Мазмунун көрсөтүү

Канткенде түбөлүк жашай аласыңар?

Канткенде түбөлүк жашай аласыңар?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте: «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазылган (1 Жакан 2:17). Кудай эмне кылышыңарды каалайт?

  •   Кудайды жана анын Уулу Иса Машаякты таанып билгиле. Иса Машаяк Кудайдан тиленип жатканда: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Кудайды жана Иса Машаякты «таанып-билүү» деген өз ичине эмнени камтыйт? Аларды Ыйык Китепти изилдөөнүн жана анда жазылгандарды жашообузда колдонуунун аркасында таанып-билүүгө болот a. Ыйык Китептен бизге өмүр берген Жараткандын, Жахаба Кудайдын, көз карашын биле алабыз (Элчилер 17:24, 25). Ошондой эле анда «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөрдү» айткан Иса Машаяк жөнүндө да жазылган (Жакан 6:67—69).

  •   Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним арткыла. Иса Машаяк жерге «кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Матай 20:28). Анын куткаруу курмандыгы адамзаттын Бейиште түбөлүк өмүр сүрүшүнө жол ачкан b (Забур 37:29). Иса: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жакан 3:16). Бирок Иса Машаякка ишенип коюу эле жетишсиз. Биз ага ишенерибизди анын үйрөткөндөрүнө ылайык жашап, анын Атасынын эркин аткаруу менен көрсөтөбүз (Матай 7:21; Жакып 2:17).

  •   Кудай менен ынак мамиле өрчүткүлө. Кудай биздин ага жакындап, анын менен ынак мамиледе болушубузду каалайт (Жакып 2:23; 4:8). Кудай түбөлүктүү. Ал эч качан өлбөйт жана сүйгөн пенделеринин да түбөлүк жашашын каалайт. Ыйык Китепте Кудайдын аны издегендердин баарынын «жүрөгү түбөлүк согушун» каалаары жазылган (Забур 22:26).

Түбөлүк жашоого байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Адамдар күч-аракет жумшап отуруп, акыры, түбөлүк жашоонун сырын табышат.

 Чындык. Медицинанын өнүгүшүнүн аркасында адамдын өмүрүн узартуу мүмкүн экени айтылып жатса да, бул нерселер адамга түбөлүк өмүр бере албайт. Түбөлүк өмүрдү бизге бир гана Кудай берет, анткени ал — «өмүрдүн булагы» (Забур 36:9). Ал «өлүмдү түбөлүккө жок кылууну» жана ага берилгендигин сактаган адамдардын баарына түбөлүк өмүр берүүнү убада кылган (Ышая 25:8; 1 Жакан 2:25).

 Жаңылыш түшүнүк. Кайсы бир расадагы адамдар гана түбөлүк жашайт.

 Чындык. Кудай кайсы бир расаны башкасынан жогору көрбөйт. Тескерисинче, «андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элчилер 10:34, 35). Кайсы улуттан, кайсы элден болбосун, Кудайга баш ийген адамдардын баары түбөлүк өмүр сүрүшөт.

 Жаңылыш түшүнүк. Түбөлүк жашасаң, тажап кетесиң.

 Чындык. Түбөлүк өмүрдү бизди жакшы көргөн жана бактылуу болушубузду каалаган Кудай берет (Жакып 1:17; 1 Жакан 4:8). Ал бактылуу болушубуз үчүн канааттандырарлык иш менен алектенишибиз керектигин жакшы билет (Насаатчы 3:12). Кудай жер бетинде түбөлүк жашагандардын өздөрүнө да, жакындарына да пайдасын тийгизе турган, канааттандырарлык, кызыктуу жумуш менен алектенерин убада кылган (Ышая 65:22, 23).

 Булардан тышкары, түбөлүк жашагандар Жараткан жөнүндө жана анын көп сандаган кереметтүү иштери жөнүндө улам жаңы нерселерди биле беришет. Кудай адамдарды түбөлүк өмүр сүрүү жана өзү жөнүндө билим алуу каалоосу менен жаратса да, «алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт» (Насаатчы 3:10, 11). Ошондуктан түбөлүк жашаган адамдарда билгиси келген жана жасагысы келген кызыктуу нерселер дайыма болуп турат.

a Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуш кылышат. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» деген видеону көргүлө.

b «Иса Машаяк кантип куткарат?» деген макаланы карагыла.