Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын баамдап жатасыңбы?

Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын баамдап жатасыңбы?

Түркүн түстүү гүлдөрдү, жымыңдаган жылдыздарга толгон асманды же үнү кулак жарган шаркыратманы көргөндө Жараткан жөнүндө ойлоносуңбу? Табият Жахабанын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын айкын көрсөтүп турат (Рм 1:20). Көзүбүз көргөн нерселер жөнүндө ой жүгүрткөнгө убакыт бөлсөк, Кудайдын күчүн, сүйүүсүн, акылмандыгын, адилеттүүлүгүн, ошондой эле берешендигин баамдайбыз (Зб 104:24).

Сен күндө Жахабанын кайсы кереметтүү жаратууларын көрөсүң? Шаарда жашасаң да, канаттуу куштарды же бак-дарактарды көрө аласың. Жахаба жараткан нерселерге кылдат байкоо салуу көп тынчсызданбаганга, көйгөйлөрүбүзгө туура көз карашта болгонго жана Жахабанын бизге түбөлүк кам көрө аларына болгон ишенимибизди бекемдегенге жардам берет (Мт 6:25—32). Балдарыңар бар болсо, аларга Жахабанын теңдешсиз сапаттарын аңдоого көмөк кылгыла. Жаратылышка болгон ыраазычылыгыбыз арткан сайын, Жаратканыбызга ошончолук жакындай беребиз (Зб 8:3, 4).

«ЖАРАТЫЛГАНДЫН БААРЫ ЖАРАТКАНДЫН ДАҢКЫН ЖАР САЛАТ. ЖАРЫК ЖАНА ТҮСТӨР» ДЕГЕН ВИДЕОТАСМАНЫ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эмне үчүн түстөрдү айырмалап көрө алабыз?

  • Түстөр эмнеге жараша кубулат?

  • Эмне үчүн асмандагы ар кандай өңдөрдү көрө алабыз?

  • Үйүңдүн тегерегинен кандай түстөрдү көрөсүң?

  • Табиятка көз чаптырганга эмне үчүн убакыт бөлүшүбүз керек?

Жарык менен түстөрдөн Жахабанын сапаттары жөнүндө эмнени билүүгө болот?