Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Балаңарга мектептеги бааларын жакшыртканга кантип жардам бере аласыңар?

Балаңарга мектептеги бааларын жакшыртканга кантип жардам бере аласыңар?

 Балаңар сабакка көңүл бурбай, үй тапшырмасын аткарбай жаткандай сезилип жатабы? Эгер бала чындап эле сабагын окубай калса эмне болот? Баалары да, жүрүм-туруму да начарлап кетет. Анда балаңарга мектептеги бааларын жакшыртканга кантип жардам бере аласыңар?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Кысым көрсөтүү көйгөйдү күчөтөт. Балаңарга кысым көрсөтсөңөр, ал мектепте да, үйдө да стресс болот. Анын кесепетинде калп айтышы, начар баа алганын жашырышы, күндөлүгүнө силердикине окшоштуруп кол коюп коюшу же сабактан кача башташы мүмкүн. Ошентип, көйгөй күчөгөндөн күчөй берет.

 Сыйлык берүү тескери натыйжа бериши мүмкүн. Эндрю мындай дейт: «Кызыбызга жакшы окуганга түрткү бериш үчүн, жакшы баа алып келсе, сыйлык берип койчубуз. Бирок кийин кызыбыздын ошон үчүн эле окуп калганын байкадык. Себеби жакшы баа албай калса, ага эмес, сыйлык албай калганына көбүрөөк капаланчу».

 Мугалимдерди күнөөлөө жакшы натыйжа бербейт. Эгер ошентсеңер, балаңар күч жумшабай эле ийгиликке жетсе болот деп ойлоп калышы мүмкүн. Ошондой эле күнөөсүн башкаларга оодара салганга жана көйгөйлөрүн бирөө чечип бергенге көнүп алышы ыктымал. Кыскасы, балаңар эр жеткенде керек боло турган нерсеге, кылган иши үчүн жоопкерчиликтүү болгонго, үйрөнбөй калышы мүмкүн.

 Эмне кылсаңар болот?

 Сабырдуу болгула. Ачууланып турсаңар, балаңар менен баалары жөнүндө сүйлөшпөй эле коё турганыңар оң. Бретт мындай дейт: «Жубайым экөөбүз балабызды урушпай, айткандарын түшүнгөнгө аракет кылганыбызда натыйжасы жакшы болот».

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19).

 Көйгөй эмнеде экенин аныктагыла. Адатта, балдардын начар окушуна мектептеги зордук-зомбулукка кабылышы, башка мектепке которулушу, экзаменден коркушу, үй-бүлөсүндө көйгөйлөрдүн болушу, жетиштүү уктабашы, күн тартибинин жок болушу жана көңүл топтой албашы себеп болот. Балаңар жалкоолуктан эле окубай жатат деп ойлогондон качкыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Жагдайды жакшы түшүнгөн ийгиликке жетет» (Накыл сөздөр 16:20).

 Сабак окушуна ылайыктуу шарт түзүп бергиле. Балаңарга окуп, үй тапшырмасын аткарганга убакыт бөлүп бергиле. Сабагын эч нерсе (анын ичинде телевизор же телефон) алаксытпай турган жерде окушуна кам көргүлө. Балаңар жакшы көңүл топтой алышы үчүн, үй тапшырмасын бөлүп-бөлүп аткарышына жардам бергиле. Германияда жашаган Хектор: «Баламдын экзамени жакындап калганда, акыркы мүнөткө чейин чоюп жүрүп албай, күнүгө кичинеден кайталап турабыз»,— дейт.

 Ыйык Китептеги принцип: «Бардык нерсенин өз убагы бар» (Насаатчы 3:1).

 Сабагын жакшы окуганга түрткү бергиле. Балаңар мектептен азыр кандай пайда алып жатканын түшүнсө, жакшы окуганга түрткү алат. Мисалы, математиканы билгенинин аркасында чөнтөк акчасын туура колдонуп жатканын айтсаңар болот.

 Ыйык Китептеги принцип: «Акылмандыкка, түшүнүккө ээ бол... Аны жогору баала» (Накыл сөздөр 4:5, 8).

 Кеңеш: Балаңарга үй тапшырмасын аткарууга жардам бергиле, бирок өзүңөр аны аткарып бербегиле. Эндрю: «Кызыбыз бизге таянып алып, тапшырмасын аткарганга өзү такыр аракет кылчу эмес»,— дейт. Балаңарга үй тапшырмасын өзү аткарганды үйрөткүлө.