Мазмунун көрсөтүү

Үмүттүн булагы кайда?

Үмүттүн булагы кайда?

Ыйык Китепте эмне делет?

 Ыйык Китепте Кудайдын бизге «келечек менен үмүт a берүүнү ниет кылары» айтылат (Жеремия 29:11). Ооба, Кудай биздин «Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубузду» каалайт. Ал Ыйык Жазманы адамзатка ошол себептен берген (Римдиктер 15:4). Азыр биле турганыбыздай, Ыйык Китептеги баа жеткис кеңештер бүгүнкү күндө да жакшылыктан үмүт үзбөй, оң маанай сактап жашаганга жардам берет. Ошондой эле анда жазылган убадалар жаркын келечекке үмүттөнгөнгө да негиз берет.

Бул макаладан төмөнкү суроолорго жооп ала аласыңар:

 Кандайча Ыйык Китеп бизге жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жардам берет?

 Ыйык Китепте жашообузду өзгөртө ала турган жакшы кеңештер бар. Алар туура маанай сактап, эртеңки күнгө үмүт менен караганга жардам берет. Анда ал кеңештердин айрымдарына токтололу.

  •   Күнүмдүк турмушта колдоно турган кеңештерди Ыйык Китептен издегиле. Забур 119:105те: «Сенин сөзүң — бутума чырак, жолума жарык»,— деп айтылат. Шам чырак эки нерсени кыла алат: бутубуздун алдында жаткан нерселерди көрсөтөт, жолубузга жарык чачат. Ошол сыяктуу эле, Ыйык Китептеги даанышман кеңештер күн сайын кабылып жаткан кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жана туура маанай сактаганга жардам берет. Ошондой эле Кудайдын Сөзүндө жазылгандар күчкө толтуруп, «жүрөктү кубантат» (Забур 19:7, 8). Мындан тышкары, Ыйык Китеп Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниетин ачып берип, келечегибизге жарык чачат. Ал эми келечекке болгон ушундай үмүт жан дүйнө тынчтыгын, кубаныч тартуулайт.

  •   Башкалардын жардамын кабыл алгыла. Үмүтсүздүккө кептелгендей сезилгенде, үйдөгүлөрүбүздөн, досторубуздан обочолоно башташыбыз мүмкүн. Ыйык Китепте мунун туура эмес экени айтылат. Анткени бул акылсыз чечимдерди чыгарганга, туура эмес иштерди кылганга түртүп коюшу мүмкүн (Накыл сөздөр 18:1). Бизди жакшы көргөн жакындарыбыз ой калчап, баарын таразалап иш кылганга жардам бере алат. Ошондой эле алар кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болоруна байланыштуу жакшы сунуштарды айтышы ыктымал (Накыл сөздөр 11:14). Алар, жок эле дегенде, бизди сооротуп, көңүлүбүздү көтөрүп, жагдай жакшырып кеткенге чейин жөлөк-таяк болуп тура алышат (Накыл сөздөр 12:25).

  •   Кудайдан тиленгиле. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага b арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— деп айтылат (Забур 55:22). Өзүнүн Сөзүндө Жахаба «үмүттүн булагы болгон Кудай» деп бекеринен айтылбайт (Римдиктер 15:13). Ага «бардык түйшүгүңөрдү» айтып тиленсеңер болот жана анын кам көрөрүнөн шектенбегиле (1 Петир 5:7). Анткени Ыйык Китепте: «Кудай силерди... бекем, күчтүү кылат»,— деп айтылат (1 Петир 5:10).

  •   Кыйынчылыктар үмүтүңөрдү чыңдайт. Ыйык Китепте: «Ал эми мени [Кудайды] уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 1:33). Австралияда жашаган Маргарет деген аял бороон-чапкындын айынан көп нерсесинен айрылып калган. Бирок ал мүңкүрөп отуруп калган эмес. Ал дүнүйө-мүлктөн бир заматта эле айрылып калышыбыз мүмкүн экенине ынанган. Ошондон кийин жашоодогу эң маанилүү нерселерге — үй-бүлөсүнө, досторуна, Кудай менен болгон мамилесине жана Ыйык Китептеги үмүткө — көңүл топтоого ого бетер чечкиндүү болуп калган (Забур 37:34; Жакып 4:8).

 Ыйык Китепте адамзат үчүн кандай үмүт камтылган?

 Ыйык Китепте айтылгандай, Кудай жерди бейишке айлантып, адамзатка жаркын келечек тартуулоону ниет кылууда. Ал заман босогодо эле турат. Анткени азыркы учурдагы кыйынчылыктар биздин бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбызды көрсөтүп турат (2 Тиметей 3:1—5). Жакында Кудай өзү кийлигишип, жердеги адилетсиздикти жана азап-кайгыны жок кылат. Ал муну бүт жер жүзүн башкара турган өкмөт аркылуу ишке ашырат. Ал өкмөт Кудайдын Падышалыгы деп аталат (Даниел 2:44; Аян 11:15). Иса шакирттерине: «Падышалыгың келсин... жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленгенди үйрөткөндө асмандан башкара турган так ошол Падышалык жөнүндө айткан (Матай 6:9, 10).

 Ыйык Китепте Кудайдын адамзатка байланыштуу эрки так-айкын жазылган. Анда ал өзүнүн Падышалыгы аркылуу кандай көйгөйлөрдү чечерине токтололу:

  •   Ачарчылык болбойт. «Жер өз жемишин берет» (Забур 67:6).

  •   Оору болбойт. «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24).

  •   Өлүм болбойт. «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

a Биз бир нерсени каалаганда же ошого жетерибизге ишенгенде үмүт пайда болот. Ошондой эле үмүт күтүп же эңсеп жаткан нерселерибизди билдириши мүмкүн.

b Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).