Башталыш 20:1—18

20  Ыбрайым ал жактан+ Негепке көчүп барып, Кадеш+ менен Шурдун+ ортосуна отурукташты. Ал Герар+ жеринде келгин болуп жашап жүргөндө да  аялы Саараны: «Бул — менин карындашым»+,— деп койду. Герар падышасы, Абымелек*, киши жиберип, Саараны алдырды+.  Түндө Абымелектин түшүндө Кудай ага: «Бул аялды алганың үчүн өлөсүң+, анткени анын күйөөсү* бар»+,— деди.  Абымелек Саарага тийген эмес эле+. Ошондуктан ал: «Жахаба, күнөөсүз элди жок кылып саласыңбы?+  Ал өзү мага: „Бул — менин карындашым“,— дебеди беле? Саара да: „Бул — менин агам“,— деп айтпады беле? Менин жаман оюм деле жок болчу, туура эмес иш кылып жатканымды да билген эмесмин»+,— деди.  Ошондо чыныгы Кудай ага түшүндө: «Жаман оюң жок экенин билгем+, ошондуктан сени мага каршы күнөө кылгандан сактап калдым+. Ошол үчүн ага тийишиңе жол берген жокмун+.  Эми аялды кайра күйөөсүнө бер, анткени анын күйөөсү — пайгамбар+. Ал сен үчүн тиленет+, ошондо тирүү каласың. Эгер антпей турган болсоң, анда билип кой, өзүң да өлөсүң, үйүңдөгүлөрүң да өлөт»+,— деди.  Абымелек эртең менен эрте туруп, кулдарынын бардыгын чакырып, бүт баарын айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.  Анан Абымелек Ыбрайымды чакырып: «Бул эмне кылганың? Мени жана менин падышалыгымды ушундай чоң күнөөгө түрткүдөй, сага каршы эмне күнөө кылдым?+ Сен туура эмес иш кылдың»+,— деди. 10  Анан: «Эмнеге ошенттиң?»+ — деп сурады. 11  Ыбрайым мындай деди: «Бул жердегилер Кудайдан коркпогондуктан+ мени аялым үчүн өлтүрүп коюшат деп ойлогом+. 12  Анын үстүнө, ал, чынында эле, карындашым. Экөөбүздүн атабыз бир, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым+. 13  Жер кезип жүрүшүм үчүн Кудай мени атамдын үйүнөн алып чыкканда+, аялыма: „Мага мээримдүүлүк көрсөтүп+, кайсы жерге барбайлы, мени: ”Бул менин агам болот”,— деп койчу“+,— деген элем». 14  Ошондо Абымелек Ыбрайымга аялы Саараны берди. Ага кошуп койлорду, бодо малдарды, кулдарды, күңдөрдү да берди+. 15  Анан: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша»+,— деди. 16  Саарага болсо: «Агаңа+ 1 000 күмүш тыйын бердим. Бул жаныңдагылардын баарынын, ар бир адамдын көз алдында таза экениңдин белгиси болот»+,— деп айтты. 17  Анан Ыбрайым чыныгы Кудайдан тиленди+. Ошондо Кудай Абымелекти, анын аялын, күңдөрүн айыктырды, алар балалуу боло башташты. 18  Анткени Жахаба Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абымелектин үйүндөгү аялдардын баарын төрөбөс кылып* койгон эле+.

Шилтемелер

Сыягы, наам.
Сөзмө-сөз: «кожоюну».
Сөзмө-сөз: «бардык жатындарды бууп».