Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Дүйнөдөгү эң баалуу китептин чыгарылышы

Дүйнөдөгү эң баалуу китептин чыгарылышы

1-ЯНВАРЬ, 2021

 «Мен муну 19 жылдан бери күтүп келаткам!» Бул ишенимдешибиз эмнени күтүп келаткан? Өз эне тилиндеги, бенгали тилиндеги, Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосун». Көптөр өз эне тилинде «Жаңы дүйнө котормосу жарык көргөндө, ушул бир тууганыбыздай болуп кубанышат. Бирок: «Ыйык Китеп которулуп, басып чыгарылыш үчүн, кандай иштер жасалат болду экен?» — деп ойлонуп көрдүңөр беле?

 Адегенде Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитетинин көрсөтмөсү ылайык котормо тобу дайындалат. Ыйык Китепти которгонго канча убакыт сарпталат? Уориктеги (Нью-Йорк) Котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Николас Аладис муну минтип түшүндүргөн: «Канча убакыт кетери көп нерседен көз каранды. Мисалы, китепти которгонго канча котормочу бар? Которула турган тил канчалык татаал? Окурмандар Ыйык Китеп жазылган убакты канчалык жакшы билет? Тилдин канча диалектиси бар? Мына ушулардын баары эске алынат. Кайсы жерде болбосун, Грек Жазмалары орто эсеп менен бир жылдан үч жылга чейин которулат. Ал эми Ыйык Китепти толугу менен которуп бүтүш үчүн төрт же андан ашуун жыл керек. Жаңдоо тилине которгонго болсо андан да көп убакыт кетет».

 Бул ишке котормочулардан тышкары, башкалар да салым кошушат. Маселен, котормого сырттан баа берген тек-жайы ар кандай окурмандар тандалат. Кээде атүгүл башка өлкөдөгү ишенимдештерибиз да катышат. Андай кызмат үчүн алар эч кандай акы алышпайт. Алардын байкагандары, сунуштары Ыйык Китепти так, түшүнүктүү, маңыздуу кылып которгонго жардам берет. Түштүк Африкадагы Ыйык Китеп которгон котормочуларды үйрөткөн бир нускоочу мындай деген: «Котормочулар Жахабанын алдында да, окурмандардын алдында да олуттуу жоопкерчилиги бар экенин жакшы түшүнүшөт».

 Ыйык Китеп которулуп бүткөндөн кийин, аны басып чыгарып, мукабалаш керек болот. Ан үчүн, бери дегенде, төмөнкү 10 нерсе талап кылынат: кагаз, сыя, сыртын каптоочу материал, желим, ичтей турган материал, барактардын капталдарына чачыла турган күмүш өңдүү сыр, чөп кат катары колдонула турган лента, барактарды бириктире турган материалдар, китеп түп (корешок) жабыштырыла турган материалдар жана ички бетин каптай турган материалдар. Ушул материалдарды сатып алганга эле 2019-жылы 20 миллиондон ашуун доллар сарпталган. Ал эми ошол жылы басмаканада кызмат кылган бир туугандар Ыйык Китептерди басып чыгарып, аларды жөнөтүш үчүн 300 000ден ашуун саат эмгектенишкен.

«Ыйык Китеп биз басып чыгарган адабияттардын эң маанилүүсү»

 Эмне үчүн ушунча убакыт, ушунча каражат жумшалат? Муну Эл аралык басып чыгаруу бөлүмүндө кызмат кылган Жоел Блю мындай деп түшүндүргөн: «Ыйык Китеп биз басып чыгарган адабияттардын эң маанилүүсү. Ошон үчүн анын сырткы көрүнүшү өзүбүз сыйынган Кудайды даңктагыдай болушун жана айткан кабарыбызга ылайык келишин каалайбыз».

 «Жаңы дүйнө котормосунун» кадимки басылыштарынан тышкары, өзгөчө муктаждыктары барларга да өзүнчө Ыйык Китептерди басып чыгарабыз. «Жаңы дүйнө котормосу» Брайл арибинде 10 тилде чыгарылат. Брайл арибиндеги бир Ыйык Китепти толугу менен басып чыгарыш үчүн, бери дегенде, 8 саат кетет. Ал эми анын томдорунун баарын жайгаштырганга 2,5 метрдей шкаф керек болот. Ошондой эле түрмөдө отургандарга өзүнчө Ыйык Китептерди басып чыгарабыз. Себеби ал жакка мукабасы кагаз болгон китептерди гана киргизүүгө уруксат берилет.

 Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» аны окугандардын жашоосуна жакшы таасир этет. Конго Демократиялык Республикасында жайгашкан Томбе деген жердеги килуба тилиндеги жыйналышты мисалга алалы. Томбе өлкөнүн борбор калаасынан 1 700дөн ашуун чакырымдай алыстыкта орун алган. Ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн баары бир эле Ыйык Китепти колдонушчу. Анысы аз келгенсип, ал Ыйык Китепте килуба тилиндеги эскирип калган сөздөр колдонулган. Бир туугандарыбыз жыйналыштагы тапшырмаларын даярдай алышы үчүн ал китепти колдон колго өткөрүшчү. Бирок 2018-жылы, августта килуба тилинде «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен жарык көргөн. Ошонун аркасында жыйналыштагы ар бир киши түшүнүктүү тилдеги Ыйык Китепти ала алышкан.

 Немис тилинде сүйлөгөн бир ишенимдешибиз «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жөнүндө мындай деген: «Мурда Ыйык Китепти өзүмдү кыйнап окучумун. Азыр болсо Ыйык Китеп окуганга шашам». Түрмөдө отурган бир киши болсо мындай деп жазган: «Мага „Жаңы дүйнө котормосун“ беришти. Ал менин жашоомду өзгөртүп жатат. Бул китепти окуганга чейин Кудайдын Сөзүндө эмнелер жазылганын такыр түшүнчү эмесмин. Эми Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө, алардын бири болуш үчүн эмне кылышым керектиги жөнүндө көбүрөөк билгим келип калды».

 «Жаңы дүйнө котормосун» окугандардын баары ушул котормо чыгыш үчүн салынган тартууларга аябай ыраазы. Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн салынган ал тартуулар donate.jw.org сайты аркылуу жөнөтүлөт. Жоомарттыгыңар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!