Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жакшы кабар Түндүктүн булуң-бурчуна жетүүдө

Жакшы кабар Түндүктүн булуң-бурчуна жетүүдө

2014-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Европа менен Түндүк Американын алыскы аймактарына жакшы кабарды жеткирүү боюнча программа уюштурууну чечкен (Элчилер 1:8). Башында программа Аляска (АКШ), Лапландия (Финляндия), Нунавут жана Түндүк-Батыш аймактардагы (Канада) райондордо ишке киргизилген.

Жахабанын Күбөлөрү ондогон жылдардан бери ушул алыскы аймактарга кабар айтып келген. Бирок ал жакта кыска убакытка эле болуп, көбүнчө Ыйык Китепке негизделген адабияттарды таратышчу.

Ушул программанын алкагында Жахабанын Күбөлөрүнүн алыскы аймактарындагы кабар айтуу ишине көзөмөл кылган филиал пионерлерди (убактысынын көбүн кабар айтууга жумшагандар) тандалган аймактарда жок дегенде үч айга калууга үндөгөн. Эгер ал жергедеги элдер кабарга кызыкса, пионерлер дагы көбүрөөк калып, изилдөөлөрдү өткөрүшмөк, атүгүл жолугушууларды да өткөрүп турушмак.

Албетте, Түндүктө кыйынчылыктар болбой койбойт. Мисалы, бири түштүк Калифорнияда, экинчиси Жоржияда (АКШ) жашаган эки пионер Барроу (Аляска) шаарына дайындалганда, кыштын суугу минус 38 градус эле. Бирок ошого карабастан, бир нече эле айдын ичинде шаардын 95 пайызын кыдырып чыгышкан жана 4 киши менен изилдөө башташкан. Изилдөөгө макул болгондордун арасында Жон менен анын сүйлөшкөн кызы бар болчу. Учурда бир туугандар алар менен «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китепти изилдеп жатышат жана Жон билгендерин досторуна, чогуу иштешкендерине айтууда. Ал телефонуна жүктөп алган JW Library программасынан «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесин да күн сайын окуп турат.

Нунавуттун (Канада) аймагындагы Ранкин-Инлет айылына бара турган жол жок. Ошондуктан эки пионер ал чакан айылга учак менен барып, бир нече изилдөө башташкан. Бир киши «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген тасманы көргөндөн кийин ошол аймакка Падышалык залынын качан куруларын сураган. Ал: «Залыңар курулуп бүткүчө, эч жакка кетип калбасам, жолугушууларга сөзсүз барам»,— деп кошумчалаган.

Савукоскиге (Финляндия) дайындалган пионерлер: «Суук аябай катуу болот, кар болсо белчеден»,— деп айтышкан. Ал жакта бугулар адамдарга караганда он эсе көп. Бирок бир туугандар эң ылайыктуу учурда барганын айтышкан. Эмне үчүн? Алар: «Биз аймактардын баарын кыдырып жатабыз. Айылдарга жана алыскы аймактарга бара турган жолдорду кардан улам-улам тазалап турушат. Катуу суукта элдер көбүнчө үйүндө болушат»,— дешкен.

Түндүктүн алыскы аймактарына кабарды жеткирүү үчүн кылган аракетибиз байкалбай койгон жок. Эки пионер Аляскадагы бир шаардын мэри менен сүйлөшкөндөн кийин, ал аял социалдык тармактагы веб-барагына Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы пикирин жазып, «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген баракчанын сүрөтүн салып койгон.

Хейнс (Аляска) аймагында кызмат кылган эки пионер коомдук китепканада өткөрүлгөн жолугушууга 8 кишини чакырган. Жергиликтүү гезитке чыккан макалада Техастан жана Түндүк Каролинадан келген эки киши ар бир адам менен Ыйык Китепти жекече изилдөөнү сунуштаганы жазылган. Макала: «Көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org сайтына киргиле»,— деген сөздөр менен аяктаган.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү кабарды кантип таратышат?

Биз Иса Машаяк жерде жүргөндө колдонгон ыкманы колдонуп жатабыз. Ал кандай ыкмаларды колдонду эле?

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?