Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Кудайга ишенериңерди далилдегиле!

Кудайга ишенериңерди далилдегиле!

КУДАЙ ага бекем ишенген, андан корккон адамдардын кыйынчылыктарга дуушар болорун айткан. Ал бир пайгамбарга: «Сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп жаздырган (1 Петир 5:8). Шайтан силердин ишенимиңерди алсыратыш үчүн эмне кылат?

Силерге да каршы болуп жатышабы?

Ал силерге Ыйык Китепти окуп-изилдегенге тоскоолдук кылыш үчүн башкаларды, атүгүл жакындарыңарды силерге каршы чыкканга түртүшү мүмкүн. Бул туурасында Иса пайгамбар: «Адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот»,— деп айткан (Матай 10:36). Туугандарыңар, досторуңар Ыйык Китепте Кудай жөнүндө чындык жазылганын билбегендиктен жаман ою жок эле тоскоолдук кылышы мүмкүн. Же «эл эмне дейт» деп чочулашы ыктымал. Бирок Ыйык Китепте: «Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми ким Жахабага таянса, ал коопсуз болот»,— делген (Накыл сөздөр 29:25). Адамдарга жагыш үчүн эле Ыйык Китепти изилдегениңерди токтотуп койгонуңар Кудайга жагабы? Албетте, жакпайт. Эгерде Кудайга чындап ишенериңерди далилдесеңер, Кудай сөзсүз жардам берет. Ыйык Китепте: «Биз болсо жок болуш үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбызды сактап калыш үчүн ишенимге ээ болгондордонбуз», — деп жазылган (Еврейлер 10:39).

Ушул китепченин 6-бетиндеги окуяны эстесеңер. Ал жерде бир киши Ыйык Китепти изилдей баштаганда, аялы аны шылдыңдап, каршылык көрсөткөнү айтылган. Бирок кийин ал аял күйөөсүнө кошулуп Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ушул сыяктуу эле, силер да туура иш кылганыңарды уланта берсеңер, досторуңар да, туугандарыңар да силерди көрүп, Ыйык Китепти изилдегенге түрткү алышы мүмкүн. Кудайга чындап ишенген адамдардын үй-бүлөсүндөгүлөр алардын башкаларга «терең урмат көрсөтүп жатканын», жакшы жүрүм-турумун көрүп, Кудайга ишенип калган учурлар көп болот (1 Петир 3:1, 2).

Көптөр Ыйык Китепти изилдегенге убактым жок деген ойдо болушу үчүн, Шайтан колунан келгендин баарын кылат. Ал турмуштагы түйшүктөр адамдын жүрөгүн ээлеп алып, «Кудайдын сөзүн басып салышын» жана «сөз жемиш бербей калышын» каалайт. Башкача айтканда, Шайтан адамдардын ар кандай кыйынчылыктардын, акчанын айынан түйшүккө малынып, Кудайдын жолунан чыгып кетишин көксөйт (Марк 4:19). Анын силерди ак жолдон тайдырышына жол бербегиле. Инжилде: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп жазылган (Жакан 17:3). Ооба, Бейиште түбөлүк жашаш үчүн Кудай менен Иса Машаяк жөнүндө билим ала беришибиз керек.

Кудайга тиленгиле

Мисир падышасынын ак сарайында чоңойгон Муса пайгамбар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал сансыз байлыкка, атак-даңкка жана бийликке ээ боло алмак. Бирок ал «күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн». Эмне үчүн? «Анткени Көрүнбөгөндү [Кудайды] көрүп тургандай туруктуу болгон» (Еврейлер 11:24, 25, 27). Муса пайгамбар Алла-таалага бекем ишенген киши болгон. Ал байлыкка, атак-даңкка, бийликке ээ болгонго эмес, Кудайдын ырайымына ээ болгонго умтулган, ошондуктан Кудай ага батасын берген. Эгер силер да ушундай кылсаңар, Кудай силерге да батасын төгөт.

Шайтан ар кандай ыкмаларды колдонуп, силерди тузакка түшүрүүгө умтулушу мүмкүн. Бирок ага жем болуп калбаганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ыйык Китепте: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп жазылган (Жакып 4:7). Шайтанга канткенде каршы тура аласыңар?

Ыйык Китепти изилдөөнү токтотпогула. Ыйык Китепти күн сайын окугула. Анда жазылгандарды терең изилдегиле. Андагы кеңештерди иш жүзүндө колдонгула. Ушундай кылсаңар, «Кудай берген бардык курал-жарактарды алып», Шайтанга каршы тура аласыңар (Эфестиктер 6:13).

Кудайга чындап ишенген адамдар менен мамиле түзгүлө. Ыйык Китепти окуп-изилдеген жана андагы кеңештерди иш жүзүндө колдонгон адамдарды издегиле. Андай адамдар бири-бирине «көңүл бөлүп», бири-бирин «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөшөт». Алар силерге Кудайга чындап ишенгенге жардам беришет (Еврейлер 10:24, 25).

Кудайга ишенгендер менен мамиле түзгүлө

Жахаба Кудайга жакындагыла. Кудайдан жардам сурап тиленгиле, ага толугу менен таянгыла. Кудайдын силерге жардам бергиси келерин эч качан унутпагыла. «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:6, 7). «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Корунттуктар 10:13).

Шайтан бир да адам Кудайга берилгендигин сактабайт, кыйналганда андан баш тартып кетет деп ырастап келет. Бирок силер Шайтандын жеткен жалганчы экенин далилдей аласыңар! Кудай: «Акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем»,— деген (Накыл сөздөр 27:11). Кудайга ишенериңерди далилдегенге чечкиндүү болгула!