Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Ыйык Китеп эмнеси менен пайдалуу?

Ыйык Китеп эмнеси менен пайдалуу?

Дээрлик баарыбыз эле: «Эмне үчүн жаралганбыз? Эмне үчүн азап тартабыз? Эмне үчүн өлөбүз? Келечегибиз кандай болот?» — деп ойлонобуз. Ошондой эле: «Зарыл нерселерге жеткидей акча табыш үчүн эмне кылсам болот? Үй-бүлөм канткенде бактылуу болот?» — деп да тынчсызданабыз. Көптөр Ыйык Китептен * ушу сыяктуу жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп алышты. Андан тышкары, күнүмдүк жашоосуна керектүү кеңештерди да табышты. Кандай деп ойлойсуң, Ыйык Китептин сенин жакындарыңа да пайдасы тийиши мүмкүнбү?

1. Ыйык Китепте кандай суроолордун жообу бар?

Анда мындай маанилүү суроолорго жооп берилет: «Жашоо кантип башталган? Эмне үчүн жаралганбыз? Бейкүнөө адамдар эмне үчүн азап тартышат? Адам өлгөндө эмне болот? Баарынын тилегени тынчтык болсо, анда эмне үчүн согуш көп болуп жатат? Келечекте Жер жок болуп кетеби?» Ыйык Китеп ушул сыяктуу суроолорубузга жооп тапканга чакырат. Миллиондогондор ал китептен ушундай суроолоруна канааттандырарлык жооп алышты.

2. Ыйык Китеп кубанып жашаганга кантип жардам берет?

Ыйык Китепте жакшы кеңештер бар. Мисалы, үй-бүлө канткенде бактылуу болору айтылат. Ыйык Китеп стресс менен күрөшкөнгө, жумушту көңүлдөнүп аткарганга да жардам берет. Бул адабиятта жазылгандарды талкуулап жатканда ушулар тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын көбүрөөк биле аласың. Ошондо «бардык Жазма... [Ыйык Китепте жазылгандардын баары] пайдалуу» экенине ынанасың (2 Тиметей 3:16).

Бул адабият Ыйык Китептин ордуна колдонулбайт. Тескерисинче, аны изилдегенге түрткү берет. Ошондуктан биз сени бул адабиятта берилген аяттарды окууга жана аларды окуп-билгендериң менен салыштырууга чакырабыз.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Ыйык Китептин көптөргө кантип жардам бергенин, аны кантип кызыктуу кылып окуса болорун, кимдир бирөө менен чогуу талкуулоо эмне үчүн пайдалуу экенин биле аласың.

3. Ыйык Китеп бизге туура жол көрсөтөт

Ал кол чыракка окшош. Анын жардамы менен туура чечимдерди чыгара алабыз. Келечекте эмнелер болорун билебиз.

Окугула: Забур 119:105. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Бул сөздөрдү жазган киши Ыйык Китепке карата кандай ойдо болгон?

  • Сен кандай ойдосуң?

4. Ыйык Китептен суроолорубузга жооп ала алабыз

Бир аял көп жылдардан бери ойлондуруп келген суроолоруна Ыйык Китептен жооп тапкан. ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроолорду талкуулагыла:

  • Видеодогу аялдын кандай суроолору болгон?

  • Ыйык Китепти изилдегени ага кандайча жардам берген?

Ыйык Китеп бизди суроо берүүгө үндөйт. Окугула: Матай 7:7. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китептен жооп алгың келген кандай суроолоруң бар?

5. Ыйык Китепти окуу сага да кызыктуу болот

Көптөр аны кызыгып окуп, пайдасын көрүп жатышат. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Видеодогу жаштар мурун китеп окууга кандай карашчу?

  • Эмне үчүн алар Ыйык Китепти кызыгып окушат?

Ыйык Китепте жазылгандар бизди сооротуп, үмүт берет. Окугула: Римдиктер 15:4. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китептен сооронуч, үмүт бере турган убадалар жөнүндө билгиң келеби?

6. Башкалар Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам бере алат

Көптөр Ыйык Китепти өз алдынча окугандан сырткары, аны кимдир бирөө менен талкуулоо пайдалуу экенин байкашкан. Окугула: Элчилер 8:26—31. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китепти түшүнүш үчүн эмне кылыш керек? (30, 31-аяттарды кара.)

Эфиопиялык киши Ыйык Китепти түшүнүш үчүн жардамга муктаж болгон. Көптөр Ыйык Китепти бирөө менен талкуулаган пайдалуу экенине кошулушат.

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Ыйык Китепти изилдесең, убактың текке кетет».

  • Сен аларга эмне дейт элең? Эмне үчүн?

НЕГИЗГИ ОЙ

Ыйык Китепте күнүмдүк жашоого керектүү кеңештер, маанилүү суроолордун жообу, сооронуч, үмүт бере турган сөздөр жазылган.

Кайталоо

  • Ыйык Китепте кандай кеңештер жазылган?

  • Андан кандай суроолорго жооп ала алабыз?

  • Сен Ыйык Китептен эмнелерди билгиң келет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Ыйык Китептеги кеңештер бүгүнкү күндө колдонорлук экенин окуп көр.

«Ыйык Китеп — көөнөрбөс акылмандыктын булагы» («Күзөт мунарасы», № 1 2018)

Кичинекейинен өзүн жөндөмсүз сезген кишиге Ыйык Китептин кантип жардам бергенин көр.

«Жаңы жашоо башташым» (2:53)

Ыйык Китептеги үй-бүлө үчүн пайдалуу кеңештерди окуп көр.

«Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры» («Ойгонгула!», № 2 2018)

«Дүйнөнү ким башкарат?» — деген суроого ар ким ар кандай жооп берет. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин бул видеодон биле аласың.

«Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» (толугу) (3:14)

^ 3-абз. Ыйык Китеп өз ичине Тоорат, Забур, Инжилди камтыйт.