Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Расизм

Расизм

Расалар каяктан келип чыккан?

«Адам аялын Обо деп атады, анткени ал тирүү жандардын баарынын энеси болмок» (Башталыш 3:20).

АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Бириккен Улуттар Уюмунун агартуу, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) айтканына ылайык, «адамдардын баары бир түргө кирет жана баарынын түбү бир» (Раса жана расалык көз караш жөнүндөгү декларация, 1978-ж.).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай эки адамды, Адам ата менен Обо энени, жаратып, аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деген (Башталыш 1:28). Ошентип, ал экөө адамзаттын ата-энеси болуп калышкан. Кийинчерээк жер бетин топон суу каптап, адамдардын баары жок болгондо, Нух пайгамбар, анын байбичеси, үч уулу жана үч келини аман калган. Ыйык Китепте баарыбыздын Нух пайгамбардын уулдарынан тараганыбыз айтылат (Башталыш 9:18, 19).

 Бир раса бир расадан өйдө турабы?

«Бүт жер жүзүндө жашасын деп, [Кудай] бир кишиден бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26).

АЙРЫМДАР КАНДАЙ ОЙДО БОЛУШКАН?

20-кылымда көптөр расисттик идеологияны жакташкан. Алсак, Германиядагы нацисттер алардын расасы баарынан өйдө турарына биологиялык негиз бар деп эсептешкен. Бирок ЮНЕСКОнун жогоруда сөз кылынган документинде «адамзаттын теги бир болгондуктан, бардык адамдар, бардык элдер, тең экени» жазылган.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бир пайгамбар: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деген (Элчилер 10:34, 35). Кудай бардык элдерди бирдей көргөндүктөн, эч ким бир раса экинчи расадан өйдө турат деп айта албайт.

Иса Машаяк жолдоочуларына: «Силер болсо бир туугансыңар» — деп, бири-бирине карата кандай көз карашта болушу керектигин айткан (Матай 23:8). Ал жолдоочуларынын бөлүнүп-жарылбай, «толук биримдикте болушун» Кудайдан сурап тиленген (Жакан 17:20—23; 1 Корунттуктар 1:10).

Расизм качандыр бир убакта жоюлабы?

«Акыркы күндөрдө Жахабанын үйүнүн тоосу... бийик коюлат,.. ага бүт элдер агылып келет» (Ышая 2:2).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОШОТ?

Ар кайсы өлкөлөрдө расизм күч алып жаткандыктан, көптөр анын жоюлушунан күмөн санашат. Айрымдар болсо расалык теңдик эч качан болбойт деген жыйынтыкка келишкен.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай расизмдин түбөлүк боло беришине жол бербейт. Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, өкмөтү жер үстүнөн бийлик жүргүзө турган убак келери айтылат. Ошондо «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдар бири-бирин чындап сүйүп, ага биримдикте сыйынышат (Аян 7:9). Кудайдын Падышалыгы, айрымдар ойлогондой, жүрөктүн абалы эмес. Ал — бүт адамзаттын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүп, жер жүзүнө расизмдин изи да калбаган заманды орното турган реалдуу өкмөт *.

^ абз. 15 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.