Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-бөлүк

Кудай Ыбрайымга жана анын үй-бүлөсүнө батасын берет

Кудай Ыбрайымга жана анын үй-бүлөсүнө батасын берет

Ыбрайымдын укум-тукуму уламдан-улам көбөйө берген. Кудай Жусупту Мисирде жүргөндө коргогон

ЖАХАБА жакшы көргөн Уулунун кыйналып өлөрүн билген. Бул туурасында Башталыш китебинин 3:15-аятында кыйытып айтылган. Ошол жакшы көргөн Уулунун өлүмү канчалык кымбатка турарын Кудай жердеги пенделерге ачып бере алат беле? Кудайдын Ыбрайымга сүйүктүү баласы Ыскакты курмандыкка чалууну буйруганы ушул суроого эң сонун жооп болуп бере алат.

Ыбрайым Кудайга бекем ишенген киши болгон. Куткаруучу, башкача айтканда, Тукум Ыскактын тукумунан чыгарын Кудай убада кылганы эсиңердедир. Ыскакты тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетерине ишенгендиктен Ыбрайым аны курмандыкка чалмакчы болот. Бирок так ошол учурда Кудайдын периштеси Ыбрайымды токтотуп калат. Көзүнүн карегиндей кымбат туткан уулун курмандыкка чалууга даяр экенин көрүп, Кудай Ыбрайымга жүрөгү ысыйт да, баягы убадасын ага дагы кайталайт.

Кийинчерээк Ыскак эки уулдуу болот: биринин аты Эйсап, экинчисиники — Жакып. Эйсаптан айырмаланып, Жакып ыйык нерселерди баалаган киши болгон жана Кудайдан көп бата алган. Кудай анын ысмын Ысрайыл деген ысымга өзгөрткөн, ошондой эле анын 12 уулунан ысрайыл эли жаралган. Бир эле үй-бүлөдөн кандайча чоң эл пайда болгон?

Ал мындайча болгон. Жакыптын уулдары иниси Жусупка ич күйдүлүк кылып, аны кулдукка сатып жиберишет. Жусупту сатып алгандар аны Мисир жерине алып кетишет. Кудай ал жактан ишенимдүү, эр жүрөк жигитке батасын берет. Жусуп башынан канчалаган кыйынчылыктарды өткөрүп жүрүп, акыр-аягы, Мисирдин падышасы фараон тарабынан тандалып, болуп көрбөгөндөй зор бийликке ээ болот. Ошол маалда Жакып бир нече баласын Мисирге азык-түлүк сатып келүүгө жөнөтөт. Жусуп болсо так ошол учурда азык-түлүккө жооптуу болчу. Жусуп күнөөлөрүн мойнуна алган бир туугандары менен кайрадан жүз көрүшкөндөн кийин аларды кечирет да, бүт үй-бүлөсүнүн Мисир жерине көчүп келишине кам көрөт. Аларга жердин эң жакшысы берилип, андан ары да көбөйүп, гүлдөп өсө беришет. Ушунун баарын Кудай өз убадасын аткарыш үчүн кылганын Жусуп жакшы түшүнгөн.

Жакып карылыгы жеткенде өмүрүнүн акыркы жылдарын Мисир жеринде балдарынын кашында өткөрөт. Ал жарык дүйнө менен кош айтышар алдында убадаланган Тукумдун же Куткаруучунун Жүйүттүн тукумунан чыгарын жана ал кубаттуу Башкаруучу болорун пайгамбарлык кылат. Ал эми Жусуп өлөр алдында Кудайдын кийинчерээк Жакыптын үй-бүлөсүн Мисирден алып чыгып кетерин айткан.

Башталыш китебинин 20—50-бөлүмдөрүнө жана Эврейлер 11:17—22-аяттарга негизделди.