Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабанын убадаларына канчалык бекем ишенесиңер?

Жахабанын убадаларына канчалык бекем ишенесиңер?

Жашыя да, Сулайман пайгамбар да Жахабанын бир да сөзү аткарылбай калбаганын айтышкан (Жш 23:14; 1Пд 8:56). Муну өз көзү менен көргөн бул кишилердин сөздөрү бизге Жахабанын убадаларынын сөзсүз аткарыларына бекем ишенүүгө түрткү берет (2Кр 13:1; Тит 1:2).

Жашыянын күндөрүндө Жахаба убадаларын кантип аткарган? Үй-бүлөңөр менен «Жахабанын убадаларынын бири да аткарылбай калган жок» деген тасманы көргүлө. Анан бул суроолорго жооп бергиле: 1) Ишеним менен иш кылган Рахаптан кандай үлгү алсак болот? (Ев 11:31; Жкп 2:24—26) 2) Билип туруп тил албай коюу кесепеттүү болорун Ахандын окуясы кандайча көрсөтүп турат? 3) Гибондуктар жоокерлер болсо да, эмне үчүн Жашыяны алдап, Ысрайыл менен тынчтык келишимин түзүшкөн? 4) Аморлуктардын беш падышасы Ысрайылга каршы согушууга аттанганда, Жахабанын сөздөрү кандайча аткарылган? (Жш 10:5—14) 5) Кудайдын Падышалыгын, анын адилдигин биринчи орунга койсок, Жахаба эмне кылат? (Мт 6:33)

Жахабанын биз үчүн кылган, кылып жаткан жана кыла турган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртсөк, анын убадаларына болгон ишенимибиз бекемделет (Рм 8:31, 32).

Ишенимиңер Жашыяныкындай күчтүүбү?