат-сыйына ээ болууну көксөгөн Шайтан бактылуу эмес, тескерисинче, каарданып жүрөт (Мт. 4:8, 9; Аян 12:12). Адамдарга Кудай жөнүндө билим алып, түбөлүк өмүргө ээ болууга жардам берүүнүн аркасында келе турган, узакка созулган кубанычтан айырмаланып, мансапты көздөө убактылуу эле ырахат тартуулайт. Андан тышкары, бул дүйнөдө атаандашуу күч алган. Бул адамдарды биринчиликке умтулууга, көрө албастык кылууга түртөт. Бирок акырында алар мунун баары, чынында, «шамалды кууп жетүүгө умтулгандык» экенин түшүнүшөт (Нас. 4:4).

13. а) Жумушка кандай карашыбыз керек? б) Тесалоникалыктарга жазган катына ылайык, Пабылга эмне кубаныч тартуулаган?

13 Албетте, күн көрүш үчүн иштешибиз керек жана өзүбүзгө жаккан жумушту тандоонун эч жаман жери жок. Бирок жумуш жашообузда алдыңкы орунда туруп калбашы керек. Иса мындай деген: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар» (Мт. 6:24). Эгер Жахабага кызмат кылууну, башкаларга анын Сөзүндө жазылгандарды окутууну биринчи орунга койсок, эч нерсеге салыштырылгыс кубанычка ээ болобуз. Элчи Пабыл буга өз тажрыйбасынан ынанган. Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин ал иудаизм дининде албан ийгиликтерге жетүүгө умтулган. Бирок шакирт даярдоо ишине катышып, адамдардын Кудайдын кабарын кабыл алганын, жашоосунда өзгөрүүлөрдү кылып жатканын көргөндө гана чыныгы бакытты сезе баштаган. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:13, 19, 20.) Бир да мансап мындай канааттануу тартуулай албайт.

Башкаларга Кудайды таанып-билүүгө жардам берүү зор кубаныч тартуулайт (12, 13-абзацтарды кара)

КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ӨЗҮБҮЗ ЧЕЧЕ АЛАБЫЗБЫ?

14. Адамдар көйгөйлөрүн өздөрү эле чече алат деген ой эмне үчүн көптөргө жагышы мүмкүн?

14 «Адамдар көйгөйлөрүн өздөрү эле чече алат». Дүйнөгө мүнөздүү мындай көз караш көптөргө жагышы мүмкүн. Эмне үчүн? Эгер бул чын болсо, Кудайдын жетекчилигине муктаж эмеспиз, өзүбүз каалагандай иш кыла алабыз дегенди билдирип калмак. Адамдар көйгөйлөрүн өздөрү эле чече алат деген ой жүйөлүүдөй да сезилиши ыктымал, анткени бир изилдөөдө согуштар, кылмыштуулук, оору, жакырчылык мурункуга караганда азайып баратканы жазылган. Бир отчётто: «Адамзат коомунун жакшырып баратканынын себеби адамдардын дүйнөнү жакшыртууга бел байлаганында»,— делген. Ушул сыяктуу сөздөр адамдардын узак убакыттан бери арыла албай келген көйгөйлөрдүн тамыры эмнеде экенин түшүнө баштаганын билдиреби? Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде ал кыйынчылыктарга кененирээк токтололу.

15. Адамдардын көйгөйлөрү азайбаганын эмнелер көрсөтүп турат?

15 Согуш. Бир изилдөөгө ылайык, эки дүйнөлүк согуш 60 миллион же андан ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин деле адам баласы согушту токтото албай келет. Согуштун же куугунтуктун айынан үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондордун саны 2015-жылга чейин 65 миллиондойду түзгөн. Ал эми 2015-жылдын ичинде эле ошондой себептерден улам 12,4 миллион киши жер которгон. Кылмыштуулук. Айрым жерлерде кылмыштуулуктун кээ бир түрлөрү азайса да, башка түрлөрү, алсак, Интернет аркылуу жасалган кылмыштар, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, террорчулук болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда. Андан тышкары, дүйнө жүзү боюнча паракорлуктун терең тамырлап баратканы көптөргө эле маалым. Ооба, адам баласынын кылмышкерликти жоюуга кудурети жетпейт. Оору. Айрым оорулардын дабасы табылып жатканы чын. Анткен менен 2013-жылдагы бир отчёттон байкалгандай, жыл сайын 60 жашка чейинки 9 миллион киши жүрөк ооруларынан, инсульттан, рактан, дем алуу органдарынын жабыркашынан, кант диабетинен каза табат. Жакырчылык. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, Африкада эле жакырчылыктын жеткен чегинде жашаган адамдардын саны 1990-жылы 280 миллион болсо, 2012-жылы 330 миллионго көбөйгөн.

16. а) Эмне үчүн адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чече алат? б) Ышая пайгамбар жана забурчу Падышалык алып келе турган кайсы баталар тууралуу айтышкан?

16 Учурдагы экономикалык абалды жана саясий түзүлүштөрдү өз көмөчүнө күл тарткан кишилер көзөмөлдөп турат. Алардын согуштарды, кылмыштуулукту, ооруларды, жакырчылыкты жок кыла албасы айдан ачык. Муну Кудайдын Падышалыгы гана ишке ашыра алат. Эмесе, Жахабанын адамзат үчүн эмнелерди кыларына токтололу. Согуш. Кудайдын Падышалыгы согуш отунун тутанышына себеп болгон нерселерди, мисалы, өзүмчүлдүктү, паракорлукту, патриотизмди, жалган динди жана Шайтандын өзүн жок кылат (Заб. 46:8, 9). Кылмыштуулук. Кудайдын Падышалыгы бир да өкмөт кыла албаган нерсени кылууда, тагыраак айтканда, миллиондогон адамдарды бири-бирин сүйүүгө, бири-бирине ишеним артууга азыртадан эле үйрөтүүдө (Ыш. 11:9). Оору. Жахаба элине жеткилең ден соолук берет (Ыш. 35:5, 6). Жакырчылык. Жахаба жакырчылыкты жоюп, элинин рухий жактан да, денелик жактан да гүлдөп-өсүшүнө кам көрөт. Бул байлыктан алда канча артык эмеспи?! (Заб. 72:12, 13).

«КАНТИП ЖООП БЕРҮҮ КЕРЕКТИГИН БИЛ»

17. Дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн канткенде четке кага аласың?

17 Эгер сен ишенген нерсеге карама-каршы келген кайсы бир көз караш жөнүндө уксаң, ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин изилде жана тажрыйбалуу ишенимдешиң менен сүйлөшүп көр. Андай ойдун эмне үчүн жагымдуу угулары, бирок эмне себептен жалган экени жана аны канткенде четке кага аларың жөнүндө ой жүгүрт. Ооба, баарыбыз элчи Пабылдын колосалыктарга берген кеңешине ылайык иш кылсак, дүйнөгө мүнөздүү ой жүгүртүүнүн таасирине алдырбайбыз. Пабыл аларга: «Жыйналыштан сырттагыларга акылмандык менен мамиле кылгыла... Ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билгиле»,— деп жазган (Кол. 4:5, 6).

^ 9-абз. Көптөр айрым Ыйык Китептердеги Жакан 7:53—8:11-аяттарында жазылган билдирүү түп нускада жок экенин, кийин кошулганын билишпейт. Ошол аяттардан улам кээ бирөөлөр такыр күнөө кетирбеген адам гана башка бирөөнү ойноштук кылды деп айыптай алат деп айтышат. Бирок Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамында: «Эгер кайсы бир эркек күйөөсү бар аял менен жатса, анда экөө тең... өлүм жазасына тартылсын»,— деп жазылган (Мыйз. 22:22).