Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Жубайлардын көз карашы айырмаланганда

Жубайлардын көз карашы айырмаланганда

Жубайлардын кызыккан нерселери, адаттары жана мүнөздөрү айырмаланганда, келишпестик пайда болушу мүмкүн. Бирок төмөнкү сыяктуу маселелерден улам андан да чоң көйгөйлөр туулушу ыктымал:

  •   Тууган-туушкандар менен убакыт өткөрүү

  •   Акчаны колдонуу

  •   Балалуу болууну же болбоону чечүү

 Оюңар келишпей калганда, эмне кылсаңар болот?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Төп келишүү бардык жагынан окшош болууну билдирбейт. Жубайлар бири-бирине төп келишкен күндө да, дайыма эле бирдей көз карашта боло беришпейт. Атүгүл олуттуу маселелерде да алардын ою бири-бириникинен айырмаланышы мүмкүн.

 «Мен чогуу көп убакыт өткөрүүнү жакшы көргөн үй-бүлөдө чоңойгом. Дем алыш күндөрү чоң ата-чоң энебиз, таята-таянебиз, туугандарыбыз менен чогулуп турчубуз. Жолдошумдун үй-бүлөсү болсо бири-бири менен көп деле убакыт өткөрчү эмес. Ошон үчүн жакындарыбыз менен убакыт өткөрүүгө, алыстагы туугандарыбыз менен катташууга байланыштуу көз карашыбыз эки башка болчу» (Тамара).

 «Жубайым экөөбүздүн алган тарбиябыз бири-бирибиздикинен айырмалангандыктан акчага карата эки башка ойдо болчубуз. Баш кошкон алгачкы айларда акчанын айынан кер-мур айтышып кеткен учурларыбыз көп болду. Бир-эки сүйлөшкөндө эле баары чечилип калчу эмес» (Тайлер).

Бир эле жакты карап турган эки киши эки башка нерсени көргөн сыңары, жубайлар бир эле маселеге карата эки башка ойдо болушу ыктымал

 Айрым көйгөйлөр жубайлардын бири мейличи деп көз жумуп койсо эле чечилип калбайт. Мисалы, кайын журт тараптан бирөө ооруп калса, аны караш керек болушу мүмкүн. Же жубайлардын бири балалуу болууну каалап, экинчиси каалабашы ыктымал a.

 «Келинчегим экөөбүз балалуу болуу тууралуу бир нече жолу сүйлөшкөнбүз. Ал бул жөнүндө көбүрөөк ойлонгон сайын, оюбуз эки ажырым болуп, бир пикирге келүү оңой болбой баратат. Эмне кыларымды да билбей калдым» (Алекс).

 Көз карашыңардын эки башка болгону бактылуу үй-бүлө боло албайсыңар дегенди билдирбейт. Айрым адистер кайсы бир олуттуу маселени чечүүдө оюңар келишпей жатса, атүгүл ажырашууга туура келсе да, өзүңөрдүкүнө жетиш үчүн баарын кылгыла деп кеңеш беришет. Бирок алардын айтканындай кылсаңар, өз каалооңорду: «Кандай жагдай болбосун, жубайыма берген антымды аткарам»,— деп Кудай алдында берген убадаңардан жогору коюп койгон болосуңар.

 Эмне кылсаңар болот?

 Баш кошкондо берген убадаңарды аткарууга чечкиндүү болгула. Бул силерге кыйынчылыктарды чечүүдө каршылаштардай болбой, биргелешип иш кылганга жардам берет.

Ыйык Китептеги принцип: «Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).

 Чыгымды эсептегиле. Жубайлардын бири балалуу болгусу келип, экинчиси каалабай жатат деп коёлу. Андайда алар бир нече факторду эске алышы керек. Мисалы:

  •   Экөөнүн мамилеси канчалык бекем?

     Бала тарбиялоо менен коштолгон кошумча кыйынчылыктарды көтөрүп кете алышабы?

  •   Ата-энелик милдетти аткара алышабы?

     Бул жоопкерчилик өз ичине балдарды тамак-аш, кийим-кече, баш калкалоочу жай менен камсыз кылып коюуну эле камтыбайт.

  •   Акча-каражаты жетеби?

     Жумушту да, үй-бүлөнү да, башка милдеттерди да бирдей алып кете алышабы?

 Ыйык Китептеги принцип: «Араңардан ким мунара кургусу келсе,.. канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» (Лука 14:28).

 Маселеге тиешелүү нерселердин баарын эске алгыла. Балким, көйгөй туудуруп жаткан айрым маселелерди чече алышыңар мүмкүн. Алсак, кыйынчылык балалуу болууга байланыштуу болуп жатса, балалуу болгусу келбеген жары мындай деп ойлонуп көрсө болот:

  •   «Такыр эле балалуу болгум келбейби же азыркы учурда гана балалуу болгум келбей жатабы?»

  •   «Жакшы ата-эне болорума күмөн санагандыктан каалабай жатамбы?»

  •   «Жубайым мага көңүл бурбай калат деп коркомбу?»

     Ал эми балалуу болууну каалап жаткан жубайы мындай деп ойлонуп көрөттүр:

  •   «Ата-энелик милдетти аткарууга даярбызбы?»

  •   «Баланы чоңойтуп-өстүргөнгө акча-каражатыбыз жетеби?»

 Ыйык Китептеги принцип: «Жогорудан келген акылмандык... эстүү» (Жакып 3:17).

 Өмүрлүк жарыңардын көз карашынын жакшы жагына көңүл топтогула. Бир эле жакты карап турган эки киши эки башка нерсени көрүшү мүмкүн. Ошол сыяктуу, жубайлар бир эле маселеге, мисалы, акчага карата эки башка ойдо болушу жана ар биринин көз карашынын өзгөчө жактары болушу ыктымал. Оюңар келишпей калганда экөөңөр тең туура көргөн нерселерге көңүл топтоп, жалпылыкты издегиле.

  •   Экөөңөр тең көздөгөн кандай максатыңар бар?

  •   Ар бириңердин көз карашыңардын кандай жакшы жагы бар?

  •   Ынтымагыңар ыдырабашы үчүн, бириңер же экөөңөр тең ылайыкташа билип, оюңарды өзгөртө аласыңарбы?

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктар 10:24).

a Олуттуу маселелердин айрымдарын үй-бүлө курганга чейин чечип алыш керек. Ошентсе да күтүлбөгөн жагдайлар болуп калышы же убакыттын өтүшү менен жубайлардын биринин көз карашы, сезимдери өзгөрүшү мүмкүн (Насаатчы 9:11).