Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кабар айтыш үчүн деңиздин түбү менен баскандар

Кабар айтыш үчүн деңиздин түбү менен баскандар

Германиянын Шлезвиг-Гольштейн деген жери менен Түндүк деңиздин чектешкен жеринде Халлиген деп аталган топ арал бар. Ал жакта 300дөй киши жашайт. Жахабанын Күбөлөрү аларга жакшы кабарды кантип жеткирип жатышат? (Матай 24:14).

Алар айрым аралдарга кайык менен барышат. Ал эми кээ бирлерине барыш үчүн башка ыкма таап алышкан. Кандай ыкма? Деңиздин түбү менен 5 километрдей жөө басышат. Кандайча?

Суу тартылган маалды күтүп турушат

Түндүк деңиздин Халлиген аралдары жайгашкан жээгиндеги суусу алты саат сайын адаттагы деңгээлинен үч метрдей ылдый түшүп же көтөрүлүп турат. Суу тартылганда Жахабанын Күбөлөрү деңиздин түбү менен өтүп, алыскы үч аралга жетип алышат.

Бул саякатты кандай элестетесиңер? Жолду жакшы билген Ульрих мындай дейт: «Халлиген аралдарынын бирине жетиш үчүн 2 сааттай убакыт кетет. Көбүнчө жылаңайлак басабыз. Бул ыңгайлуу да, жеңил да. Суукта өтүк кийип алабыз».

Тегерегиңе көз чаптырсаң, айлана бир башкача. «Башка планетада кетип бараткандай сезилет. Бир жери баткак болсо, бир жери таштак. Дагы бир жеринен бутуңа балырлар илинет. Үстүңөн канаттуу куштар учуп өтсө, жерден кыбырап кетип бараткан крабдарды, толгон-токой башка жандыктарды көрөсүң»,— дейт Ульрих. Ал жол менен өткөндөргө айрым жерлерден немисче приели деп аталган майда агын сууларды кечип өткөнгө туура келет.

Бул жолдун өзүнүн кооптуу жактары бар. Ульрих сөзүн мындай деп улайт: «Туман каптаганда оңой эле адашып кетишиң мүмкүн. Ошон үчүн компас жана GPS бар шайман алып алабыз. Суу артка келген убакка кабылып калбаш үчүн убакытка так карманабыз».

Халлиген аралдарында жакшы кабар таратылып жатат

Мындай күч-аракеттин акыбети кайтып жатабы? Ульрих «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарын дайыма окуган, 90дон өтүп калган бир киши жөнүндө мындай дейт: «Бир жолу убактыбыз тар болуп ага кире албай калдык. Кетип баратсак, артыбыздан велосипед менен кубалап жетип: „Мага “Күзөт мунарасын” таштабай эле кетип баратасыңарбы?“ — деди. Биз күлүп, ага журналын карматтык».

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмнеге ишенген нерселерибизди башкаларга айтабыз?

Ишенген нерселерибизди башкаларга айткандыгыбыздын үч негизги себеби бар.

Жахабанын Күбөлөрү кабарды кантип таратышат?

Биз Иса Машаяк жерде жүргөндө колдонгон ыкманы колдонуп жатабыз. Ал кандай ыкмаларды колдонду эле?