Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн тиленишибиз керек?

Эмне үчүн тиленишибиз керек?

ТИЛЕНҮҮ. Ыйык Китепте көптөрдү кызыктырган нерселер тууралуу жазылган. Алардын бири — тиленүү. Келгиле, тиленүү жөнүндө көптөр берген жети суроону жана аларга Ыйык Китепте эмне деп жооп берилерин карап көрөлү. Бул катар макалаларда жазылгандар силерге Кудайдан тилене баштоого же дагы маңыздуураак тиленгенге жардам берет.

МАДАНИЯТЫ, туткан дини кандай болбосун, дүйнө жүзү боюнча адамдар тиленет. Алар жалгыз да, топ болуп да тиленет. Чиркөөлөрдө, ибадатканаларда, синагогаларда, мечиттерде, мазарларда тиленишет. Тиленип жатканда жайнамаздарды, теспелерди, тиленүү жазылган китептерди, кресттерди, сөлөкөттөрдү же тиленүү жазылган илип койчу тактайчаларды колдонушат.

Тиленгенибиз бизди башка тирүү жандыктардан айырмалап турат. Албетте, биз жаныбарларга көп жагынан окшошпуз. Алардай эле азыктанабыз, дем алабыз, суу ичебиз, төрөлөбүз, жашайбыз жана өлөбүз (Насаатчы 3:19). Бирок адамдар гана тиленет. Эмне үчүн?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бизде ушундай муктаждык бар. Анын үстүнө, көптөр тиленүүнү өздөрү кимди же эмнени ыйык, түбөлүктүү деп эсептеп, ага сыйынышса, ошону менен байланышуунун жолу деп ойлошот. Ыйык Китепте биздин ушундай муктаждыгыбыз бар экени айтылган (Насаатчы 3:11). Иса пайгамбар бир жолу: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан (Матай 5:3).

«Рухий муктаждыгын», башкача айтканда, Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин сезгендиктен адамдар диний имараттарды курушат, сыйынууда колдонулчу ар кандай буюм-тайымдарды жасашат жана тиленүүгө көп убактысын арнашат. Айрымдар рухий муктаждыгын өздөрү канааттандырганга аракет кылса, кээ бирлери башкаларга кайрылышат. Бирок адам баласынын бул жагынан толук жардам бере албай турганына кошуласыңарбы? Биз алсыз келебиз, өмүрүбүз да кыска, келечекти да көрө албайбыз. Андыктан бизден алда канча күчтүү, акылдуу, узак жашаган кимдир бирөөнүн жардамына муктажбыз. Көбүнчө кандай учурларда тиленгенге муктаж болобуз?

Ойлонуп көрсөңөр, жетекчиликке, акылмандыкка муктаж болгон же суроолоруңарга жооп алгыңар келген, бирок ага адамдын акылы жетпечүдөй сезилген учурларыңар болду беле? Жакыныңардан айрылып, сооротууга муктаж болдуңар беле? Эмне кыларыңарды билбей башыңар маң болуп турганда жетекчиликке зар болдуңар беле? Же күнөөңөр кечирилип, анын оор жүгүнөн арылгыңар келген учуруңар болду беле?

Ыйык Китепте айтылгандарды эске ала турган болсок, ушундай жагдайлардын баарында тиленгенибиз эң туура. Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө жазылгандар ишенүүгө татыктуу. Анда көптөгөн жакшы кишилердин тиленгенде айткан сөздөрү жазылган. Алар сооротууга, жетекчиликке, күнөөлөрүнүн кечирилишине муктаж болгондо жана татаал суроолоруна жооп алгысы келгенде тиленишкен (Забур 23:3; 71:21; Даниел 9:4, 5, 19; Хабакук 1:3).

Алардын тиленгенде айткандары бири-бириникинен айырмаланса да, бир жалпылыгы болгон. Баары тең, тилеги кабыл болушу үчүн, бир маанилүү нерсени билишкен. Башкача айтканда, кимден тиленүү керектигин билишкен. Так ушул нерсени бүгүнкү күндө көптөр билбейт же ага маани беришпейт.