ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?
Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген өзгөчө курал
1-АПРЕЛЬ, 2022
2021-жылдын январында Жетектөөчү Кеңеш Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» a деген жаңы куралдын чыкканын кулактандырган. Ошол кулактандырууну укканда кандай сезимде болдуңар эле? Канадада жашаган Метью мындай дейт: «Мен аябай кубандым. Бул жаңы адабиятты кантип даярдашканы, кантип сынактан өткөрүшкөнү жөнүндөгү видеолорду көргөндө, баяндамаларды укканда ого бетер бүйүрүм кызып калды. Аны колума алып, кызматта колдоно турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жаттым».
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабияттын жардамы менен изилдөө өткөргөндө таптакыр жаңыча ыкма колдонулат. Бирок бул жаңы китеп буга чейин Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген куралдардан дагы башка жактарынан айырмаланат. Эгер «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин кагаз түрүндөгүсүн колдонуп көргөн болсоңор, анда анын дагы башка өзгөчөлүгүн байкаган болушуңар керек. Ал эмне болгон өзгөчөлүк? Келгиле анда, бул китептин кантип басылганы жөнүндө көбүрөөк билип көрөлү.
Ичи эле эмес, сырты да өзгөчө
Кагаздын башка түрү. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп үчүн тыгызыраак кагаз колдонулган. Анткени анда 600дөн ашык түстүү сүрөттөр бар. Бул «Эмнелерди билебиз?» деген китепке салыштырганда, дээрлик 10 эсе көп. Ошондой эле анда эч кандай жазуусу, сүрөтү жок бош жерлер көп. Жогорудагы себептерден улам бир көйгөй пайда болмок. Эгерде жука кагаз колдонулса, анда барактын аркы бетиндеги сүрөттөр көрүнүп калмак. Ушул көйгөйдөн качыш үчүн Уолкиллдеги (Нью-Йорк штаты, АКШ), эл аралык басып чыгаруу бөлүмүндө кызмат кылган бир туугандарыбыз бул жаңы китеп үчүн басмаканаларыбызда колдонулган кагаздын 4 түрүн колдонуп көрүшкөн. Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитети ар бир кагазды карап чыгып, алардын ичинен ылайыктуусун, тыгызыраагын тандап алган. Бул кагаз башка адабияттарыбыз үчүн колдонулган кагаздардан болжол менен 16 пайызга кымбатыраак. Бирок ошол кагаз колдонулса, бул жаңы китептин жардамы менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандар барактын аркы бетиндеги сүрөттөргө алаксымак эмес.
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепти басып чыгарганга колдонулган кагаз (сүрөттүн оң жагындагысы)
Мукабасынын өзгөчөлүгү. Бул жаңы китептин тышы да башкачараак. Ал жалтырабаган кагаз менен мукабаланып, коргой турган тыш менен капталган. Ошонун аркасында мукабадагы сүрөт чагылышпай жакшы көрүнүп турат. Мындай мукабанын дагы бир жакшы жагы ал китептин жакшы сакталышына өбөлгө түзгөндүктөн, аны көпкө чейин колдоно алабыз. Бирок мындай мукабалоо, кадимки жалтырак мукабага салыштырганда, 5 эсе кымбат болушу мүмкүн. Ошон үчүн бир нече филиал биригип, жалтырабаган кагазды арзаныраак сатып алышкан.
Мукабага коргой турган тыш капталып жатат
Бул китепке эмне үчүн ушундай кымбат кагаздар колдонулган? Эл аралык басып чыгаруу бөлүмүндө кызмат кылган бир бир тууганыбыз: «Бул китепти кызматта далай колдонобуз. Ошон үчүн көп жолу колдонулганына карабай, анын сырткы көрүнүшү жакшынакай абалда сакталышын каалайбыз»,— деген. Бразилиядагы филиалдагы басмаканада кызмат кылган Эдуардо: «Жахабанын уюмунун бул китепти жакшынакай, бышык, колдонгонго ыңгайлуу кылып чыгарыш үчүн сапаттуу материалдарды колдонгонуна аябай кубандык. Ошол эле учурда тартуулар да акылдуулук менен колдонулду»,— дейт.
COVID-19 пандемиясы учурунда басылышы
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп 2021-жылдын мартында басыла баштады. Басып чыгаруу иши COVID-19 пандемиясы учурунда болгондуктан, көп кыйынчылыктарга туш болдук. Бейтел карантинде болуп калгандыктан, келип-кетип кызмат кылган кызматчылар келе албай калышкан. Бейтелде кызмат кылганга жаңы бир туугандарды да чакыра албай калганбыз. Ошон үчүн айрым басмаканаларда киши жетишсиз болсо, башкалары өкмөт койгон чектөөлөрдөн улам убактылуу жабылып калган.
Бул кыйынчылыктарды кантип жеңе алдык? Басмаканалар иштей баштаганда, Бейтелдеги башка бөлүмдөрдө кызмат кылган бир туугандардын айрымдары басмаканаларга жардам бергенге убактылуу дайындалышкан. «Ушундай жан аябас, жаңы нерселерди үйрөнгөнгө дилгир бир туугандарыбыздын болгонуна кандай гана ыраазыбыз. Алардын жардамы менен тоодой ишти бүтүрө алдык»,— дейт эл аралык басып чыгаруу бөлүмүндө кызмат кылган Жоел.
Ушундай кыйынчылыктарга карабай «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепти миллиондогон нускада басып чыгардык. Аларды чыгарыш үчүн ар кандай каражаттарды, мисалы, басма табактарын, мукабасына жана ичине колдонулган кагаздарды, сыяларды, желимди колдондук. Басып чыгаруунун алгачкы 5 айында эле каражаттарга 2,3 миллион доллардан (АКШ) ашык акча сарпталган. Чыгымдарды азайтыш үчүн жыйналыштар канча буйрутма берсе, ошончо эле басып чыгардык.
«Чыгармачылыктын туу чокусу»
Бул китептин жардамы менен башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге көмөк кылып жаткандар да, изилдеп жаткандар да ал жөнүндө кандай ойдо? Австралияда жашаган Пол мындай дейт: «„Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!“ деген бул адабият укмуштуудай сонун китеп. Аны колдонуп башкалар менен Ыйык Китепти изилдеген аябай жагат. Китеп интерактивдүү болгондуктан, изилдөө кызыктуу өтөт. Анда кыска-нуска, так-айкын маалыматтар, иш-аракет кылганга түрткү берген суроолор, кызыктуу видеолор, сүрөттөр, ар кандай схемалар жана изилдеп жаткандар коё ала турган максаттар бар. Бул курал, чынында эле, „чыгармачылыктын туу чокусу“ экен. Анткени ал мага окутуу чеберчилигимди арттырганга жардам берип жатат». Кошмо Штаттарда Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир киши: «Мага бул китеп аябай жакты. Сүрөттөр негизги ойлорду түшүнгөнгө жардам берет. Видеолор болсо жүрөгүмдү козгоп, иш-аракет кылганга түрткү берет»,— дейт. Ал жумасына 2 жолу изилдеп, жыйналышка үзбөй катышып жатат.
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп дагы миллиондогон нускада көптөгөн тилдерде басылышы керек. Негизи, Жетектөөчү Кеңеш бул китепти 710 тилде басып чыгарганга уруксат берген. Бул «Эмнелерди билебиз?» деп аталган китепке салыштырганда, 340 тилге көп.
Басып чыгаруу үчүн каражат каяктан алынат? Бул каражат бүткүл дүйнөлүк ишке кылынган тартуулардын эсебинен алынат.
Көптөр тартууларын donate.jw.org сайты аркылуу жөнөтүп жатышат. Марттык менен кылып жаткан тартууларыңарга абдан ыраазыбыз. Алар Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген куралдарды басып чыгарууга жумшалып жатат. Андай куралдар башкаларга Жахаба жөнүндө билгенге, түбөлүккө рахаттанып өмүр сүргөнгө өбөлгө түзөт (Забур 22:26).
a Адабияттын жарык көргөнү JW телеберүүсүнө чыккан жылдык жолугушууда кулактандырылган.