Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепти изилдөө эмне үчүн маанилүү?

Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон китеп тууралуу айрым кызыктуу фактыларды окуп көргүлө.

1-БӨЛҮК

Кудай Адам атаны бейишке жараткан

Ыйык Китепте адам баласынын жаратылганы кандайча сүрөттөлөт? Кудай Адам ата менен Обо энеге кандай буйруктарды берген?

2-БӨЛҮК

Бейиштен кол үзүшөт

Адам ата менен Обо эне кылган иши үчүн жоопко тартылганда, Кудай адамдарга кандай үмүт берген?

3-БӨЛҮК

Адамзаттын Топон суудан аман калышы

Жамандык жер бетине кандайча тараган? Нух пайгамбар Кудайга берилген киши экенин кантип далилдеген?

4-БӨЛҮК

Кудай Ыбрайым менен келишим түзөт

Эмне үчүн Ыбрайым пайгамбар Канаан шаарына көчүп барган? Кудай аны менен кандай келишим түзгөн?

5-БӨЛҮК

Кудай Ыбрайымга жана анын үй-бүлөсүнө батасын берет

Жахаба Ыбрайымдан Ыскакты курмандыкка чалууну буйру менен эмнени билгиси келген? Жакып өлөрүнүн алдында эмнени алдын ала айткан?

6-БӨЛҮК

Аюб пайгамбар актыгынан жазган эмес

Аюб китебинде Кудайдын чынында эле Эгедер экенин далилдөөгө адамдар өз салымын кошо алары кандайча көрсөтүлгөн?

7-БӨЛҮК

Кудай ысрайыл элин куткарат

Кудай Ысрайыл элин Мисирдеги кулчулуктан чыгарыш үчүн Мусаны кантип колдонгон? Пасах майрамы эмне себептен белгиленген?

8-БӨЛҮК

Ысрайыл эли Канаан жерине келет

Ысрайылдыктар Канаан шаарын басып алганда, Кудай эмне үчүн Рахап деген аялды үй-бүлөсү менен сактап калган?

9-БӨЛҮК

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылышат

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылганда, Жахаба Шабулду дайындаган. Бирок эмне үчүн кийин анын ордуна Дөөтүнү падыша кылган?

10-БӨЛҮК

Сулайман — акылдуу падыша

Сулаймандын акылман экенин көрсөткөн кандай мисалдар бар? Ал Жахаба Кудайдын осуяттарын аткарбай калганда эмне болгон?

11-БӨЛҮК

Жан дүйнөнү тынчтандырып, билимге сугара турган ырлар

Забур китебиндеги кайсы бөлүмдөр Кудайдын ага баш ийген адамдарга сөзсүз жардам берерин жана жубатарын көрсөтүп турат? Ырдын ыры китебинде бир падыша эмнелер жөнүндө жазган?

12-БӨЛҮК

Кудайдын турмуш-тиричиликке зарыл кеңештери

Накыл сөздөр жана Насаатчы китептериндеги кеңештер жашоо-тиричиликте жана Кудайга ишенгенге кандайча жардам берерин окуп көргүлө.

13-БӨЛҮК

Жакшы жана жаман падышалар

Ысрайыл эли эмне үчүн эки падышалыкка бөлүнүп кеткен?

14-БӨЛҮК

Кудай ниетин пайгамбарлар аркылуу билдирет

Кудайдын пайгамбарлары кандай кабарларды жарыялашкан? Алар алдын ала айткан төрт нерсе жөнүндө окуп көргүлө.

15-БӨЛҮК

Туткунда жүргөн пайгамбарга келечек жөнүндө аян берилет

Даниел пайгамбар Машаяк жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнелерди билген?

16-БӨЛҮК

Машаяктын келиши

Кудай Исанын Машаяк экенин көрсөтүш үчүн периштелерди жана Чөмүлдүрүүчү Жаканды кантип колдонгон? Кудай Уулу Исанын чынында эле Машаяк экенин кантип айкын көрсөткөн?

17-БӨЛҮК

Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуткан

Иса эмне жөнүндө кабар айткан? Ал мээримдүү, адилеттүү падыша болорун кантип көрсөткөн?

18-БӨЛҮК

Иса кереметтерди жасаган

Исанын кереметтеринен анын кандай күчкө ээ экенин жана келечекте жер бетин башкарганда кандай Падыша болору тууралуу эмнелерди биле алабыз?

19-БӨЛҮК

Иса пайгамбар бүткүл дүйнө жүзүндө боло турган окуяларды айткан

Иса пайгамбар шакирттерине айтып берген белгилердин мааниси кандай?

20-БӨЛҮК

Иса Машаяк өлүм жазасына тартылат

Устунга кадалып, кордолуп өлөрүнүн алдында Иса эмнени негиздеген?

21-БӨЛҮК

Иса тирилтилет

Иса Машаяктын шакирттери Кудай Исаны тирилткенин кантип түшүнүшкөн?

22-БӨЛҮК

Элчилер тайманбастык менен кабар айтышат

Элүүнчү күн деген майрам учурунда кандай окуя болгон? Исанын шакирттери Кудайдын сөзүн жарыялаганда, душмандары эмне кылган?

23-БӨЛҮК

Жакшы кабар кеңири тарайт

Пабыл Листра шаарындагы бир кишини айыктырганда эмне болду эле? Пабыл кызматын Римде кандайча аяктаган?

24-БӨЛҮК

Пабылдын жыйналыштарга жазган каттары

Пабыл жыйналыштагы тартипке байланыштуу кандай көрсөтмөлөрдү берген? Убада кылынган тукум жөнүндө эмне деген?

25-БӨЛҮК

Ишенимге, жүрүм-турумга жана сүйүүгө байланыштуу кеңештер

Канткенде Исанын жолдоочулары Кудайга болгон ишенимин иш жүзүндө көрсөтө алышат? Адам кантип Кудайды жакшы көрөрүн далилдей алат?

26-БӨЛҮК

Жер кайрадан бейишке айланат!

Аян китеби Ыйык Китепти кандайча жыйынтыктайт?

Ыйык Китептеги кабар корутунду

Жер бетин кайрадан бейишке айланта турган падыша Иса экени кандайча акырындык менен ачыла берген?

Мезгил көрсөткүчү

Ыйык Китептеги окуялардын б.з.ч. 4026-жылдан болжол менен б.з. 100-жылына чейин кандай өрчүгөнүн көрсөткөн мезгил көрсөткүчүн бир карап койгула.