Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Илим жана Башталыш китеби

Илим жана Башталыш китеби

Көптөр Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүү илимге карама-каршы келет деген ойдо. Бирок мындай карама-каршылыктарды илим менен Ыйык Китептин ортосунан эмес, илим менен фундаменталисттик христиан диндеринин көз караштарынын ортосунан байкоого болот. Айрым фундаменталисттер Аалам жана андагынын баары 24 сааттан турган алты күн аралыгында болжол менен 10 000 жыл мурун жаратылган деп ырасташат.

Бирок Ыйык Китепте андай ой айтылбайт. Болбосо, өткөн кылымдарда жасалган илимий ачылыштардын көбү Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине шек туудурмак. Ыйык Китепти кылдаттык менен изилдөө анын далилденген илимий фактыларга каршы келбесин аныктоого жардам берет. Ошол себептүү Жахабанын Күбөлөрү фундаменталисттердин жана креоционисттердин көз караштарына кошулбайт. Келгиле, Ыйык Китепте чынында эмне делерин карап чыгалы.

Башталыш китебинде Аалам жана Жер бир нече миң жыл мурун 24 сааттан турган кадимки 6 күндүн ичинде жаратылган деп айтылбайт

«Эң башында...»

Ыйык Китептин Башталыш китеби: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген жөнөкөй, түшүнүктүү сөздөр менен башталат (Башталыш 1:1). Бул аятта жазылган иш-аракет, Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын ою боюнча, 3-аяттан баштап баяндалган жаратуу күндөрүндөгү иш-аракеттердин катарына кирбейт. Буга көңүл бурбай коюуга болбойт. Себеби Ыйык Китептин алгачкы сөздөрүнөн Аалам, анын ичинде Жер да жаратуу күндөрү башталганга чейин эле бар болгону көрүнүп турат.

Геологдордун эсептөөсү боюнча, Жер 4 миллиард жыл мурун жаралган. Ал эми астрономдор Аалам болжол менен 15 миллиард жыл мурун пайда болгон дешет. Бул ачылыштар же келечекте жасала турган ачылыштар Башталыш 1:1деги маалыматка карама-каршы келиши мүмкүнбү? Жок. Ыйык Китепте «асман менен жердин» жаратылганына канча жыл болгону айтылбайт. Ошондуктан илим Ыйык Китептин билдирүүсүн төгүнгө чыгара албайт.

Жаратуу күндөрү канча убакытка созулган?

Жаратуу күндөрү канча убакытты камтыган? Ал күндөр 24 сааттан турду беле? Айрымдар Башталыш китебин жазган Муса пайгамбар алты жаратуу күнүнөн кийинки күндү Ишемби күнүнүн үлгүсү катары алгандыктан, жаратуу күндөрүнүн ар бири 24 сааттан турууга тийиш деп ырасташат (Чыгуу 20:11). Башталыш китебинде бул ойду ырастаган маалымат барбы?

Жок. Эврей тилиндеги «күн» деп которулган сөз 24 саатка созулган убакытты эле эмес, ар кандай убакыт аралыгын да билдирет. Мисалы, Муса пайгамбар Кудайдын жаратууга байланыштуу иштерин жыйынтыктап, 6 жаратуу күнүн жалпы жонунан бир күн деп койгон (Башталыш 2:4, «ЖД»). Андан сырткары, жаратуунун алгачкы күнүндө «Кудай жарыкты „күн“, караңгыны „түн“ деп атаган» (Башталыш 1:5). Бул жерде «күн» деп 24 сааттын жарымы гана айтылып жатат. Демек, Жазма боюнча, ар бир жаратуу күнү 24 саатка созулган деп ырастоого эч кандай негиз жок.

Анда жаратуу күндөрү канча убакытка созулган? Бул тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт, бирок Башталыш китебинин 1, 2-бөлүмдөрүнөн алардын узак убакытка созулганы көрүнүп турат.

Алты жаратуу «күнү»

Муса билдирүүсүн эврей тилинде жазган жана окуялардын жүрүшүн жерден карап турган адамдын көз карашы менен сүрөттөгөн. Ушуларды жана Ааламдын жаратуу маалы же «күндөрү» башталганга чейин эле болгонун эске алуу жаратууга байланыштуу талаш суроолордун көбүнүн чечилишине өбөлгө түзөт. Кандайча?

Бир «күндө» башталган окуя-кубулуштар экинчи же андан кийинки «күндөрдө» да улана берген

Башталыш китебиндеги билдирүүнү кылдат карап чыксак, бир «күндө» башталган окуя-кубулуштар экинчи же андан кийинки «күндөрдө» да улана бергенин көрөбүз. Алсак, Күн биринчи жаратуу «күнү» баштала электе эле бар болчу. Бирок анын жарыгынын жер бетине жетишине, кыязы, булуттун калың катмары тоскоолдук кылган (Аюб 38:9). Биринчи «күнү» болсо булут катмары суюла түшкөндүктөн, атмосферадан аз-аздан жарык өтө баштаган a.

Экинчи «күнү» да атмосферанын тазарышы улана бергендиктен, калың булут катмары менен океандын ортосунда мейкиндик пайда боло баштаган көрүнөт. Ал эми төртүнчү «күнү» атмосфера «асман мейкиндигинде» Күн менен Ай көрүнгөнчөлүк тазарып калган (Башталыш 1:14—16). Башкача айтканда, жерден караган адамга Күн менен Ай көрүнө баштаган. Булардын баары акырындык менен болгон.

Башталыш китебиндеги билдирүүдө бешинчи «күнү», атмосфера дагы деле тазаланып жаткан маалда, ар кандай асман канаттуулары, алардын ичинде жаргак канаттуулар пайда боло баштаганы айтылат.

Ыйык Китептеги билдирүү ар бир жаратуу «күнүндө» болуп өткөн негизги окуялардын дароо эмес, бара-бара ишке ашканын, алардын айрымдары кийинки «күндөрү» да уланышы мүмкүн болгонун түшүнүүгө жардам берет b.

«Өз түрү боюнча»

Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бара-бара пайда болушу Кудайдын аларды түр-түрү менен жаратыш үчүн эволюцияны колдонгонун билдиреби? Жок. Ыйык Китепте өсүмдүктөр менен жаныбарлардын негизги «түрлөрүнүн» баарын Кудай өзү жаратканы ачык-айкын эле айтылат (Башталыш 1:11, 12, 20—25). Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын алгачкы «түрлөрү» чөйрөгө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгонбу? «Түрлөрдүн» ич ара бөлүнүшүнө кандай чектөөлөр коюлган? Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе айтылбаганы менен, анда тирүү организмдердин «түр-түрү менен жаратылганы» белгиленет (Башталыш 1:21). Демек, «түрдүн» ичинде майда түрлөргө бөлүнүшүнө белгилүү бир чек коюлган. Палеонтологиялык билдирүүлөр менен изилдөөлөрдөн өсүмдүктөр менен жаныбарлардын негизги түрлөрү узак убакыт аралыгында болор-болбос гана өзгөргөнү тастыкталган.

Илимий изилдөөлөр тирүү жандыктардын баарынын «түр-түрү менен жаратылганын» тастыктоодо

Айрым фундаменталисттердин ырастоосунан айырмаланып, Башталыш китеби Аалам, Жер жана андагы тирүү организмдер салыштырмалуу жакында эле, кыска мөөнөт ичинде жаратылган деп окутпайт. Чынында, Башталыш китебинин Ааламдын жана Жердеги тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү билдирүүсү көптөгөн акыркы илимий ачылыштарга төп келет.

Окумуштуулардын көбү философиялык көз карашка кармангандыктан, Ыйык Китептеги бардыгын Кудай жараткан деген ырастоону четке кагышат. Бирок, кызыктуусу, байыркы китепте — Башталыш китебинде — Муса пайгамбар Ааламдын башталышы болгонун жана тиричилик бир канча убакыт бою кезек-кезеги менен, акырындык менен жаратылганын жазган. Ал мындан 3 500 жылдай мурун илимий жактан так маалыматты кайдан алган? Мунун бир гана жообу бар: ага илимий жактан так маалыматты асман менен жерди теңдешсиз акылмандыгы жана кудурети менен жараткан Кудай гана бере алмак. Бул Ыйык Китептин «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганын» дагы бир ирет далилдейт c (2 Тиметейге 3:16).

Ыйык Китептеги жаратууга байланыштуу маалыматка ишенүү маанилүүбү? Келгиле, буга байланыштуу орчундуу себептерди карап көрөлү.

a Биринчи «күндө» болгон окуялар сүрөттөлгөндө, кадимки жарыкка карата эврей тилиндеги ор деген сөз, ал эми төртүнчү «күндө» жарыктын булагын билдирген маор деген сөз колдонулат.

b Мисалы, алтынчы жаратуу күнүндө Кудай адамдарга: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула»,— деген буйрук берген (Башталыш 1:28, 31). Бирок адамдар кийинки «күнгө» чейин көбөйүп кетишкен эмес, атүгүл укумдап-тукумдап башташкан эмес (Башталыш 2:2).

c Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн jw.org/ky сайтындагы «Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?» деген тасманы көргүлө.