Мазмунун көрсөтүү

Германиядагы көчмө текчелер «өргүүгө кетишти»

Германиядагы көчмө текчелер «өргүүгө кетишти»

Дүйнө жүзүндөгү ири шаарларда жөө жүргөндөр Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттары коюлган текчелерди көп көрүп, көнүп да калышты. Алсак, андай текчелерди Германиянын Берлин, Кёльн, Гамбург, Мюнхен жана башка эл жыш отурукташкан шаарларынан көрүүгө болот.

Бирок ары-бери өткөндөрдү өзүнө тартып турган адабият текчелерин Германиянын эл эс алганы көп барган чакан шаарларына коюу жакшы натыйжа берет беле? Деңиздин жээгиндеги жана түндүктөгү курорттор бар шаарларда, жана Балтика, Түндүк деңиздериндеги аралдарда текчелерден адабият алышат беле? Ушул суроолорго жооп алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн Борбордук Европадагы филиалы 2016-жылы атайын чара көргөн. Мурун ири шаарларда адабият текчеси менен кабар айтып жүргөн 800дөй Жахабанын Күбөсү, анын ичинде тээ алыскы Австриянын Вена шаарынан келгендер да май айынан октябрь айына чейин бул ишке өз ыктыяры менен катышкан. Натыйжада Германиянын түндүгүндөгү шаарлардын 60тай жерине адабият текчелери коюлган.

«Адаттагы көрүнүшкө айланды»

Эл Жахабанын Күбөлөрүн жакшы кабыл алган. Бул ишке катышкан бир ыктыярчы: «Аябай кызыгып суроолорду берип, жылуу-жумшак мамиле кылып, жакшы сүйлөшкөн адамдар көп болду»,— деген. Ал эми Плён шаарынан келген Хейди мындай деп ой бөлүшкөн: «Бир нече күндөн кийин эле адабият текчелери адаттагы көрүнүшкө айланды. Тааныш болуп калгандар бизди көргөндө кол булгалап калышчу». Кулагы укпаган бир киши жаңдоо тилинде: «Силер бүт жерде кабар айтат экенсиңер»,— деген. Ал достору менен Германиянын түштүк-чыгышында кулагы укпагандарга арналган жолугушуудан кайтып келатыптыр. Көрсө, ал жерден да Жахабанын Күбөлөрүн көрүптүр.

Атүгүл колдоо көрсөткөн жергиликтүү тургундар да болгон. Вангероге аралында бир полиция кызматкери Жахабанын Күбөлөрүнө кайсы жерден көбүрөөк адамдарды кезиктирсе болорун сылыктык менен айтып берген. Мюриц районундагы Варен шаарында болсо туристтерди ташыган кеменин капитаны жүргүнчүлөрдүн көңүлүн кеме жайдагы адабият текчелерине буруп: «Тиги жерден Кудай жөнүндө биле аласыңар»,— деп айткан. Эс алып жүргөндөрдүн көбү адабият текчелеринин жанына барып, алардагы жарнактарды окушкан.

Туристтер да, жергиликтүү эл да төмөнкү үч китепчеге өзгөчө кызыгышкан.

  • «Кудай бизге кам көрөбү?» Бир турист аял: «Ушул суроо мени көптөн бери ойлондуруп жүргөн. Ырас, биякта эс алып жүргөндө шашпай окуп, суроомо жооп алат турбаймбы»,— деген.

  • «Кудайдан келген жакшы кабар». Улгайган бир киши Жахабанын Күбөсү болгон жубайларга динден көңүлү калганын айткан. Жубайлар ага дүйнөдөгү көйгөйлөрдү адамдардын эч кимиси чече албай турганын, аларды бир гана Кудай чечерин түшүндүрүп беришкен. Ал киши китепчени алып, сөзсүз окуйм деп сөз берген.

  • «Бөбөктайдын сабагы». Бир киши кичинекей кызына балдар үчүн чыгарылган ушул китепчени алууга уруксат берген. Андан сырткары, ал «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти алып: «Үй-бүлөмө пайдасы тийчүдөй экен»,— деп айткан.

Ары-бери өткөндөр 3 600дөн ашуун адабият алышкан. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүнөн алардыкына келип, дагы көбүрөөк айтып беришин суранышкан.

Ыктыярчылардын баарына бул ишке катышканы аябай жаккан. Балтика деңизине жакын жерге барып кызмат кылган Йорк менен аялы Марина: «Бул биз үчүн сонун белек болду. Биз Кудай жараткан табиятка суктанып, ошол эле учурда адамдар менен ал жөнүндө сүйлөшүп жаттык»,— дешкен. Ал эми 17 жаштагы Лукас: «Мага аябай жакты. Убактымды жагымдуу өткөргөндөн тышкары, башкаларга баалуу нерсе бере алдым»,— деген.